ЭЕ/АҮ

Соңку жаңылыктар

News KY ↓ 250 episodes

Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.

Author

ЭЕ/АҮ

Category

News

Podcast website

www.azattyk.org

Latest episode

Jul 10, 2026

Where to listen?

Podcasts in the app Replaio Radio Coming soon

Podcasts are coming to the app soon. Install now and be the first to see a whole new take on podcasts

Get it on Google Play Install for free Android 5M+ downloads · 4.8 rating iOS soon

Episodes

Жаңылыктар | 04.10.2025 | Садыр Жапаров өлүм жазасын киргизүүдө элдин макулдугу сураларын айтты 04.10.2025

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда өлүм жазасы киргизиле турган болсо бул эл менен кеңешилип чечилерин 4-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде билдирди. Ал жазанын катаал түрүн киргизүүгө соңку жылдары балдарга жана кыз-келиндерге зордук-зомбулук көрсөтүп өлтүргөн учурлардын көбөйүшү себеп экенин белгиледи. Жапаров адам өлтүрүү жана зордуктоо боюнча соңку беш жылдагы статистикалык маалыма...

Жаңылыктар | 03.10.2025 | Украина куралдын бир нече түрүнүн жапырт соккусуна кабылды 03.10.2025

Украинада Орусиянын 2-октябрдагы куралдын бир нече түрүнөн аралаш соккуларынан Донецк, Харьков жана Херсон облустары жабыркаганын, жапырт аткылоонун кесепетинен бир кишинин өмүрү кыйылып, 11 киши жараат алганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты.

Жаңылыктар | 02.10.2025 | Израил Газага жардам жеткирип бараткан гуманитардык кемелерди токтотту 02.10.2025

Израилдин аскер-деңиз флотунун кемелери Газага жардам жеткиребиз деген ураан менен жолго чыккан активисттердин бир нече кемесин токтотконун 1-октябрдын кечинде өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, аларга зыян келтирилген жок, ичиндеги адамдар израилдик портторго жеткирилди.

Жаңылыктар | 01.10.2025 | Кыргызстанда пенсия жогорулады: бир айлык керектөөгө жетеби? 01.10.2025

Кыргызстанда пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 1-октябрдан тарта 10% көбөйдү. Министрлер кабинетинин августтагы токтомуна ылайык, камсыздандыруу бөлүгү 50 миң сомго чейин болгон пенсия 10%, бирок 600 сомдон кем эмес жогорулайт. Камсыздандыруу бөлүгү 50 миң сомдон жогору болсо – 5000 сомдон көп эмес жогорулайт. Ушул жана башка жаңылыктарды "Азаттыктын" кечки радио берүүсүнөн уга аласыз.

Жаңылыктар | 30.09.2025 | Трамптын планы Газага тынчтык орнотобу? 30.09.2025

АКШнын президенти Дональд Трамп 29-сентябрда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну кабыл алып, Газа секторундагы абалды жөнгө салуу боюнча тынчтык планын талкуулады. Бул Трамп президентке киришкен быйылкы жылдын январынан бери Нетаньяхунун Вашингтонго төртүнчү сапары болду.

Жаңылыктар | 29.09.2025 | Москва облусуна дрон чабуулу, эки киши каза болду 29.09.2025

Москва облусунун Воскресенск шаарында учкучсуз учактардын соккусунан турак үйдө өрт чыгып, эки киши каза болгонун облус губернатору Андрей Воробьев билдирди. Алардын бири 76 жаштагы аял жана анын 6 жаштагы небереси. Воробьев дрон турак үйгө сокку урдубу же аны атып түшүрүү учурунда сыныгы тийдиби ачыктаган жок.

Жаңылыктар | 28.09.2025 | Орусия Украинага 500дөй дрон, 40тан ашык ракета учурду, төрт киши каза болду 28.09.2025

Украинанын президенти Владимир Зеленский 28-сентябрга караган түнү Орусиянын армиясы 500гө чукул дрон, 40тан ашуун ракета менен чабуул койгонун билдирди. Киевде соккулар төрт кишинин өмүрүн алды, бир нече киши жарадар болду.

Жаңылыктар | 27.09.2025 | Казак-орус чек арасы: жүк ташыган айдоочулардын айласы кетти 27.09.2025

Жыйырмадан ашык айдоочу 27-сентябрда Чүйдүн Кант шаарында жайгашкан Д-2 жүк жиберүүчү компаниясынын кеңсесинин алдына чогулду. 4-сентябрдан 10-сентябрга чейин ушул жерден жүк алып, Орусияга жөнөгөндөр казак-орус чек арасынан өтө албай турганына нааразы.

Жаңылыктар | 26.09.2025 | Бишкек мэриясы жол тыгыны күчөтүлгөн тартипте көзөмөлгө алынарын билдирди 26.09.2025

Бишкек шаарынын мэриясында калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында калаадагы жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча штабдын жыйыны өттү. Ушул жана башка жаңылыктарды "Азаттыктын" кечки радио берүүсүнөн угуңуз.

Жаңылыктар | 25.09.2025 | Зеленский Путин менен Казакстанда жолугууга даяр 25.09.2025

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путин менен Казакстанда жолугууга даяр экенин АКШдагы сапары учурунда билдирди. Fox News телеканалынын эфиринде журналисттин орус-украин сүйлөшүүлөрү тууралуу суроосуна жооп берип жатып ал жолугушуу үчүн нейтралдуу аянтча катары сунушталган бир катар өлкөлөрдү атады. Ушул жана башка жаңылыктарды "Азаттыктын" кечки радио берүүсү...

Жаңылыктар | 24.09.2025 | Президент Жапаров БУУдагы сөзүндө дүйнөдөгү согуштарды токтотууга чакырды 24.09.2025

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Украинадагы согушка, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга, Ооганстандагы абалга жана башка өлкөлөрдөгү жаңжалдарга басым жасап, аларды токтотууга чакырды.

Жаңылыктар | 23.09.2025 | Жогорку Кеңешке шайлоо ноябрда өтөбү? 23.09.2025

Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн спикерлеринин жыйыны өтүп жаткан чакта Жогорку Кеңештин тармактык комитети парламенттин өзүн өзү таркатуу демилегесин колдоду. Эми бул демилге жалпы сессияда каралат. Өткөн аптада парламенттин таркашын колдогон 32 депутаттын колу чогулганы белгилүү болгон.

Жаңылыктар | 22.09.2025 | Ош: аттракциондон кулап каза болгон өспүрүм, коопсуздукка ким жооп берет? 22.09.2025

Ош шаарындагы сейил бактардын биринде аттракциондон кулап, каза тапкан 15 жаштагы өспүрүм кыздын өлүмүнөн кийин калаа бийлиги мындай жайлардагы коопсуздукту текшерүүнү буйруду.

Жаңылыктар | 21.09.2025 | Орусия: мигранттарга балдарын алып келүүгө тыюу салуу сунушталды 21.09.2025

Орусияга эмгек миграциясына баргандарды бул өлкөгө балдарын алып келүүгө тыюу салуу сунушталды. Бул тууралуу Орусия парламентинин төмөнкү палатасынын төрагасы Вячеслав Володин да билдирди. Буга чейин ушундай эле пикирин экономикалык өнүктүрүү министри Максим Решетнико да айтып, мыйзам долбоору 9-сентябрда мамдуманын кароосуна киргизилген. Соңку жылдары Орусия миграция эрежелерин катаалдатып, талап...

Жаңылыктар | 20.09.2025 | Кыргызстан Палестинанын мамлекеттүүлүгүн колдой турганын кайталады 20.09.2025

Кыргыз бийлиги Жакынкы Чыгыштагы окуяларга позициясын билдирип, Палестинанын мамлекеттүүлүгүн колдорун кайталады. Мунун алдында президент Жапаров Дохага жасалган ракеталык чабуулдарды айыптаган. Өткөн аптада БУУнун Башкы Ассамблеясында “Палестина маселесин тынчтык жолу менен жөнгө салуу жана Палестина мамлекетин түзүү боюнча декларацияны Борбор Азия өлкөлөрүнүн баары жактырды. Жакынкы Чыгыштагы кы...

Жаңылыктар | 19.09.2025 | Трамп Путинден көңүлү калганын айтты 19.09.2025

18-сентябрда АКШ президенти Дональд Трамп Британиянын премьер-министри Кир Стармер менен өткөн маалымат жыйында Владимир Путин “анын көңүлүн калтырганын” билдирди. Ушул жана башка жаңылыктарды "Азаттыктын" кечки радио берүүсүнөн угуңуз.

Жаңылыктар | 18.09.2025 | Ташиев: Борборду которууну эл чечет 18.09.2025

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарын Манас деп атоо анын идеясы болгонун жана эл да демилге көтөргөнүн айтты. 18-сентябрда шаардын аталышынын өзгөртүлүшү тууралуу маегинде Кыргызстандын борборун Манаска көчүрүү боюнча коомчулуктагы сөздөргө да комментарий берди.

Жаңылыктар | 17.09.2025 | “Ош ситинин” ишмердигин комиссия текшерет 17.09.2025

Президент Садыр Жапаров “Ош-Сити” шаарчасынын курулушу боюнча комиссия түздү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев сөз болуп жаткан шаарчадан батир алган адамдар менен жолугушууда айтканы белгилүү болду. Ал жолугушуу тартылган видео интернетке тарады. Анда Жеңишбек Токторбаев шаарчанын курулушун көрүү үчүн Ошко Бишкектен Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев, курул...

Жаңылыктар | 16.09.2025 | Израилдин танктары Газа шаарына кирди 16.09.2025

Маалыматтарга караганда, 16-сентябрга караган түнү бою ЦАХАЛ Газа шаарын бомбалады. Америкалык Axios сайты Израилдин расмий өкүлдөрүнө шилтеме менен армия тилкенин ири калаасын ээлеп алуу үчүн жердеги операциясын баштаганын жазды.

Жаңылыктар | 15.09.2025 | Шаршенбек Абдыкеримовдун 10 млрд сомдон ашык мүлкү мамлекетке алынды 15.09.2025

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Аю Холдинг” ишканасынын негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовго таандык жалпы баасы 10 млрд сомдон ашык бир катар ири соода-оюн-зоок борборлору жана өнөр жай объектилери мамлекетке алынганын билдирди.

Жаңылыктар | 14.09.2025 | Украина Ленинграддагы ири мунай заводуна сокку урганын билдирди 14.09.2025

14-сентябрга караган түндө Ленинград облусунда Орусиядагы эң ири мунай зафоддордун бири - "Киришинефтеоргсинтез" заводуна сокку урулуп, жарактан чыкканын Украинанын куралдуу күчтөрү кабарлады. Жергиликтүү бийлик Кириши шаарында бир нече учкучсуз учактар атып түшүрүлгөнүн, сыныктары кулаган кезде мунай заводунда өрт чыкканын маалымдашты. Ленинград облусунун губернатору Александр Дрозденко заводдогу...

Жаңылыктар | 13.09.2025 | Чүйдө эки баласын өлтүрүүгө шектелген аял кармалды 13.09.2025

Чүй облусунда 12 жаштагы кызын, эки жашар уулун өлтүрүүгө шектелген аял кармалды. Облустук милициянын маалыматка караганда, 12-сентябрдын кечинде үйлөрдүн биринен жашы жете элек эки баланын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Ыкчам-тергөө тобу жерине барган учурда бычак жеген 2013 (кыз) жана 2023-жылы туулган (эркек) эки баланын сөөгү табылган. Кылмышка шектелип балдардын энеси кармалып, уба...

Жаңылыктар | 12.09.2025 | Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү карылар үйүнө айланат 12.09.2025

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү мамлекетке өтөт. Өкмөт ал имаратка карылар жана балдар үйлөрү ачыларын билдирди. Мурдагы президенттин жакындары бул аракетти мыйзамсыз деп сындашууда. Израилдин бийлиги Палестин мамлекетинин түзүлүшүнө каршы экенин кайрадан кайталады. Ал тапта еврей күчтөрүнүн чабуулуна туш болгон Газа секторундагы гуманитардык абал күн санап оорлоп бара жатат...

Жаңылыктар | 11.09.2025 | Мырзакматов 43 гектар жерди кантип алган? 11.09.2025

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев мурдагы мэр Мелис Мырзакматовдун 43 гектар жери болгонун билдирди. Ал 10-сентябрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, учурда ал жерлерге байланыштуу соттошуу башталганын кабарлады. Ушул жана башка жаңылыктарды Азаттыктын кечки радио берүүсүнөн угасыз.

Жаңылыктар | 10.09.2025 | Орусияда “кара тизмеден” чыкпаган мигранттар эмне болот? 10.09.2025

Кыргызстандын 14 миң 600 жараны гана Орусияда жүрүү үчүн укуктук макамын мыйзамдаштырып, "кара тизмеден" чыкты. Алардын 8 миңдейи Москва аймагында жашагандар. Чет элдик жана жарандыгы жок адамдардын Орусиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негиздерин аныктап, укуктук абалын жөнгө салууга берилген мөөнөт аяктады.

Listen to the Соңку жаңылыктар podcast in Replaio

Radio and podcasts in one app - free, with no sign-up. Install today and do not miss the launch

Get it on Google Play

Replaio is not a podcast publisher; show names, artwork and audio belong to their authors and are distributed through public RSS feeds.