ЭЕ/АҮ

Соңку жаңылыктар

News KY ↓ 250 episodes

Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.

Author

ЭЕ/АҮ

Category

News

Podcast website

www.azattyk.org

Latest episode

Jul 10, 2026

Where to listen?

Podcasts in the app Replaio Radio Coming soon

Podcasts are coming to the app soon. Install now and be the first to see a whole new take on podcasts

Get it on Google Play Install for free Android 5M+ downloads · 4.8 rating iOS soon

Episodes

Курулуш министри: кызматкерлер 500 миң сомго чейин айлык алат | Жаңылыктар | 21.01.2026 21.01.2026

Президент Садыр Жапаров менен Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев декларация тапшыруу өнөктүгүнүн алкагында миллиарддык мал-мүлкүн каттады. Кыргызстанда 500 миң сом айлык акыны кимдер алат? Курулуш министри Нурдан Орунтаев айрым кызматкерлердин маянасы боюнча түшүндүрмө берди. Коңшу Казакстанда вице-президент кызматы киргизилип, жаңы парламент Курултай деп аталат. Акордо үчүн мындай өзгөрүүлө...

Чүйдө эки адам машинеде күйүп кетти | Жаңылыктар | 20.01.2026 20.01.2026

Орусиянын чабуулунан Украинанын борбору Киевде 5 миңден ашык үй жылуулуксуз калды. Буга чейин Украинада орус аскерлери чабуул кылбаган энергетикалык объект калбаганы айтылган. Бишкектеги “Анар бак” конушунун тургундары бийликке кайрылып, аларга расмий макам берүүнү суранды. Алар шаардын жаңы жасалып жаткан башкы планында конуш “аныкталбаган жер” деп белгиленип калганын айтууда. Улуттук коопсуздук...

Тажикстан: Ооганстандан кирген төрт согушкер жок кылынды | Жаңылыктар | 19.01.2026 19.01.2026

Испаниянын түштүгүндө эки ыкчам поезд кагылышып, кеминде 39 адам мерт кетти. Азырынча ыкчам поезддин вагондорунун тилкеден чыгып кетишинин себеби белгисиз. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бишкектеги реабилитациялык борбордун кызматкерлерин кармады. Алар борбордо бейтаптарды аёосуз сабап, кыйнаган деп айыпталууда. Орусиянын Камчатка жарым аралында 3 метрге чейин кар түштү. Үйлөр көмүл...

Жатаканадагы өрт: пакистандык студент каза болду | Жаңылыктар | 16.01.2026 16.01.2026

Бишкекте үч кабаттуу жеке жатаканада өрт чыгып, пакистандык студент каза болду, бири оор абалда ооруканага түштү. Укук коргоочу уюмдар Иранда 3 миңдей киши каза тапканын такталган маалыматтарга шилтеме менен маалымдады. БУУнун Баш катчысы Антонио Гутерриш тараптарды адам өмүрүнүн кыйылышына, региондогу абалдын курчушуна алып келчү кадамдарга барбоого чакырды. Айдоочулук күбөлүккө байланыштуу масел...

Куликов компаниясы менен блогердин чыры | Жаңылыктар | 15.01.2026 15.01.2026

“Куликов” кондитер үйү менен блогер Айтилек Орозбековдун ортосундагы cотко жеткен окуя элдешүү менен аяктады. Бирок бул куя мамлекеттик тил, бизнес жана жарандык активдүүлүктүн чеги тууралуу талаш-тартышка жем таштады. Ирандын сот системасынын өкүлдөрү нааразылык акциясына катышкан Эрфан Солтанини өлүм жазасына тартуу каралбаганын билдирди. Буга чейин бир катар эл аралык укук коргоочу уюмдар 26 жа...

Соловьев Борбор Азияны согуш менен коркутту | Жаңылыктар | 13.01.2026 13.01.2026

Орусиялык журналист Владимир Соловьёв согушту Украинадан тышкары жайылтуу мүмкүн экенин айтып, Борбор Азия менен Арменияны атады. Ереван Орусиянын элчисине нааразылык нотасын тапшырды. Билдирүү Борбор Азия өлкөлөрүндө түрдүү талкууларды жаратууда. Бул арада Харьковго жасалган чабуулдан төрт киши каза тапты. Суук түшкөнү Орусия Украинанын энергетикалык жайларына соккуларын күчөтүп келатат. Манас ша...

Нарында сууктан улам мектептер онлайн окууга өттү | Жаңылыктар | 12.1.2026 12.01.2026

Алдамчылык фактысына жана зомбулукка байланыштуу кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аккулу Бердиев эки айга камалды. Ирандагы толкундоолордо 500дөн көп киши өлүп, 10 минден ашык киши кармалганы кабарланды. Нарында сууктан улам мектептер онлайн окутууга өтүүдө. Аймакта дээрлик бир жумадан бери катуу суук болуп, абанын температусы -35 градустан түшпөй турат.

Иранда митингде өлгөндөрдүн саны өсүүдө | Жаңылыктар | 9.1.2026 09.01.2026

Иранда митингдер күчөп, кеминде 45 киши каза болгону кабарланды. Орусиянын армиясы Украинанын аймагына өзөктүк курал алып жүрүүгө жөндөмдүү жаңы "Орешник" баллистикалык ракетаcы менен сокку урду. Орусияда миграция саясатын катаалдаштырган кезектеги мыйзам долбоору сунушталды. Ага ылайык жугуштуу дарты бар чет элдиктер өлкөдөн тез арада депортациялынышы керек.

Министрлик “Алтай” шаарчасы курулуп жаткан жер изилденгенин билдирди | Жаңылыктар | 8.1.2026 08.01.2026

АКШ виза үчүн күрөө төлөй турган мамлекеттердин катарына Кыргызстанды кошту. Иранда экономикалык кризистен улам чыккан нааразылык акциялары күчөп, бир катар шаарларда демонстранттар менен коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда кагылышуулар уланып жатат. “Алтай” шаарчасын курулуп жаткан аймактагы пайдубал үчүн казылган чуңкурларга суунун толуп калышы ал жактан батир сатып алгандардын тынчсыздануусун жарат...

Ирандагы толкундоолордо полиция демонстранттарга ок атты | Жаңылыктар | 7.1.2026 07.01.2026

Бишкектеги “Үмүт үйү” карылар үйүндө тутанган өрт эки кишинин өмүрүн алды. 14 киши жараат алды. Ирандагы толкундоолордо коопсуздук күчтөрү демонстранттарга тикелей ок атып, жаш чыгарчу газ чачып таркатууга аракет кылды. Ошто 7 жаштагы кызына менчик мектептин айдоочусу сексуалдык ыдык көрсөтүп жүргөнүн апасы айтып чыкты. Айдоочу азыр үн ката элек. Милицияга арыз эки тараптан тең түшкөн.

Мадуро сотто тагылган айыптарды четке какты | Жаңылыктар | 6.1.2026 06.01.2026

Венесуэланын бийликтен кулатылган лидери Николас Мадуро сотто ага тагылган айыптарды четке какты. WhatsApp тайпаларда өспүрүмдөрдү белгисиз бирөө кемсинтип, ар кандай ыкмалар менен коркутуп жаткан видео тарады. Ирандагы нааразылык акцияларында өлгөндөрдүн саны отуздан ашты.

Мадуро жана аялы Нью-Йорктогу сотто | Дарыгердин шек жараткан өлүмү | Жаңылыктар | 5.1.2026 05.01.2026

Нью-Йоркто Венесуэланын президенти Николас Мадуро менен жубайынын соту болот. Бишкекте дарыгер Айгүл Зибированын өлүмү боюнча анын жакындары күмөндүү жагдайлар бар экенин билдиришти. Кыргызстанда блогерлерди тескеген жаңы мыйзам долбоору даярдалууда.

Жаңылыктар | 31.12.2025 | Айбек Теңизбай абактан чыкты 31.12.2025

20 күндөн бери камакта отурган жарандык активист Айбек Теңизбай эч жакка кетпөө тил каты менен эркиндикке чыкты. Ага “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу” деген берене менен иш козголгон. Активист андай айыпты четке каккан.

Жаңылыктар | 30.12.2025 | Владимир Путин эл аралык соттордун чечимдерин аткарууга тыюу салды 30.12.2025

Орусиянын президенти Владимир Путин эл аралык соттордун чечимдерин аткарууга тыюу салган мыйзамга кол койду. Андан сырткары, документке ылайык, эл аралык сот органдарынын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин резолюциясына же эл аралык келишимдерге негизделбеген чечимдери дагы аткарылбайт.

Жаңылыктар | 29.12.2025 | Ташиев Ысык-Көлдө жол салып жаткандарга эскертүү берди, министр айрым жетекчилерге сөгүш жарыялады 29.12.2025

Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолунун курулушуна байланыштуу жыйын өткөрдү. Анда аталган жолду куруу кечеңдеп жатканына байланыштуу өзүнүн биринчи орун басарына, "Кыргызжолтрансдолбоор долбоорлоо-изилдөө институту" ишканасынын директору менен анын орун басарына сөгүш берди. "Министр бул жолдун курулушун Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы...

Жаңылыктар | 28.12.2025 | Өкмөт кийинки жылдан тарта алтын өндүрүүнү көбөйтөт 28.12.2025

Кыргызстанда быйыл 26 тонна алтын өндүрүү пландалууда. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев "Акипресс" агенттигине курган маегинде айткан. Министрдин маалыматында, өлкөдө 2023-жылы 32 тонна, 2024-жылы 24 тонна алтын казылган. "Алтын өндүрүүнүн төмөндөшү өлкөнүн экономикасынын кайсы бир бөлүгүнө таасир этет. Биз мунун үстүндө иштеп жатабыз. Бир к...

Жаңылыктар | 27.12.2025 | Жибектин өлүмү: Ташиев укук коргоо органдарынын ишин сынга алды 27.12.2025

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Ак-Суу райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында сөз сүйлөп жатып, укук коргоо жана күч органдарынын ишин сынга алды. Ал өлкөнүн укук коргоо жана күч органдары өз милдеттерин так аткарбай жаткандыктан аялдардын, балдардын укуктары корголбой, зомбулук көрсөткөндөрдүн айынан ушундай абал жаралып жатканын айтты.

Жаңылыктар | 26.12.2025 | Согушта мерт болгон 158 миңдей орусиялыктын тек-жайы такталды 26.12.2025

Орусия Украинага кол салып, бастырып киргенден бери кеминде 158 143 орусиялык жаран мерт болду. Мындай маалыматты Би-Би-Си менен "Медиазона" басылмасы ачык булактарга таянып чогуу аныктап чыкты.

Жаңылыктар | 25.12.2025 | Bloomberg: Орусия тынчтык планына өзгөртүү киргизүүгө аракеттенет 25.12.2025

Москва Украина менен АКШнын талкууларынын жыйынтыгында даярдалган 20 пункттан турган тынчтык планга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө аракет кыларын Bloomberg Кремлге жакын булактарына таянып жазды. Аталган агенттиктин маектешинин айтымында, Москва бул пландын айрым пункттарында Орусия үчүн маанилүү жоболор көрсөтүлбөгөндүктөн, аны мындан ары сүйлөшүүлөр үчүн баштапкы негиз катары карап жатат.

Жаңылыктар | 24.12.2025 | Кадырбек Атамбаев абакта кемсинтүүгө кабылып жатканы кабарланды 24.12.2025

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кичүү уулу, Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Кадырбек Атамбаев тергөө абагындагы "Ички тартип эрежелеринин" сакталышын талап кылгандыгы үчүн абак кызматкерлери анын чачын күчтөп туруп такыр кырып салышканын 24-декабрда адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди.

Жаңылыктар | 23.12.2025 | Бактияр Орозов ичимдик ичип машина айдаганы үчүн айдоочулук күбөлүгүнөн бир жылга ажыратылды 23.12.2025

Мурдагы илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов ичимдик ичип алып машина айдаганы үчүн айдоочулук күбөлүгүнөн бир жылга ажыратылды. Бул тууралуу Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунан кабарлашты.

Жаңылыктар | 22.12.2025 | Көп аялдуулукка арызданган келинге Акыйкатчы институту жардам берет 22.12.2025

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева көп аялдуулуктун курмандыгы болгонун айтып арызданган Бишкек шаарынын тургуну, У.Х. аттуу келин менен жолукту. Омбудсмен институту арыздануучуга укуктук жана психологиялык жардам берилерин, сот иштерине мониторинг жүргүзүлөрүн билдирди.

Жаңылыктар | 21.12.2025 | Касымалиев мугалим, дарыгер, маданият кызматкерлердин айлыгы 50% жогорулай турганын айтты 21.12.2025

Мугалим, дарыгер, маданият кызматкерлердин айлыгы 50% жогорулайт. Бул тууралуу өмөт башчы Адылбек Касымалиев "Ала-Тоо 24" телеканалына бир жылдык ишинин жыйынтыгы боюнча маек берип жатып билдирди. Министрлер кабинетинин төрагасынын айтканына караганда, 1-апрелден тартып өлкөдөгү дарыгер, мугалим, маданият кызматкерлеринин айлыгы 50% көтөрүлөт. Ал эми 2026-жылдын сентябрында муниципалдык, мамлекетт...

Жаңылыктар | 20.12.2025 | Кыргызстан Еврошаркеттин санкциялары боюнча маселени талкуулады 20.12.2025

Европа Биримдигинин санкциялары Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиевдин Венгрия сапарында талкууланган негизги маселелердин бири болгонун 19-декабрда кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта айтылгандай, Амангелдиев Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто менен жолугушту.

Жаңылыктар | 19.12.2025 | Түштүк Кореянын президенти чач түшүүгө каршы күрөш баштады 19.12.2025

Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мён чач түшүүгө каршы дарылоону өлкөнүн улуттук медициналык камсыздандыруу системасынын эсебинен каржылоону сунуштады. Бул демилге коомчулукта жана эксперттик чөйрөдө кызуу талкууга себеп болду.

Listen to the Соңку жаңылыктар podcast in Replaio

Radio and podcasts in one app - free, with no sign-up. Install today and do not miss the launch

Get it on Google Play

Replaio is not a podcast publisher; show names, artwork and audio belong to their authors and are distributed through public RSS feeds.