ЭЕ/АҮ
Соңку жаңылыктар
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.
Where to listen?
Podcasts in the app Replaio Radio Coming soonPodcasts are coming to the app soon. Install now and be the first to see a whole new take on podcasts
Episodes
Жаңылыктар | 18.12.2025 | Парламенттеги атаандашсыз шайлоо сынга алынды 18.12.2025 30:00
Жаңы шайланган Жогорку Кеңештин төрагасы баш болгон жетекчилик кызматтарга “альтернативасыз” шайлоо талкуу жаратты. Бул маселе парламенттин өзүндө көтөрүлдү. Жогорку Кеңеш төрагасы “парламенттеги жетекчилик кызматтарга алдын ала пландалып эле коюп жатасыңар” деген сындарды четке какты. Айрым депутаттар комитет төрагаларын жана анын орун басарларын шайлоодо эч кандай чектөө болбогонун, каалоосу бар...
Жаңылыктар | 17.12.2025 | "Кыргызстандын медиа платформасы" Айбек Теңизбай боюнча бийликке кайрылды 17.12.2025 30:00
“Кыргызстандын медиа платформасы” уюму жарандык активист Айбек Теңизбайдын улут аралык кастыкты козутууга шектелип камакка алынышына тынчсыздануусун билдирди. Уюмдун 17-декабрда тараткан билдирүүсүндө Теңизбайдын социалдык тармактардагы кайсы билдирүүлөрү мыйзамга каршы келери так көрсөтүлбөгөнүнө көңүл бурулган.
Жаңылыктар | 16.12.2025 | Мамлекеттик кызматкерлерге жаңы жылдык корпоратив өткөрүүгө тыюу салынды 16.12.2025 30:57
Министрлер кабинети мамлекеттик кызматкерлерге жаңы жылдык корпоративдик иш-чараларды өткөрүүгө жана жетекчилердин кол алдындагы кызматкерлерден белек алуусуна тыюу салды. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мындай тыюуну айрым жетекчилер туура эмес түшүнүп, балдарга арналган иш-чаралардын өтүшүнө каршы чыгып жатканын белгиледи.
Жаңылыктар | 15.12.2025 | Сиднейде элге ок аткандар ата-бала болгон 15.12.2025 30:00
Австралиянын борбору Сидней шаарындагы Бонди-Бич жээгинде жекшембидеги ок атуунун курмандыктары 15 кишиге жетти. Маалыматтарга караганда, ок аткандар ата-бала болгон. 50 жаштагы кишини полиция атып өлтүргөн, 24 жаштагы уулу оор абалда ооруканага жеткирилген.
Жаңылыктар | 14.12.2025 | Австралиянын Сидней шаарында ок атылып, кеминде 10 киши каза тапты 14.12.2025 30:01
Австралиянын Сидней шаарында Бонди-бич эс алуу аймагында белгисиз адамдар көчөдө туш келди ок чыгарышты. Каза болгондор жана жаракат алгандар бар. Жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлагандай, окуя жөөттөрдүн Ханука майрамын белгилөө маалында катталды. Салтанатка жергиликтүү еврей коомунун мүчөлөрү катышып жаткан. Полициянын маалыматына ылайык, "көптөгөн" курмандыктар катталды. Би-би-си полициян...
Жаңылыктар | 13.12.2025 | Түркияда кармалган кыргызстандык мугалим мекенине кайтып келди 13.12.2025 30:00
Түркияда кармалган кыргызстандык мугалим мекенине кайтып келди. Бул тууралуу Азамат Нурмат уулу өзү 13-декабрда “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 11-декабрда Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугу эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзгөн, натыйжада анын Кыргызстанга чыгып кетүүсүнө уруксат берилди.
Жаңылыктар | 12.12.25 | Рютте Орусиянын кийинки бутасы НАТО өлкөлөрү экенин айтты 12.12.2025 29:56
НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте Орусия Украинадан соң кийинки беш жылдын ичинде НАТОго мүчө мамлекеттерди аскердик бутага айлантышы мүмкүн экенин айтты.
Жаңылыктар | 11.12.2025 | Активист Айбек Теңизбай кармалды 11.12.2025 30:21
11-декабрда Чүйдүн Кой-Таш айылында активист Айбек Теңизбайды үйдөн өздөрүн укук коргоо органдарынын кызматкерибиз деп тааныштырган адамдар кармап кеткени кабарланды. Бул тууралуу “Азаттыкка” активисттин эжеси жана жакындары маалымат берип, белгисиз адамдар Айбек Теңизбайдын апасынын да уюлдук телефонун алып кетишкенин айтышты.
Жаңылыктар | 10.12.2025 | Манасчылардын чыр-чатагын атайын комиссия иликтейт 10.12.2025 30:00
Маданият министрлиги Кыргыз улуттук “Манас” театрында бир катар манасчылардын ортосунда чыр-чатак чыккандыгы тууралуу маалыматтарды иликтөө үчүн комиссия түзүлгөнүн билдирди. Социалдык тармактарда жакында эле өткөн “Жаратман манасчы” сынагына байланыштуу “Манас” театрынын жетекчиси жана манасчылар аралашкан мушташ болгону тууралуу маалыматтар тарады.
Жаңылыктар | 9.12.25 | Ташиев 5 жылда коррупциядан 300 млрд сомдон ашык каражат өндүрүлгөнүн айтты 09.12.2025 30:00
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда 2020-жылдан бери коррупцияга каршы күрөштөн мал-мүлк, каражат түрүндө мамлекетке 300 млрд сомдон ашык каражат кайтарылганын билдирди.
Жаңылыктар 08.12.2025 | Кыргызстандык тигүүчүлөр Орусияга товарларын жеткирүүдөгү тоскоолдуктарга кайрадан даттанды 08.12.2025 30:03
Кыргызстандагы тигүү тармагындагы ишканалар Орусияга товарларын жеткирүүдөгү маселелер толук чечилбей жатканын көтөрүп чыгышты. Бул тармактагы ишкерлер 1-декабрдан тарта Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдө өндүрүлгөнүн ырастаган СТ-1 деп аталган документ талап кылына баштаганын айтып чыгышты.
Жаңылыктар 07.12.2025 | БШК 12 шайлоо округу боюнча чечим чыгарып, жеңүүчүлөрдү бекитти 07.12.2025 30:00
Борбордук шайлоо комиссиясы 7-декабрдагы отурумунда дагы 12 шайлоо округундагы добуш берүүнүн жыйынтыгын таанып, жеңүүчү талапкерлерди бекитти.
Жаңылыктар | 06.12.2025 | №8 округ боюнча талаштуу чечимди Боршайкомдун жумушчу тобу карайт 06.12.2025 29:59
Борбордук шайлоо комиссиясынын жумуш тобу Жогорку Кеңешке шайлоодогу №8 округдун №5249 жана №5514 тилкелеринин жыйынтыгын жокко чыгарган аймактык комиссиянын чечимин териштирет. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди. Маалыматка караганда, арыз келип түштү, ал эртең каралат деп пландалууда.
Жаңылыктар | 05.12.2025 | Кеминдеги видео боюнча БШК кандай чечим кабыл алат? 05.12.2025 29:59
Жекшембиде өткөн шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча теришитирүүлөр соңуна чыга элек. Буга чейин 460 миң сом тууралуу сөз болуп жаткан 26-шайлоо округундагы төрт тилкенин добуштары жокко чыкканы айтылууда. Буга макул эместигин жана мындай чечимге каршы арыз жазышарын аталган округдан талапкер болгон Элдар Абакиров каршы экенин билдирди. БШК бул округ боюнча айрым маалыматтарды алганын, бирок милиция...
Жаңылыктар | 04.12.2025 | Кыргызстанда өлүм жазасын киргизүү боюнча сунуш Конституциялык сотко түштү 04.12.2025 29:59
Кыргызстанда өлүм жазасын киргизүү боюнча сунуш Конституциялык сотко түштү. Мекеме “Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбооруна корутунду бериши керек. Быйыл сентябрда 17 жаштагы окуучу кыздын мыкаачылык менен өлтүрүлгөндөн кийин президент Садыр Жапаров өлүм жазасын кайтаруу демилгесин көтөргөн. Эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары Баш мыйзамга өлүм жазасын киргизүү Кыргызс...
Жаңылыктар | 03.11.2025 | "Мунаса табыла элек". Кремлде Украина боюнча АКШ–Орусия сүйлөшүүлөрү өттү 03.12.2025 30:00
Америкалык чабармандар Стивен Уиткофф жана Жаред Кушнердин Орусия президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүсү 2-декабрда кечинде аяктады. Маалым болгондой, сүйлөшүү беш саатка жакын созулду. Уиткофф менен Кушнер сүйлөшүүдөн кийин АКШнын Москвадагы элчилигине барып, кийин аэропортко бет алган. Алар Орусиядан чыгып кеткени, Европага токтобостон түз эле АКШга учканы кабарланды. Путиндин атайын өкүлү К...
Жаңылыктар | 02.11.2025 | Кадр саясаты: Саламаттык сактоо тармагына чекист барды 02.12.2025 30:00
Президент Садыр Жапаров шайлоо бүтөрү менен бир катар кадрларды алмаштырды. Анын 1-декабардагы жарлыгына ылайык, Эркин Чечейбаев саламаттык сактоо министри кызматынын алынып, анын милдетин аткаруу буга чейин Улуттук коопсуздук комитетинин Жалал-Абаддагы башкармалыгынын жететеп келген Каныбек Досмамбетовго жүктөлдү. Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов президенттин кеңешчиси болуп дайындалды, анын орд...
Жаңылыктар | 01.11.2025 | Шайлоо: алдыга чыккандардын жарымынан көбү мурдагы депутаттар 01.12.2025 30:00
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат тутумуна парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы жарыяланды. Ага ылайык, алдыга чыккан талапкерлердин жарымынан көбү Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары. Добуш берүүгө жалпы шайлоочулардын 37% катышты. Мыйзамга ылайык, БШК шайлоонун жыйынтыгын 14-декабрга чейин жарыялашы керек.
Радио эфир | 30.11.2025 | Жапаров добуш сатып алуу толук токтобой жатканын айтты 30.11.2025 30:00
Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоодо Бишкектеги №1046 шайлоо тилкесинде добуш берип, бийлик саясий иш-чараны таза өткөрүүгө болгон шартты түзүп бергенин айтты. Мамлекет башчы айрым журналисттерге берген кыска комментарийинде добуш сатып алуу аракеттери токтобой жатканын билдирди.
Жаңылыктар | 29.11.2025 | Киев жапырт аткылоого кабылды, адам өмүрү кыйылды 29.11.2025 30:00
Орусиянын армиясы 29-ноябрга караган түнү Украинанын борбор калаасы Киев жана Киев облусу, Днепр жана Харьков аймактарын ракета жана учкучсуз учактар менен жапырт аткылады. Негизинен Киев шаары жана Киев облусу бутага алынды. Соңку маалыматтарга караганда, кеминде үч киши каза болуп, ондогону жараат алды.
Жаңылыктар | 28.11.2025 | Бакиевдин адвокаты анын ишин кайра кароо өтүнүчү менен сотко кайрылат 28.11.2025 30:00
Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иши боюнча соттун өкүмүн кайра кароо үчүн Жогорку Сотко арыз берилерин анын адвокаты Икрамидин Айткулов “Азаттыкка” билдирди. Ал качан кайрыларын тактаган жок, учурда арыз даярдалып жатканын маалымдады.
Жаңылыктар | 27.11.2025 | Күйүүчү май тартыштыгы: Кыргызстан Орусия менен жаңы келишим түздү 27.11.2025 30:00
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 2026-жылы күйүүчү майды сатып алуу жана ташуу боюнча Орусия менен жаңы келишимге кол коюлганын билдирди. Ал Орусиянын президенти Владимир Путиндин Бишкекке болгон мамлекеттик сапарында жетишилген келишим Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнө байланыштуу күйүүчү майга болгон суроо-талапты эске алуу менен түзүлгөнүн айтты. Бул...
Жаңылыктар | 26.11.2025 | "Тынчтык келишими" талкууда. Орусия Украинага соккуларын күчөттү 26.11.2025 29:58
Запорожьеге жасалган Орусиянын жапырт дрон чабуулунан ондогон имараттар жабыркап, бир нече тургун жаракат алды. Майдандагы кырдаал оор бойдон калган шартта, тынчтык сүйлөшүүлөр тууралуу талкуу уланууда. АКШ президенти Дональд Трамп тынчтык документин «план эмес, сүйлөшүүлөрдүн концепциясы» деп мүнөздөдү. Киев Вашингтон колдогон формуланы талкуулоого даяр экенин билдирип, Европа союздаштарынын да к...
Жаңылыктар | 25.11.2025 | Лейлекте Тажикстан менен алмашылган үйлөрдүн тургундары көчүрүлүүдө 25.11.2025 30:00
Баткен облусундагы Лейлек районунда кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан, коңшу өлкө менен алмашылган айылдын тургундарын жаңы конушка көчүрүү башталды. Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Кулунду айыл аймагына караштуу Максат айылынан 16 тургун ушул эле айылдын аймагында мамлекет курган үйлөргө, Саада айылынын 60 тургуну Раззаков айылындагы жаңы конушка жайгашмакчы.
Жаңылыктар | 24.11.2025 | Путиндин Бишкекке сапары: Мектептер онлайнга өтөт 24.11.2025 29:51
Бишкектеги Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) саммитине карата 25-27-ноябрь күндөрү айрым көчөлөргө чектөө киргизилип, маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлады. Ошондой эле жолдогу тыгынды болтурбоо максатында мектептер жана окуу жайлар онлайн окутууга өтөрүн маалымдады.
Similar podcasts
Replaio is not a podcast publisher; show names, artwork and audio belong to their authors and are distributed through public RSS feeds.