ЭЕ/АҮ

Соңку жаңылыктар

News KY ↓ 250 episodes

Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.

Author

ЭЕ/АҮ

Category

News

Podcast website

www.azattyk.org

Latest episode

Jul 10, 2026

Where to listen?

Podcasts in the app Replaio Radio Coming soon

Podcasts are coming to the app soon. Install now and be the first to see a whole new take on podcasts

Get it on Google Play Install for free Android 5M+ downloads · 4.8 rating iOS soon

Episodes

Гезит дизайнери пикири үчүн 6 жылга кесилди | Жаңылыктар | 25.02.2026 25.02.2026

Дональд Трамп Конгресске кайрылуу жасады. Президенттин сөзүн республикачылар кол чаап кубаттаса, демократтар унчукпай отурду, айрымдары кайрылууну бойкоттошту. Эркин гезиттин дизайнери пикири үчүн 6 жылга соттолду. Жакындары ал кыргыз тилине байланыштуу пост жазганын, анын эч кандай саясий өңүтү болбогонун айтууда. Кыргызстанда кадрдык жүрүштөр уланууда. Бүгүн Жогорку Кеңеште дагы эки тармактык ко...

Эки министр эмнеге кызматтан кетти? | Жаңылыктар | 24.02.2026 24.02.2026

Украинадагы согушка төрт жыл болду. Зеленский Путин Киевди үч күндө аларын айтканын эске салды. Миңдеген чакырым алыстагы согуштун таасири. Украиндердин “Хочу жить” долбоору 800дөн ашык кыргызстандык жалданып барып, анын 180дейи набыт болгонун белгилейт. Интернетке чыккан чуулгандуу аудиодон кийин айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев кызматтан кетти. Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов иш...

Наркокартелдин анабашы “Эл Менчо” жок кылынды | Жаңылыктар | 23.02.2026 23.02.2026

Кундузбек Сулайманов депутаттык мандатын тапшырды. Камчыбек Ташиевдин отставкасынан кийин ушуну менен 3-депутат парламенттен кетти. Энергетикадагы коррупциянын көмүскө схемасын түзгөн деп айтылып келген Ширшов Москвада кыргыз делегациясына кандайча кошулуп калды? Президенттин түшүндүрмөсү. Мексикада наркокортелдин анабашы “Эл Менчо” жок кылынган соң өлкөдө зомбулук тутанды. Картелдин мүчөлөрү кооп...

Ширшов Испаниядагы Максимдин мүлкүн таап берет | Жаңылыктар | 20.02.2026 20.02.2026

Чуулгандуу Алексей Ширшов кыргыз-орус сүйлөшүүсүнө катышты. Максим Бакиевдин мурдагы өнөктөшү кыргыз өкмөтүнө кантип жардам берет? Бишкектеги талаштуу Old Bishkek долбоору убактылуу токтотулду. Бишкек мэри эмне деп эскертти. Газа тилкесинде тынчтыкты коргоого Казакстандын армиясы да катышат. Борбор Азиядан эки мамлекет «Тынчтык кеңешине» кирди.

Тургунбек уулу депутаттыктан, Токторбаев мэрликтен кетти | Жаңылыктар | 19.02.2026 19.02.2026

Жанарбек Акаев Ош шаарынын мэри кызматына киришти. Жеңишбек Токторбаев өз арызы менен кызматтан кетти. Бул арада өткөн аптада Жогорку Кеңештин төрагасы кызматынан кеткен Нурланбек Тургунбек уулу депутаттык мандатын тапшырды. Түштүк Кореянын мурдагы президенти Юн Сок Ёл өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажырады.

Ташиевдин жакын тарапташтары кармалдыбы? | Жаңылыктар | 18.02.2026 18.02.2026

Парламентте Атайын кызматтын жапырт алмашкан жетекчилигине бизнести коргоо, ишкерлерди ыксыз текшерүүнү токтотуу боюнча талаптар айтылды. Баткенде кыргыз-тажик чек арасын тактоодо алмашылган 350 гектарга жакын үлүш жана чарбалык жерлердин ордуна жер бөлүштүрүлө баштады. Швейцариянын Женева шаарында Украинадагы согушту токтотуу боюнча үч тараптуу сүйлөшүүлөр аяктады.

Ташиев өлкөдөн чыгып кетти, президенттик шайлоо 2027-жылы өтөт | Жаңылыктар | 17.02.2026 17.02.2026

Кызматтан алынган Камчыбек Ташиев чет өлкөгө убактылуу чыгып кетти. Бул арада атайын кызматтын Бишкек шаары боюнча мурдагы башчысы эки айга камалды. Конституциялык сот Садыр Жапаровдун кайрылуусун карап, президенттик шайлоо 2027-жылы өтөрүн билдирди. Азербайжанда жикчил Тоолуу Карабак жумуриятынын мурдагы өкмөт башчысы Рубен Варданян 20 жылга абакка кесилди.

Жапаров Ташиевди "кызматка келбейт" деди | Жаңылыктар | 16 02 2026 16.02.2026

"Мамлекеттик кызматка барбайт, дос бойдон калабыз." Президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди кабыл алып, сүйлөшкөнүн билдирди. Бул арада Жогорку Кеңештин комитети атайын кызматтын башчылыгына Жумгалбек Шабданбековдун талапкерлигин карап, жактырды. Мүнхен коопсуздук конференциясында Украинадагы согуш да каралды. Зеленский Украина өз жеринен баш тартпай турганын кайталады.

Жапаров-Ташиев:саясий кризис чечилеби? | Жаңылыктар | 13.02.2026 13.02.2026

Президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди кызматтан алуу чечимин түшүндүрдү. Бишкекке кайткан Ташиев өзү үн ката элек. Журналист Канышай Мамыркулова бир берене менен акталып, дагы бири боюнча күнөөлүү деп табылды. Ага үч жылдык пробация жазасы берилди. Украинада Орусиянын чабуулунан үч биртууган мерт болду. Согуштун жаңырыгы Милан-Кортинадагы кышкы Олимпиадага чейин жетти.

Парламенттеги чукул жүрүш: Экс-спикер эмнеден жазды? | Жаңылыктар | 12.02.2026 12.02.2026

Ташиевдин отставкасын улай Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетти. Ордуна Марлен Маматалиев келди. 75 кишинин кайрылуусу: Курсан Асанов, Аалы Карашев менен кошо беш киши кармалды. Бул арада Садыр Жапаров президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу Конституциялык сотко кайрылды. АКШ менен Ирандын тирешин алдын алуу үчүн дипломатиялык аракеттер уланууда. Ошол эле маалда Перс...

"Ташиев операциясы": 3 киши камалды, УКМКда жетекчилер алмашты | Жаңылыктар | 11.02.2026 11.02.2026

Бекболот Талгарбеков, Эмил Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев кармалды. Президенттик шайлоо өткөрүү демилгесин көтөргөн 75чилер милицияга чакырылды. Атайын кызматтагы өзгөрүүлөр - Камчыбек Ташиев иштен алынгандан кийин Чек ара кызматы, Күзөт кызматы өзүнчө бөлүнүп, жаңы жетекчилер дайындалды. Украинадагы уруш: Харьковдо үч наристе атасы менен кошо набыт болуп, кош бойлуу энеси ооруканага түштү. Киевде...

Ташиев кызматтан эмнеге алынды? | Жаңылыктар | 10.02.2026 10.02.2026

Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан алынды. Жапаров бул чечимин “мамлекеттик түзүмдөр ортосунда биримдикти чыңдоо аракети” деп баалады. Ташиев комментарий бере элек. Бул арада юрист Таттуубүбү Эргешбаева президенттин мөөнөтү боюнча Конституциялык сотко кайрылганын жана Консот кайрылууну кабыл алганы белгилү...

Президенттик шайлоо качан болот? | Жаңылыктар | 9.02.2026 09.02.2026

Президенттик шайлоо качан болот? 75 адамдан турган топ өлкө башчысы менен спикерге кайрылуу жолдоду. Өзгөндө аламан улак оюнун көргөнү барган бир киши каза таап, бири оор жарат менен ооруканага түштү. АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнстин Ереван менен Бакуга сапары. Серепчилер сапардын өзөгүн Трамптын Эл аралык тынчтык жана өнүгүү маршруту түзөрүн белгилешет.

Жапаров Туманбаевге катуу эскертүү берди | Жаңылыктар | 6.02.2026 06.02.2026

АКШда төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына айыпталып, кыргызстандык мигрант кармалды. Президент Садыр Жапаров өзүнүн иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевге катуу эскертүү берди. Авотомектердин айланасындагы окуя. Дагы эки менчик мектептин жетекчиси кармалды.

"Жашоо аябай кымбаттап кетти" | Жаңылыктар | 5.02.2026 05.02.2026

Чектен ашкан кымбатчылык. Депутаттар өкмөттү азык-түлүктүн баасы, батир ижарасын жөнгө салууга чакырды. Марко Рубио согушту токтотуу боюнча үч тараптуу - Украина, Орусия жана АКШ сүйлөшүүлөрү жемиштүү болгонун айтты. Human Rights Watch Кыргызстанда журналисттерге, көз карандысыз медиаларга басым күчөгөнүн билдирди.

Жапаровдун популизм боюнча сыны, депутаттардын каяшасы | Жаңылыктар | 4.02.2026 04.02.2026

Президент Жапаровдун "популизм" тууралуу сынына Жогорку Кеңеште айрым депутаттар жооп берди. Израил Газа тилкесине абадан сокку уруп, кеминде 19 адам набыт болду. АКШнын Борбор Азияга кызыгуусу. Кыргызстан тең укуктуу кызматташууга даяр.

Жакын туугандардын үч баласы сууга чөгүп кетти | Жаңылыктар | 3.02.2026 03.02.2026

Сокулукта туугандардын үч чүрпөсү сууга чөгүп, чарчап калды. Ушуну менен бир жумага жетпеген убакта беш бала суудан ажал тапты. Киев Орусиянын жапырт аба чабуулуна кабылып, Харьковдо энергетикалык объектилер бутага алынды. Айдоочулук күбөлүк боюнча талкуу токтой элек. Президент менчик автомектептер менен депутаттарды сындады.

Менчик автомектептин ээси камалды | Жаңылыктар | 2.02.2026 02.02.2026

Жогорку сот абактагы журналист Махабат Тажибек кызынын ишин карай баштады. Орусиялык компания иштетип жаткан Жерүй кениндеги кырсыктан бир адам каза тапты. Менчик автомектептин ээси Медербек Тагайбек уулу массалык баш аламандыкка шек саналып кармалды.

Кыргызстанда 1 миллионго жакын бала жакыр жашайт | Жаңылыктар | 30. 01.2026 30.01.2026

Бишкек шаардык соту эркин журналист Канышай Мамыркулованын ишин карады. Бул арада президент Садыр Жапаров Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин кайра кайталады. Расмий Киев Орусия Украинанын энергетикалык жайларына соккусун токтотсо, алар орусиялык инфраструктураны бутага албай турганын билдирди. Трамп Кремлди бир апта ок атууну токтото турууга чакырды. Касым-Жомарт Токаевдин казак банкы аркылуу к...

"Аларды эркелетип ийдик". Москвадагы эксперт мигранттардын мекенин зекиди | Жаңылыктар | 29 01 2026 29.01.2026

Трамп Тегеранды өзөктүк программасы боюнча келишим түзүүгө чакырып, күч колдонуу ыктымалдыгын кайра козгоду. Ал арада Иранда демонстранттарга каршы зомбулуктун масштабы ачыкка чыгууда. Кыргызстанда 2-февралдан тарта лицензиясы жок таксичилерге карата рейд башталат. Өлкөдө болжол менен 60 миңден ашык таксичи болсо, алардын 8 миңдейи гана лицензия алганы маалым болду. Кыргыз өкмөтү Нипах вирусуна ба...

Түркия: Мигрант аялдын сөөгү таштандыдан табылды | Жаңылыктар | 28 01 2026 28.01.2026

Харьковдо жүргүнчү поездге коюлган дрон чабуулунан беш киши мерт кетти. Согушта Орусиянын жана Украинанын жоготуулары, каза тапкандар менен жарадарларды санаганда 2 миллион кишиге жетиши мүмкүн экени айтылды. Таласка чакырылып барган дарыгерлер убадаланган акчаларын ала албай, айрымдары иштен кетип жатат. Облус бийлиги ката кетиргенин мойнуна алды. Өлкөдө соңку мезгилде баалар кескин өсүп, кымбатч...

АКШ кемелерин жөнөттү, Иран катуу жооп берерин эскертти | Жаңылыктар | 27.01.2026 27.01.2026

Кыргызстанда автомектептердин маселеси улам татаалдап баратат. Аларды мамлекетке өткөрүп, окутуунун мөөнөтүн узартуу реформабы же ишкерликке бут тосуубу? Ирандагы акцияларда каза тапкандар 30 миңден ашкан болушу ыктымал. АКШнын согуш кемелери Жакынкы Чыгышка бет алган соң, Иран өлкөгө каршы агрессияга катуу жооп кайтарарын эскертти. Жогорку Кеңештин тармактык комитети мамлекеттик сынактан өткөн ги...

Депутат Элдар Сулаймановдун мурдагы аялы зомбулук көргөнүн айтып чыкты | Жаңылыктар | 26.01.2026 26.01.2026

Милиция депутат Элдар Сулаймановдун мурдагы жубайына коргоо ордерин чыгарды. Зордук-зомбулук көрдүм деген Асел Азаматованын айткандарын депутат четке кагууда. АКШнын Миннеаполис шаарында жайтургунду атып салган Федералдык чек ара кызматынын агентин жоопко тартуу талабы менен акция өттү. Бул шаарда мыйзамсыз иммигранттарды, кылмышка, наркотрафикке шектүүлөрдү колго түшүрүү операциясы жүрүүдө. Өзгөн...

Анар-Бактагы үйлөрдү бузуу аракети | Жаңылыктар | 23.01.2026 23.01.2026

Октябрь райондук акимияты Анар-Бак конушундагы айрым үйлөрдү бузууга аракет кылып, эл каршылык көргөздү. Кыш чилдеде башталган бул иш президенттин тапшырмасынан кийин убактылуу токтоду. Казакстандын Чымкент шаарында бычакталып каза болгон Нурай Серикбайдын өлүмүнөн кийин коңшу өлкөдө кыздар флешмоб жарыялап, коомчулукту зомбулук тууралуу ачык айтууга чакырып жатышат. Өзгөндө эки айлык ымыркай хижа...

Мияровдун көп аялдуулук иши сотко жетти | Жаңылыктар | 22.01.2026 22.01.2026

Ирандын мамлекеттик телеканалы өлкөдөгү нааразылык акцияларында 3 миң 117 киши каза тапканын билдирди. Бирок башка маалымат булактарында курман болгондордун саны 5 миңден ашары айтылууда. Укук коргоочу Азиза Абдирасуловага Европа кеңешинин Раул Валленберг атындагы сыйлыгы берилди. Ал бул сыйлыкты Борбор Азиядан биринчи болуп алды. Көп аялдуулукка байланыштуу президенттин Чүй облусундагы мурдагы өк...

Listen to the Соңку жаңылыктар podcast in Replaio

Radio and podcasts in one app - free, with no sign-up. Install today and do not miss the launch

Get it on Google Play

Replaio is not a podcast publisher; show names, artwork and audio belong to their authors and are distributed through public RSS feeds.