ЭЕ/АҮ
Соңку жаңылыктар
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.
Where to listen?
Podcasts in the app Replaio Radio Coming soonPodcasts are coming to the app soon. Install now and be the first to see a whole new take on podcasts
Episodes
Жаңылыктар | 23.11.2025 | Башаламандык уюштурууга шек саналгандардын бөгөт чарасы каралууда 23.11.2025 29:59
Башаламандык уюштурууну көздөгөн деген шек менен 22-ноябрда кармалгандар бөгөт чарасын аныктоо үчүн Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жеткирилди. "Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдиргендей, соттун дарбазасы жабык турат, эч кимди киргизишкен жок. Ички иштер министрлиги кечээ, 22-ноябрда "Массалык башаламандыкка чакырган" деген негизде 27 жаштагы Темирлан Султанбеков мекемеге жеткирилгенин билд...
Жаңылыктар | 22.11.2025 | Султанбековго кылмыш иши козголду, ИИМ чуулгандуу видео таратты 22.11.2025 30:00
Ички иштер министрлиги 27 жаштагы С.Т. аттуу жаранды "массалык башаламандыкка чакырууга" байланыштуу милицияга жеткирип, тергөө иштерин баштаганын билдирди. Ушул эле күнү анын жана бир катар таанымал саясатчынын, активисттин үйүндө тинтүү жүргүзүлгөнү маалым болду. "Массалык башаламандыкка чакырган" деген негизде 27 жаштагы С.Т. аттуу жаран Ички иштер министрлигине жеткирилгенин 22-ноябрда аталган...
Жаңылыктар | 21.11.2025 | Президент Жапаров Кыргызстанда кытай жарандары көбөйгөн себебин түшүндүрдү 21.11.2025 30:00
Президент Садыр Жапаров кытай жарандары Кыргызстанга чоң долбоорлордун курулушу үчүн келип жатышканын айтып, элди түшүнүү менен кабыл алууга чакырды. Бул тууралуу мамлекет башчы Бишкекте "Алтай" шаарчасынын курулушунун башталыш аземине катышкандан кийин билдирди. Чогулган элдин азыноолак суроосуна жооп берген Жапаров кытай жарандары өлкөдө завод, темир жол, жол куруп жатканын айтты.
Жаңылыктар | 20.11.2025 | "Кыргызстанда цехтер четинен жабылууда". Тигүү тармагын сынаган Орусиянын жаңы талабы 20.11.2025 29:59
Москва талаптарын күчөткөндөн улам жүздөгөн кыргызстандык жүк ташуучу автоунаалар казак-орус чегинде такалып калган. Кыргыз өкмөтү бул жагдай ишкерлер Евразия экономикалык биримдигиндеги эрежелерди сактабаганынын айынан чыкканын, маселени жөнгө салуу аракеттери көрүлүп жатканын билдирүүдө.
Жаңылыктар | 19.11.2025 | "Ооруканага кайрылгандар өтө көп". Кыргызстанда сасык тумоо күч алды 19.11.2025 30:01
Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар көбөйдү. Жугуштуу оорулар бейтапканасында оорулуулар палатага батпай, коридорго жаткырылууда. Саламаттык сактоо министрлиги соңку апталарда өлкө боюнча тумоолоп дарыгерге кайрылгандардын саны 7966 адамга жеткенин билдирсе, эпидемиологдор сасык тумоонун пандемияга тез алдырган А түрү (H3N2) каттала баштаганын айтышты.
Жаңылыктар | 18.11.2025 | Адам өлтүрүүгө шектелип эки милиция кызматкери кармалды 18.11.2025 30:00
Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылындагы эс алуу жайында Эрлан Батыралиев аттуу жаран ур-токмокко кабылып, ошол эле күнү ооруканада каза болду. “Адам өлтүргөн” деп шектелип төрт киши кармалды, анын экөө милиция кызматкери. Маркумдун жакындары окуянын чоо-жайын айтып берип, адилет териштирүүнү талап кылууда.
Жаңылыктар | 17.11.2025 | “Бөрк ал десе, баш алгандай”. Мэрлердин жүрүм-туруму талкууда 17.11.2025 29:59
Бишкек менен Ош шаарларынын мэрлерине байланышкан соңку окуялар жалпы мамлекеттик кызматкерлердин жүрүм-туруму жана этикасына байланыштуу талкуу жаратты. Соңку кездери Кыргызстанда айрым жетекчилердин кол алдындагы кызматкерлерине, жарандарга корс мамиле жасаганы, ачык кагып-силккени көндүм адатка айланды. Мындан улам коомчулукта сын-доомат көбөйдү. Президент Садыр Жапаров дагы жетекчилерди орой б...
Жаңылыктар | 16.11.2025 | Кытайлыктар аралашкан мушташ: Коомдогу нааразылык, бийликтин жообу 16.11.2025 29:59
Чүйдүн Константиновка айылынын жанында курулуш компанияларында айдоочу болуп иштеген кыргыз жана кытай жарандарынын мушташы боюнча Кылмыш кодексинин “Бейбаштык” беренеси боюнча иш козголду. Соцтармактарда кытайлыктарга каршы маанай күчөп, бийлик жарандарды чагымга алдырбоого чакырууда.
Жаңылыктар | 15.11.2025 | Трамп Кошмо Штаттар ядролук сыноо өткөрүүгө даяр экенин билдирди 15.11.2025 30:00
Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп АКШ ядролук сыноого даярдыгын билдирди. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип бул "жакын арада" болорун айтты, бирок мөөнөтүн, чоо-жайын тактаган жок.
Жаңылыктар | 14.11.2025 | "Сазга батырган". Жапаров Атамбаевдин энергетика боюнча дооматына жооп берди 14.11.2025 30:00
Мамлекет башчысы Садыр Жапаров буга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин энергетика тармагы боюнча айткан сынына 14-ноябрда “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде жооп берди. Атамбаев Жапаровдун энергетикалык каатчылык тууралуу билдирүүсүнө байланыштуу үн каткан эле.
Жаңылыктар | 13.11.2025 | Орус-казак чек арасында узун кезек: түйшүк тарткан кыргыз ишкерлери 13.11.2025 29:59
Орус-казак чек арасында соңку үч айдан бери оор жүк тарткан унаалардын өтүшү татаалдашты. Орус тарап муну контрабандалык товарды Казакстан аркылуу Орусияга ташыган жүк ташуучулардын өтүшүнө чек коюш үчүн текшерүү күчөтүлгөнү менен түшүндүргөн. Мындай жагдай Кыргызстандын тигүү тармагына кесепетин тийгизиди. Кыргызстандык тигүүчүлөр Орусияга товарлары дээрлик өтпөй калганын, айрымдары жабыла баштаг...
Жаңылыктар | 12.11.2025 | Энергетика министри бардык майнинг фермалар ишин токтотконун айтты 12.11.2025 30:02
Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстанда бардык майнинг фермалардын иши токтотулганын билдирди. Ал коомчулукта “майнинг фермаларга электр энергиясын берип, элге болгон 5 кВт кубаттуулукту 3 кВтка чейин түшүрдү” деген сын-пикирлер айтылып жатканын мисал кылды.
Жаңылыктар | 11.11.2025 | Бишкекте жер тамдын баасы 30%, батирлердики 20% кымбаттады 11.11.2025 30:00
2025-жылдын 10 айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Бишкекте жер тамдардын баасы 30%, ал эми батирлердин баасы 20% кымбаттады. Ош шаарында жер тамдардын баасы 26%, батирлердики Бишкектегидей эле 20% өстү. Бул тууралуу Жер агенттигинин санариптик трансформация башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айдар Сукенбаев 11-ноябрда “Кабар” улуттук маалымат агенттигинде өткөн брифингде айтты. Ал башк...
Жаңылыктар | 10.11.2025 | Шайлоонун үгүтү башталды: талапкердин көбү Сокулукта, эң азы Манас шаарында 10.11.2025 30:00
Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу үгүт өнөктүгү башталды. 29-ноябрга чейин өлкө боюнча отуз округда 467 талапкер үгүт жүргүзөт. Бул жолку үгүт алдындагы айрым жагдайларга сереп салабыз.
Жаңылыктар | 09.11.2025 | Украина менен Орусия бири-бирин дрон менен аткылады 09.11.2025 30:00
Орусиянын соккусунан улам Харьков метросу эки күндөн бери иштебей турат. Белгороддогу чабуулдан 20 миңдей тургун жарыксыз калды.
Жаңылыктар | 8.11.2025 | Түркия Нетаньяхуну "геноцидге" айыптап, камоого ордер чыгарды 08.11.2025 30:02
Стамбулдун Башкы прокуратурасы Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну баш кылып 37 саясатчы, аскер кызматкерин "Газадагы геноцидге жана аскердик кылмыштарга" айыптап, камоого ордер берди. Бул тууралуу Daily Sabah агенттиги билдирди. Иликтөөдө Израилдин Газага чабуулдарынан 68 миңдей палестин, көпчүлүгү аялдар жана балдар набыт болгону жазылган.
Жаңылыктар | 7.11.2025 | “Криминал менен байланышкан”. БШК айрым талапкерлерди каттаган жок 07.11.2025 30:01
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого талапкерлерди каттоо 7-ноябрь күнү жыйынтыкталып жатат. Борбордук шайлоо комиссиясы 6-ноябрь күнү 37 кишини талапкер катары каттоодон баш тартты. БШКнын мүчөлөрү мындай чечимге криминалга тиешеси бар, акыркы беш жылда өлкө аймагында туруктуу жашаган эмес жана диний ишмердикти саясий максатта колдонгон деген жүйөлөрдөн улам келди. Катталбай калган айрым талапк...
Кечки радио эфир | 06.11.2025 | Кыргызстан алгачкы мамлекеттик криптовалюта - стейблкоин чыгарды 06.11.2025 30:02
Кыргызстанда атамекендик биринчи криптовалюта - USDKG деп аталган алгачкы стейблкоин чыгарылды. Криптовалютаны Финансы рыногун көзөмөлдөө жана тескөө кызматы каттады. Мекеменин сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, стейблкоиндин жалгыз негиздөөчүсү - Финансы министрлиги, эмитенти - "Виртуалдуу активдердин эмитенти" акционердик коому. Анын жалгыз акционери Кыргызстандын Финансы министрлиги болуп...
Кечки радио эфир | 05.11.2025 | Менчик автомектептер мамлекетке алынып, окуу 14 ай болот 05.11.2025 30:01
Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев 5-ноябрда маалымат жыйынын өткөрүп, эки күн мурда айткан сөздөрүнө түшүндүрмө берди жана унааларды каттоодогу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүүдөгү реформалар жөнүндө маалымат берди. Туманбаев 3-ноябрда Президенттин иш башкармалыгынын жыйынында 2026-жылдын башынан тартып бардык жеке менчик автомектептер жабыларын, жалаң мамлекеттик автомектептер кала...
Жаңылыктар | 04.11.2025 | Энергетика: "Чексиз тариф" токтойт, эми жарык өчпөйбү? 04.11.2025 30:00
Президент Садыр Жапаров элге электр энергиясын колдонууда "чексиз тарифке" өтүү сунушун сындап, ал азыркы шартта жол берилгис деп эсептерин анын басма сөз катчысы билдирди. Буга чейин өлкөдө күнүнө эки ирет жарыктын кубатына чектөө киргизилип, өкмөттүн мындай демилгеси коомчулукта талкуу жараткан.
Жаңылыктар | 03.11.2025 | Ооганстандагы зилзала кеминде 20 кишинин өмүрүн алды 03.11.2025 30:00
Ооганстанда 3-ноябрдагы жер титирөөдөн кеминде 20 киши каза тапты, жүздөгөнү жабыркады. Магнитудасы 6,3кө жеткен зилзаланын очогу өлкө түндүгүндөгү Мазари-Шариф шаарынын жанында жайгашкан.
Жаңылыктар | 02.11.2025 | Президент Жапаров уулунун "Берекет банкка" негиздөөчү болгону тууралуу маалымат берди 02.11.2025 30:00
Президент Садыр Жапаров жаңы ачылган “Берекет банк” жана ага уулу Нурдөөлөт Нургожоевдин негиздөөчүлөрдүн бири болгону тууралуу 2-ноябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде маалымат берди. Жаңы санарип банк ачуу сунушун Binance компаниясынын кожоюну Чанпен Чжао бергенин, президент аны мамлекеттик кылып ачууну сунуштаганда Чжао ага макул болбогонун айткан. “Марат Султановду мурдагы банкир катары ч...
Жаңылыктар | 01.11.2025 | Кыргызстанда электр энергиясынын кубаттуулугуна чектөө киргизилди 01.11.2025 29:59
Авариялык өчүрүүлөрдү алдын алуу максатында "акылдуу эсептегичтерде" эртең мененки жана кечки убактарда 5 кВт кубаттуулук 3 кВтка чейин түшүрүлүп, чектөө киргизилди.
Жаңылыктар | 31.10.2025 | Бир суткада жети өлүм. Быйыл жол кырсыгы 30% өстү 31.10.2025 30:00
Акыркы бир суткада Кыргызстанда унаа кырсыгынан жети киши каза тапты. Ош – Гүлчө унаа жолунда жүк тарткан унаа менен жеңил унаа кагылышып, беш киши мүрт кеткен. Бишкек – Ош унаа жолундагы төрт унаа кагылышкан кырсыктан эки киши каза таап, бир нечеси ооруканага түштү. Жабыр тарткандардын экөө балдар. Мунун алдында эле Бишкекте жашы жете элек балдар унаа айдап кырсыкка кабылган эки учур катталган. Б...
Similar podcasts
Replaio is not a podcast publisher; show names, artwork and audio belong to their authors and are distributed through public RSS feeds.