ЭЕ/АҮ

Сергек жашоо

News KY ↓ 23 episodes

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан аймагындагы өлкөлөр үчүн берүү уюштурган эл аралык мултимедиялык маалымат уюму.

Author

ЭЕ/АҮ

Category

News

Podcast website

www.azattyk.org

Latest episode

Nov 12, 2025

Where to listen?

Podcasts in the app Replaio Radio Coming soon

Podcasts are coming to the app soon. Install now and be the first to see a whole new take on podcasts

Get it on Google Play Install for free Android 5M+ downloads · 4.8 rating iOS soon

Episodes

"Уйку качып, ой басты". Жан ооругандагы кыйкырык 12.11.2025

Акыркы маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда калктын 11 пайызы психикалык бузулуулардан жабыркайт. Адистердин айтымында, соңку убакта депрессия, тынчсыздануу, ар кандай терс ойлордун кучагында калып дүрбөлөңгө түшүп, уйкусуздукка кабылгандар көбөйүүдө. Алардын белгилешинче, мындай симптомдордун айынан коомдо суицид, агрессия өңдүү түрдүү көйгөйлөр жаралышы мүмкүн. Өлкөдөгү менталдык оорусу барларга...

"Азиздердин футбол командасын түзөбүз" 31.07.2024

Парижде 28-августтан 8-сентябрга чейин Паралимпиадалык оюндар башталат. Ага Кыргызстандан төрт спортчу жолдомо алган. Алардын экөө - Гүлназ Жүзбаева менен Айтунук Жоомарт кызы "Сергек жашоо" подкастында эл аралык мелдешке даярдык, тоскоолдуктар жана колдоолор жөнүндө айтып беришти.

Кытай ыш маселесин кантип чечүүдө? 14.02.2023

Канткенде үйдүн, кеңсенин ичине кирип келген түтүндөн кантип арылабыз? "Жашыл планета" подкастынан өндүрүшү, калкы, экономикасы жагынан кыйла үлкөн Кытай мамлекети ыш маселесин кантип чечип жатканы тууралуу кеп кылабыз.

Кыргызстандагы студенттер эмне жейт? 13.07.2022

Жогорку окуу жайларда билим алган студенттердин басымдуу бөлүгү көчөдөгү тез татымдан азыктанат. Жаштардын 56% фаст-фудду даамдуу деп эсептесе, 43% убакытты үнөмдөш үчүн аны жейт, 14% студенттер тамак-аш кымбат болгондуктан тез татым азыктарын сатып аларын, 6% болсо ага көз каранды экени аныкталган.

Отунбаева: Пандемиянын сыноосунан өтүп жатабыз 17.07.2021

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева курамына кирген эл аралык комиссия пандемиянын сабактары тууралуу сентябрь айында жаңы баяндамасын жарыялаганы турат. Экс-президент баяндаманын чоо-жайын “Азаттыкка” маегинде айтып берди.

COVID-19 вирусу инсульт менен инфарктты козгоодо 02.03.2021

Коронавирус менен ооруп айыккандар арасында инсульт жана жүрөк оорусу күчөгөндөр болууда.

Көйгөйүн простатитке шылтаган эркектер 08.12.2020

"Ачык Time" подкастында эркектердин жыныстык саламаттыгын талкуулайбыз. Коногубуз - уролог, медицина илимдеринин кандидаты Нурбек Моңолов.

"Сүрөт тартканда кайгымды унутам..." 25.11.2020

Кичинекей кезинде дарыгерлердин шалаакылыгынын айынан ВИЧ илдетин жуктуруп алган Үмүтжан сыр бөлүшөт. “Азаттык” радиосу “Рейнбоу” коомдук фонду менен биргеликте алардын тагдырына арналган “Сынбайм” деп аталган баяндар сериясынын алкагында кезектеги подкастты сунуш кылат.

Тумоонун вакцинасы эмнеден коргойт? 01.09.2020

Күз келип, сасык тумоо, дем алуу органдарынын курч сезгенүүсү сыяктуу оорулар күчөйт. Ушундан улам адистер сасык тумоого каршы эмделүүнү сунуштап жатат.

Хижама - коронавирустан айыгуу жолу эмес 14.07.2020

Хижама деген эмне? Аны кимдер жасай алат? Кайсы маалда жасаса болот?

Исхар Фунлоэр: өпкө ооруларын дарылаган мыкты илимпоз эле 03.07.2020

Кыргызстанда пандемиядан каза болгон дарыгерлердин саны улам артууда. 2-июлда “Даңк” медалынын ээси, эмгек сиңирген дарыгер, өпкө, боор оорулары боюнча профессор Исхар Фунлоэр мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

"Мураттын баскан жерине гүл өсчү" 02.07.2020

Акыркы бир нече суткада каза болгон дарыгерлердин саны улам көбөйүп бара жатат.

Вирустан ажал таап, кыйналган кыргыз дарыгери 01.07.2020

Жамал Тазабекова - Кыргызстанда коронавирустан каза болгон дарыгерлердин үчүнчүсү. Кызы жана кесиптештери азыр жоготуу азабынан кыйналып турган учуру. Ал ортодо Бишкек, Чүйдө оорунун көптүгүнөн кыйналган дарыгерлер медицина системасын талкалаган реформаларга нааразы.

Пандемия деген эмне? 25.03.2020

Саламаттык сактоо министринин мурдагы орун басары Эркин Чечейбаев пандемия түшүнүгү тууралуу суроолорго жооп берет.

Вирустан сактануу жолдору 25.03.2020

Саламаттык сактоо министрлигинин Вирустарды изилдөө борборунун жетекчиси Зуридин Нурматов суроолорго жооп берет

Коронавирус тууралуу 12 суроого жооп 24.03.2020

Коронавирус деген эмне? Бул суроого Республикалык жугуштуу оорулардын клиникасынын директору Гүлжигит Алиев жооп берет.

"Кыргызстанда коронавирус катталган жок" 27.01.2020

Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык бөлүмүнүн жетекчиси Айнура Акматова азыр элди чочулатып жаткан Кытайдагы коронавируска каршы Кыргызстан эмне кылып жатканы тууралуу айтып берди.

Психологдорго кайрылгандар көбөйдү 15.10.2019

Кыргызстан 2030-жылга чейинки өнүгүү жолун аныктаган «Жаңы доорго кырк кадам» программасынын алкагында 2018-жылы «Калктын психикалык саламаттыгын коргоо жөнүндө» өкмөттүк программасын кабыл алган.

Майып балалуу энелер колдоо күтөт (аудио) 28.07.2019

Балдары тубаса майып сексенден ашуун эне Бишкекте ар кайсы батирде баш калкалап, кыйналып жашап жүрүшөт. Алар президентке, Жогорку Кеңешке жана бийлик органдарына кайрылышып, мамлекеттик ипотека системасына кошулууну суранышууда.

Жүзүмдү тирүү жандай аздектеген Любомир карыя 31.05.2019

Жүзүмдү тирүү жандай аздектеген Любомир карыя

Орозону туура тутпаган ооруйт 04.05.2019

Хирургдар орозо айында өтүнө таш толуп, уйку бези ооруп кайрылгандардын саны көбөйөрүн белгилешет. Бул айда диний жөрөлгөнү ден соолук менен айкалыштырып аткаруу үчүн кандай азыктаныш керек?

Латын америкалыктардын түсү эмнеге агыш болот? 01.02.2019

Латын америкалыктардын түсү эмнеге агыш болот?

Аба таза болсо адам бактылуу 25.01.2019

Өсүмдүктөрдүн гүлү аарылардын үнүн угат. Туздуу кыртышта өскөн чөптөн биоотун жасалды. Бактылуулук абанын сапатына көз каранды. Узун өмүрдүн гени мураска берилет.

Listen to the Сергек жашоо podcast in Replaio

Radio and podcasts in one app - free, with no sign-up. Install today and do not miss the launch

Get it on Google Play

Replaio is not a podcast publisher; show names, artwork and audio belong to their authors and are distributed through public RSS feeds.