ЭЕ/АҮ

Соңку жаңылыктар

News KY ↓ 250 episodes

Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.

Author

ЭЕ/АҮ

Category

News

Podcast website

www.azattyk.org

Latest episode

Jul 10, 2026

Where to listen?

Podcasts in the app Replaio Radio Coming soon

Podcasts are coming to the app soon. Install now and be the first to see a whole new take on podcasts

Get it on Google Play Install for free Android 5M+ downloads · 4.8 rating iOS soon

Episodes

Жаңылыктар | 29.10.2025 | Израил Газага абадан сокку урду 29.10.2025
Жаңылыктар | 28.10.2025 | “Сахарово” борборунда 160 кыргызстандык кармалып турат 28.10.2025

Орусиянын “Сахарово” миграциялык борборунда ушул күндөрү Кыргызстандын 160 жараны кармалып турат. Анын ичинен 11и аялдар. Бул тууралуу Кыргызстандын акыйкатчысынын орун басары Айчүрөк Назаралиева Москва шаарына болгон иш сапарынын алкагында “Сахарово” борборуна барган учурда белгилүү болду.

Кечки радио эфир | 27.10.2025 | Трамп Борбор Азиянын лидерлерин Вашингтонго чакырды 27.10.2025

АКШнын президенти Дональд Трамп Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлерин 6-ноябрда Вашингтондо өтө турган “АКШ-Борбор Азия” (С5+1) саммитине чакырды. Бул тууралуу Казакстандын президентинин басма сөз кызматы кабарлады. Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын жана Түркмөнстандын мамлекет башчылары чакырылганы айтылды. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун басма сөз кызматы чакыруу...

Жаңылыктар | 26.10.2025 | Трамп Украинада тынчтык орнотуу келишими ишке аша турган болсо гана Путин менен жолугарын айтты 26.10.2025

АКШ президенти Дональд Трамп, Путин менен жолугушуу Украина боюнча тынчтык келишимине жетишүүгө алып келсе гана бул кадамга барарын билдирди. Трамп бул тууралуу Түштүк-Чыгыш Азияга президенттин Air Force One учагында кетип баратканда журналисттерге айткан. "Убактымды текке кетиргим келбейт" деген ал.

Жаңылыктар | 25.10.2025 | Бишкек милициясы блогер, контентмейкерлерге мыйзам бузбоо тууралуу эскертти 25.10.2025

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы блогерлерге, контентмейкер, видеомейкерлерге жана социалдык тармактын активдүү колдонуучуларына мыйзамды сактоо тууралуу эскертти. Анда соңку кездери коомдук тартипти бузган, жарандардын коопсуздугуна коркунуч жараткан, укугуна шек келтирген түз эфирлер, пранктар көбөйгөнү белгиленген.

Кечки радио эфир | 24.10.2025 | Кытай армиясынын жетекчилигинде тазалоо жүрүүдө 24.10.2025

Кытай армиясынын жетекчилигинде тазалоо жүрүүдө. Үстүбүздөгү аптада тогуз генерал кызматтарынан алынды жана коммунисттик партиянын катарынан чыгарылды. Коргоо министрлиги алар параколукка шектелип жатканын билдирди. Партиянын пленумунда экономикалык өнүгүүнү планы бекитилди жана Борбордук комитеттин жаңы мүчөлөрү шайланды.

Жаңылыктар | 23.10.2025 | Баткенде эл чек арадагы жаңы айылга көчө баштады 23.10.2025

Тажикстан менен чек араны тактоодо жери алмашууга туш келген тургундарды Баткен шаарынын четиндеги Жаңы Достук айылындагы жаңы курулган үйлөргө көчүрүү иштери башталды. Маалыматка караганда Жаңы Достукта жалпы 181 турак үй курулуп бүттү. Учурда жол, бала бакча жана башка социалдык объектилердин курулушу, суу жеткирүү, жашылдандыруу иштери жүрүүдө. 22-октябрда президенттин Баткен облусундагы өкүлчү...

Жаңылыктар | 22.10.2025 | "Асман" шаарын кытайлык компания курабы? 22.10.2025

Президенттин алдындагы инвестиция боюнча улуттук агенттик Ысык-Көлдө Асман шаарын куруу боюнча кытайлык компания менен меморандум түзүлгөнүн 21-октябрда билдирди. Мекеменин маалыматында, сүйлөшүүлөр алгач Шанхайда, кийин Бээжинде уланып, 17-октябрда улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров менен China Construction Design Institute компаниясынын башкы директору Цао Сянмин меморандумга кол ко...

Жаңылыктар | 21.10.2025 | Франциянын экс-президенти Саркози абакка камалды 21.10.2025

Франциянын мурдагы президенти Николя Саркози Париждеги Санте түрмөсүнө барды. "Ливия ишине" байланыштуу айыпталып, беш жылга соттолгон Саркози Франциянын экс-президенттеринин ичинен биринчи болуп абакка камалууда. Ал доо арызы каралганга чейин жаза мөөнөтүн бир кишилик, душу бар камерада өткөрөт.

Жаңылыктар | 20.10.2025 | Украинадагы уруш: Донбасстын тагдыры эмне болот? 20.10.2025

АКШ президенти Дональд Трамп Владимир Зеленский менен ок атышууну токтотуу талабын аткаруу үчүн Орусияга Донецк облусун берүүнү талкуулабаганын билдирди. Трамп президенттик Air Force One учагынын бортунан журналисттерге Украина жана Орусия фронттун азыркы сызыгында токтошу керектигин айтты. Буга чейин The Washington Post жогорку кызматтагы эки булакка шилтеме кылып жазгандай, Путин 16-октябрда Дон...

Жаңылыктар | 19.10.2025 |Киев менен Москва Запорожье АЭСинин аймагында ок атышпоону макулдашты 19.10.2025

Орусия менен Украина электр түйүндөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу Запорожье атомдук электр станциясынын аймагына ок атпоону сүйлөштү. Бул тууралуу Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) билдирди. Европадагы эң ири атомдук электр станциясын Орусия 2022-жылы Украинага кол салганда басып алган. Электр энергиясын өндүрүү токтотулган, бирок станцияга сырттан электр энергиясы менен камсы...

Жаңылыктар | 18.10.2025 | Трамп Украинага "Томагавк” ракетасын бербей калдыбы? 18.10.2025

17-октябрда Вашингтондо АКШ президенти Дональд Трамп Украинанын лидери Владимир Зеленский менен жолукканда Киевге “Томагавк” ракеталарын берүү тууралуу суроого так жооп болгон жок. Бул Украинанын согуштук стратегиясы жана эл аралык мамилелер үчүн маанилүү талкууну жандантты. Зеленский быйыл ушуну менен үчүнчү жолу Ак үйгө барды. Мунун алдында 16-октябрда Кремлдин өтүнүчү боюнча президент Трамп Ору...

Жаңылыктар | 17.10.2025 | Трамп менен Путин сүйлөштү. Украинадагы согуш токтойбу? 17.10.2025

АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен бейшембидеги телефондук сүйлөшүүсү жемиштүү болгонун билдирди. Бул тууралуу Трамп орус президенти менен сүйлөшөрүн Truth Social социалдык тармагына жарыя кылгандан 1,5 сааттан кийин жазды. Андан кийин Путин менен Будапештте жолугушууну макулдашканын жарыялады. АКШ президенти Путин менен баарлашуусу жана “көптөгөн маселелер” туу...

Кечки радио эфир | 16.10.2025 | Трамп Украина чабуул коюуга өтө башташы мүмкүн экенин айтты 16.10.2025

АКШ президенти Дональд Трамп Украина чабуулга өтө башташы ыктымал экенин билдирди. 15-октябрда Кошмо Штаттардын Федералдык иликтөө бюросунун директору Кэш Пател менен жолугушуудан кийинки биргелешкен пресс-конференцияда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Трамп украин тарап мындай аракетке даярданып жаткан болушу мүмкүн экенин айтты.

Жаңылктар | 15.10.2025 | Көк-Жардагы жерлерди ким мыйзамсыз саткан? 15.10.2025

Бишкек милициясы борбор калаадагы Көк-Жар конушундагы чоң жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу боюнча коррупциялык схема аныкталганын кабарлап, мурда Көк-Жар айыл аймагынын башчысы болуп турган Ноокат районунун акимин камакка алды. Милиция Көк-Жардагы 172-контурдагы жер үлүштөрү мыйзамсыз түрдө майда тилкелерге бөлүнүп, жеке турак жай курулушу үчүн деп сатылганы аныкталганын билдирди.

Жаңылыктар | 14.10.2025 | Володин "кара тизмедеги" 770 миң мигрант Орусиядан чыгарыларын билдирди 14.10.2025

Дүйшөмбүдө Орусиянын Мамлекеттик думасынын спикери Вячеслав Володин өлкөнүн аймагынан 770 миң мигрант чыгып кетүүгө тийиш экенин билдирди. Бул тууралуу Мамдуманын расмий сайтында жарыяланды. Володин бир ай мурун көзөмөл реестринде турган чет элдик жарандарга мыйзамдашууга берилген мөөнөт аяктаганын билдирип, ага үлгүрбөгөн жарандар өлкөдөн чыгып кетүүгө милдеттүү экенин белгиледи.

Жаңылыктар | 13.10.2025 | Пакистан менен Ооганстандын чек арасында атышуу болуп, бир нече жоокер өлдү 13.10.2025

Пакистан менен Ооганстандын чек арасындагы беш райондо эки тараптын күчтөрүнүн ортосунда айыгышкан атышуу болуп, бир нече жоокер өлдү. Бул тууралуу “Азаттыктын” Пакистан кызматы – “Машал” радиосу маалымдады. Радионун Пакистандын күч кызматтарындагы булактары ырастагандай, 12-октябрдын таңына карата пакистандык үч жоокер жана бир жайкын тургун мерт болуп, беш киши жаракат алды. Пакистан тараптагы а...

Жаңылыктар | 12.10.2025 | Ташиев Манас шаары келечекте борбор болуп калышы мүмкүндүгүн билдирди 12.10.2025

Жалал-Абад аталышынан Манас аталышына өзгөргөн шаардын аты жазылган стела 11-октябрдын кечинде расмий түрдө ачылды. Ага катышкан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев шаарды Манас деп атоонун себептерине токтолуп, бул стратегиялык максаттарга ылайык келерин билдирди. Ташиев мунун алдында мектеп мугалимдери менен жолугуп, анда Манас келечекте борбор болуп...

Жаңылыктар | 11.10.2025 | Жогорку Кеңешти шайлоо: 90 депутаттан 34ү кайрадан аттанды 11.10.2025

Кыргызстанда парламентке мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкер болуп катышуу ниетин билдирип Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арызын бергендердин саны бир апта ичинде 185 кишини түздү. Алардын арасында, 10-октябрдагы эсеп боюнча, Жогорку Кеңештин өзүн өзү таркаткан соңку курамында депутат болгон 34 саясатчы бар. Бардыгы шайлоого катышууга арызын өзүн өзү көрсөткөн талапкер катары тапшырышкан. Тизм...

Жаңылыктар | 10.10.2025 | Ошто жети окуучу тамакка ууланды 10.10.2025

Ош шаарында окуучулар тамак-аштан массалык ууланып, ооруканага түшкөнү белгилүү болду. Маалыматтарга караганда, шаардагы орто мектептердин биринде бир класста окуган жети окуучу мектепке жакын жердеги дүкөндөн сэндвич сатып алып жегенден кийин өздөрүн жаман сезип ооруканга карйылган. Дарыгерлер учурда алардын абалы жакшы экенин билдирди. Бул окуядан шаардык санитардык-эпидемиологиялык кызмат мекте...

Жаңылыктар | 09.10.2025 | Орусия мунай заводуна, Украина портко дрондон сокку урулганын билдиришти 09.10.2025

Орусиянын аскердик күчтөрү 9-октябрга караган түнү Украинанын аймактарын дрон менен аткылоону улантып, Одесса облусунун Черноморск шаарына сокку урду. Маалыматка караганда, порт жана энергетикалык инфраструктура жабыркаган, согуш башталганга чейин 57 миң тургуну бар шаар электр жарыгысыз калган. Аймактык аскердик администрациянын башчысы Олег Кипер билдиргендей, аба чабуулунун кесепетинен, баштапы...

Жаңылыктар | 08.10.2025 | Президент Жапаров Октябрь окуяларында Жээнбековдун бийликтен кетишинин жагдайларын айтты 08.10.2025

Президент Садыр Жапаров Октябрь окуяларынын беш жылдыгына карата “Кабар” улуттук агенттигине маек куруп, 2020-жылдагы кырдаал тууралуу айтып берди. Маекте президент 2020-жылдагы Октябрь окуяларынын өнүгүшү, өзүнүн кантип өкмөт башчы болуп дайындалганы, жаалданган жарандар менен кантип мунаса тапканы жана андан кийинки көрүнүштөр боюнча кеңири айтып берген.

Жаңылыктар | 07.10.2025 | Кышында электр жарыгы өчпөйбү? 07.10.2025

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кышка даярдык боюнча өкмөттүк жыйында электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырды. Быйылкы кургачылык жана электр энергиясын керектөөнүн өскөнүнөн улам Токтогул суу сактагычында былтыркыдан 1,6 млрд куб аз суу топтолгон. Токтогул ГЭСи электр жарыгынын 33% өндүрөт. Соңку жылдары энергетикалык кризистен чыкпай келаткан Кыргызстандын кышка камылгасы...

Жаңылыктар | 06.10.2025 | Кытайдан унаа ташуу жеңилдейби? 06.10.2025

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстан – Кытай багытында эл аралык автоунаа ташууларына уруксат берүү жеңилдетилерин билдирди. Бул тууралуу 6-октябрда аппараттык кеңешмеде айткандай, азыркы система боюнча жүк ташуучулар уруксат алуу үчүн кагаз документтерди даярдайт жана бул бюрократиялык тоскоолдуктарга жана кошумча чыгымдарга алып келет. Ушул жана башка жаңылыктарды "Азатт...

Жаңылыктар | 05.10.2025 | Кыргызстан Ооганстанга 160 тонна гумжардам жеткирди 05.10.2025

Табигый кырсыкта жапа чеккендер үчүн Кыргызстандын атынан Ооганстанга гумжардам жөнөтүлдү. Ош шаарында даярдалган жүктө 130 тонна азык-түлүк, наркы 2 млн сомду түзгөн балдардын жылуу кийим-кечеси жана күнүмдүк зарыл товарлар камтылган. 25-сентябрда коопсуздук кызматтарынын коштоосунда жолго чыккан кербен 27-сентябрда Өзбекстан аркылуу Термездеги Хайратон өткөрмө постуна жеткен. Андан ары делегация...

Listen to the Соңку жаңылыктар podcast in Replaio

Radio and podcasts in one app - free, with no sign-up. Install today and do not miss the launch

Get it on Google Play

Replaio is not a podcast publisher; show names, artwork and audio belong to their authors and are distributed through public RSS feeds.