ЭЕ/АҮ
Соңку жаңылыктар
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.
¿Dónde escuchar?
Podcasts en la app Replaio Radio Muy prontoLos podcasts llegarán muy pronto a la app. Instálala ahora y sé el primero en descubrir una forma totalmente nueva de vivir los podcasts
Episodios
Ош: Балдарына ВИЧ жуккан ата-энелердин талабы | Жаңылыктар | 10.07.2026 10.07.2026 18:34
Ошто 19 жыл мурун дарыгерлердин шалаакылыгынан ВИЧ жуккан балдардын энелери акцияга чыкты. Алар бой жеткен балдарын турак жай менен камсыз кылууну талап кылууда. Төрт айдан ашык убакыттан кийин Ирандын мурдагы жогорку лидери аятолла Али Хаменеинин сөөгү жерге берилди. Анын бийлиги репрессиялар, камоолор жана катуу саясий чектөөлөр менен эсте калды. Tez Jet авиакомпаниясынын лицензиясы жокко чыгары...
Трамп Украинага жүзүн бурдубу? | Жаңылыктар | 09.07.2026 09.07.2026 21:52
Киев орусиялык баллистикалык ракеталардын мизин кантип кайтарат? Трамп Украинага Пэтриот системаларынын ракеталарын чыгаруу үчүн лицензия берилерин айтты. Ал арада Казакстан өз аймагынан Орусияга дрон учурулганы жөнүндө маалыматтарды төгүндөдү. Орус медиасындагы мындай маалыматты “негизсиз жалаа” деп атады. Бишкектен Раззаков шаарына учуп барган “Асман эйрлайнс” авиакомпаниясынын учагы техникалык...
“ТезЖеттин” учагы эмнеге кырсыкка кабылды? | Жаңылыктар | 08.07.2026 08.07.2026 22:27
Бишкекте 190го жакын адам менен бараткан учактын кырсыктаганы Кыргызстандын авиа тармагындагы коопсуздук маселесин көтөрдү. Өзбекстан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу май сатууга макул болду, эми кыргыз өкмөтү Казакстандан жооп күтүүдө. Ирандын Ормуз кысыгындагы жарандык кемелерге чабуул койгонуна жооп катары, америкалык аскерлер Ирандагы объекттерге сокку урду.
Бишкекте TezJet компаниясынын учагы кырсыкка кабылды | ЖАҢЫЛЫКТАР | 07.07.2026 07.07.2026 2:53
Бишкекте Атайын кызматтын төрагасынын мурдагы орун басары Уранбек Шадыбеков жана мекеменин буга чейинки төрт кызматкери кармалды. Ал тапта Улуттук коопсуздук комитет Баткендеги “Кадамжай” жана “Чечме” бекеттеринде “пара алууга” айыптап чек арачылар баш болгон 41 кишини кармады. “Альфа” тобунун кызматкерлери катышкан операцияда ок атылганы айтылууда. Киевге жасалган соңку ири чабуулдан курман болго...
Оштогу уруш боюнча кылмыш иши козголду | Жаңылыктар | 06.07.2026 06.07.2026 19:10
Украинанын борбору Киевге жасалган чабуулдан 11 киши мүрт кетип, ондогон адам жараат алды. Орусиянын ракеталардын бири Подольск районундагы тогуз кабат үйгө тийип, имарат жарым-жартылай талкаланды. Кыргызстанда буга чейин “массалык башаламандыктар”, “бийликти күч менен басып алуу” айыбы менен соттолгондордун иши кайра каралышы керекпи? Ташиевдерге пробациялык жаза берилип, эркиндикте калышы көп су...
Али Хаменеинин сөөгү жерге берилет | Жаңылыктар | 03.07.2026 03.07.2026 19:50
“75чилердин каты” боюнча чыккан сот өкүму коомчулукта бир катар суроолорду жаратууда. Иранда өлкөнү дээрлик кырк жыл башкарган жогорку лидер Аятолла Али Хаменеи менен коштошуу зыйнаты башталды. Кыргызстанда 1-июлдан тартып лицензиясы жок такси кызматын көрсөткөндөргө айып салына баштады.
Ташиевдердин иши боюнча өкүм чыгары күтүлүүдө | Жаңылыктар | 02.07.2026 02.07.2026 18:27
"75чилердин катына" байланыштуу сот жараяны уланууда. Айыпталуучуларга өкүм чыгары күтүлүүдө. Орус аскерлери өткөн түнү Киевге катуу сокку уруп, кеминде 17 кишинин өмүрү кыйылды. Москва аскердик өнөр жай ишканалары гана аткыланганын билдирди. Ысык-Көлдө сел жүрүп, Чолпон-Ата шаарында конок үйдүн короосун жана эс алуу жайынын имаратын суу каптады.
Орусиядагы бензин кризисинин Кыргызстанга таасири | Жаңылыктар | 01.07.2026 01.07.2026 17:02
Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы кызматынан алынды. Орусияда бензин кризиси тереңдеп баратат. Футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын эмки бөлүгүнө иргелип алгандарга Франция, Норвегия жана Мексика кошулду.
"75чилердин иши": Сот кандай чечим чыгарат? | Жаңылыктар | 30.06.2026 30.06.2026 15:52
“75чилердин” катына байланышкан сот жараяндын башталганына бир жарым ай болду. Москва шаарынын жана Подмосковьенин бийлиги өткөн түнү украиналык дрондор атып түшүрүлгөнүн билдирди. Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын плей-офф баскычынын оюндары башталды.
Ташиев баштаган айыпталуучуларга тогуз жыл жаза суралды | Жаңылыктар | 29.06.2026 29.06.2026 17:43
“75чилердин каты” боюнча сот отурумунда прокурорлор судьядан шектүүлөрдү 9 жылдан абакка кесүүнү сурады. Венесуэлада жер титирөөдөн каза тапкандардын саны бир жарым миң адамга жетти. Маалымат каражаттары 50 миңден көп киши дайынсыз болуп жатканын кабарлоодо. Кыргызстанда күйүүчү майга байланышкан көйгөй күчүндө. Айрым май куюучу жайларда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин сатылбай калды.
Зеленский Лукашенкону коркуттубу? | Жаңылыктар | 26.06.2026 26.06.2026 16:45
Венесуэладагы катуу жер титирөөдө кеминде 235 киши каза тапты. Депутат Нурбек Сыдыгалиев Инвестиция агенттигинин мурдагы жетекчиси Фархат Иминовду жана “Кыргызкөмүр” ишканасынын экс-директору Кайрат Маматовду коррупцияга айыптады. Украин президенти Владимир Зеленскийдин эскертүүсүнөн кийин Беларус өз аймагындагы орус дрондоруна жардам көрсөткөн жабдууларды өчүрдү.
Ошто сел алты кишинин өмүрүн алды | Жаңылыктар | 25.06.2026 25.06.2026 21:25
Венесуэлада катуу жер титирөө бери дегенде 32 кишинин өмүрүн алып, 700дөн ашык киши жараланды. Борбор шаар Каракаста жана айланасындагы конуштарда көп кабаттуу үйлөр урап калды. Ош-Гүлчө жолунда жеңил машинени сел агызып, ичиндеги алды киши каза тапты. Жаздан бери өлкөдө сел кырсыктар көп катталып, аймактарда коопсуздук маселеси күн тартибине чыгууда. Президент Ат-Башыдагы “Чар” эс алуу жайынын ай...
Маматалиев "75чилердин катынын" сырын ачтыбы? | Жаңылыктар | 24.06.2026 24.06.2026 21:34
Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо келерки жылы 27-январда болот. Бул туурасында билдирген парламент спикери бүгүн кайрадан "75чилердин катынын" тобокелдигине токтолду. Кыргызстанда бензиндин кымбаттап, аны тамак-аштын баасы да ээрчип баратат. Эл кандай күн көрүп жатат? Оогандык качкындар үйүнө кайтабы? Талиптердин Европага визити жана оогандык мигранттарды мекенине күчтөп кайтаруу демилге...
Ширшовдун фонду эмнени көздөйт? | Жаңылыктар | 23.06.2026 23.06.2026 23:52
Баткен районунда селден улам өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Британиялыктар Еврошаркеттен чыгуу жолун тандаганына 10 жыл болду. Кыргызстанда “Ширшов” коомдук фонду ачылды. Ширшов коомдук ишке активдүү катышуу менен эмнени көздөйт?
Ташиевдердин иши сотто кайра жабык каралууда | Жаңылыктар | 22.06.2026 22.06.2026 28:31
“75чилердин каты” боюнча иш сотто кайра жабык каралмай болду. Муну айрым айыпталуучулар колдосо, башкалары каршы болду. АКШ менен Иран 60 күндүн ичинде тынчтык келишимине жетүү боюнча жол картасын макулдашты. Сүйлөшүүлөр аяктаган күнү эле Израил Ливандагы операцияларын улантарын жарыялады. Аскар Акаев президенттин мөөнөтүнө байланыштуу сөзүнө түшүндүрмө берди. Анын Ысык-Көл эл аралык форумунда айт...
Аскар Акаевдин Ысык-Көлдөгү талкуу жараткан билдирүүсү |Жаңылыктар | 19.06.2026 19.06.2026 24:33
Ысык-Көл форумуна келген Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Садыр Жапаровго "кыргыз экономикалык кереметин" улантууга дагы убакыт берүү демилгесин көтөрдү. Ормуз кысыгы ачылып, кемелердин кыймылы жанданды. Москвадагы дрон чабуулунан улам “Садовод” базарында чыккан өрттөн тажикстандык соодагерлер жабыркады.
“75чилердин иши” депутаттарды козгоду | Жаңылыктар | 18.06.2026 18.06.2026 20:50
“75чилердин ишине” байланыштуу бүгүн парламент козголду. Камчыбек Ташиевге ачуу сындар айтылып, УКМКнын ишмердигин текшерүү боюнча комиссия түзүү сунушталды. Дональд Трамп менен Масуд Пезешкиан Жакынкы Чыгыштагы согушту токтотуу меморандумуна кол коюшту. Эми эки айдын ичинде толук жарашуунун шарттары иштелип чыгат. Москва акыркы эки жылдагы эң ири дрон чабуулуна кабылды. Зеленский муну Украинага ж...
Депутат мурдагы үч чиновник камалышы керектигин айтты | Жаңылыктар | 17.06.2026 17.06.2026 20:11
Депутат Сыдыгалиев “75чилердин каты” боюнча иште Ташиев баштаган үч айыпталуучу да камалышы керектигин айтты. Аларды күбө катары көрсөтмө берген эл өкүлү Элвира Сурабалдиевага психологиялык басым көрсөттү деп айыптады. Ирандын мунайын тарткан алгачкы танкер Ормуз кысыгынан өттү. АКШ менен Иран куралдуу жаңжалды токтотуу макулдашуусуна жетишкенден кийин кара майдын баасы дүйнөлүк рынокто арзандады....
Ташиевдердин иши: тергөөдөгү видео эмнеге жарыяланды? | Жаңылыктар | 16.06.2026 16.06.2026 16:10
Камчыбек Ташиевдин жана анын жакын тарапташы делген Нургазы Анаркуловдун сурагы делген видео соцтармактарга тарады. Белгисиз булактардан тараган бул видео “75чилердин каты” боюнча биринчи ачык сот отурумунан кийин жарыяланды. Украина орус мунай инфрастуктурасына соккуларын күчөттү. Мунун кесепети Орусиянын күйүүчү май базарында да сезиле баштады. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Анкара шаарында кармалг...
Ташиев ачык сотко келди, Тургунбек уулу сөз сүйлөдү | Жаңылыктар | 15.06.2026 15.06.2026 25:12
Кыргызстандын тарыхындагы дагы бир чуулуу иш – “75чилердин каты” боюнча соттук отурум ачык өтө баштады. Атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты. Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасына жазган посттон кийин Ноокен райондук милициясында бир нече саат сурак берип чыкты. АКШ менен Иран Жакынкы Чыгыштагы согушту токтотууга...
Крымга чабуул, Өзбекстандагы жарылуу | Жаңылыктар | 09.06.2026 09.06.2026 20:56
Кыргызстан авиа коопсуздук боюнча Евробиримдиктин "кара тизмесинен" чыкты. Кыргыз авиакомпаниялары бул тизмеде 20 жылдан бери жүргөн. Украин аскерлери оккупацияланган Крымга кеткен жолдорго сокку урууда. Бул арада орус аскерлеринин чабуулунан Харьковдо төрт кишинин набыт болду. “Кой-Таш ишине” байланыштуу соттолгон саясатчы Равшан Жээнбековдун уулу президентке кайрылды. Ал атасы сегиз айдан бери т...
“75чилердин иши”: Ачык сот талабы четке кагылды | Жаңылыктар | 08.06.2026 08.06.2026 23:20
“75чилердин каты” боюнча сот иши улантууда. Айыпталуучулардын отурумду ачык өткөрүү өтүнүчүн судья четке какты. Кошмо Штаттар менен Израил Иранга каршы согуш баштаганына 100 күн болду. Өткөн түнү Израил менен Иран кайрадан бири-бирине сокку урду. Кыргызстан быйыл Тажикстан менен чек арасына толук инженердик тосмо тартып бүтүрүүнү көздөп жатат. Зым тартуу иштери Тажикстандын Ворух анклавынын айлана...
Санкт-Петербург дрон чабуулуна кабылды | Жаңылыктар | 03.06.2026 03.06.2026 17:47
Санкт-Петербургда эл аралык форум башталып жатканда шаар аткылоого кабылды. Ленинград облусунун бийлиги 60тай учкучсуз аппарат атып түшүрүлгөнүн билдирди. Борбордук шайлоо комиссиясынын кыскартылган жаңы курамына Жогорку Кеңештин 5 экс-депутаты, мурдагы 3 кызматкери кирди. Боршайком канчалык көз карандысыз мекеме боло алат? Кыргызстан Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө а...
Криптовалюта базары: Президент агенттик түздү | Жаңылыктар | 02.06.2026 02.06.2026 18:41
Шаардык сот Махабат Тажибек кызынын ишин кыскартуу боюнча адвокаттын өтүнүчүн четке какты. "Циркон", "Калибр" "Искандер-М" ракеталары жана 656 дрон. Орусиянын Украинага жасаган ири чабуулунан 17 киши мерт кетип, жүздөн ашык киши жарат алды. Криптовалюта жаатында мамлекеттик саясат кандай жүрөт? Президент виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча кеңешти агенттик кылып өзгөрттү.
Ташиев баш болгон 8 айыпталуучунун соту | Жаңылыктар | 01.06.2026 01.06.2026 15:12
Камчыбек Ташиев баш болгон 8 адамдын үстүнөн соттук териштирүү бүгүн уланды. Айыпталуучуларга иш менен таанышууга бейшембиге чейин убакыт берилди. Европа өлкөлөрү, Араб Лигасы Израил аскерлеринин Ливандын ичкери аймагына басып кирүүсүн айыпташты. БУУнун Коопсуздук кеңеши чукул жыйынга чогулганы жатат. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аппарат башчысы Фарид Ниязов менен жарандык активист Адиле...
Podcasts similares
Replaio no es editor de podcasts; los nombres de los programas, las portadas y el audio pertenecen a sus autores y se distribuyen a través de canales RSS públicos