ЭЕ/АҮ

Соңку жаңылыктар

News KY ↓ 250 episodes

Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.

Author

ЭЕ/АҮ

Category

News

Podcast website

www.azattyk.org

Latest episode

Jul 10, 2026

Where to listen?

Podcasts in the app Replaio Radio Coming soon

Podcasts are coming to the app soon. Install now and be the first to see a whole new take on podcasts

Get it on Google Play Install for free Android 5M+ downloads · 4.8 rating iOS soon

Episodes

Ташиевдин мурдагы орун басары Рысалиев эмнеге кармалды? | Жаңылыктар | 13.04.2026 13.04.2026

Атайын кызматтын мурдагы төрага орун басары Даниэль Рысалиев кармалганы кабарланды. Ал Ташиев кызматынан алынаар замат орун басарлыктан кеткен эле. Трамп Иран менен кездешүүдөн майнап чыкпаган соң, Ормуз кысыгы бөгөттөлөрүн ырастады. Ислам жумурияты АКШ Ормузду бөгөттөсө катуу жооп кайтарыларын эскертти. Президент Садыр Жапаров беш күндүк иш сапары менен Ош облусунда жүрөт. Элдин сураганы эмне?

Израил Ливанга 10 мүнөттө 100 жолу сокку урду | Жаңылыктар | 09.04.2026 09.04.2026

"Кылым шамы" уюму пикир үчүн камалгандардын ишин кайра кароого чакырды. Алар алтымыштай киши тынч митингге чогулуп, соцтармактарда пикирин билдиргени же бөлүшкөнү үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылганын эсептеп чыкты. Израил Ливанга 10 мүнөттө 100 жолу сокку урду. Кечээки жапырт бомбалоодон бери дегенде 254 киши өлүп, миңден ашык киши жарадар болгону айтылууда. Алайда атынып алганы айтылган жоокер...

Асаналиев: УКМКнын сегиз кызматкери камалды | Жаңылыктар | 08.04.2026 08.04.2026

Башкы прокурор атайын кызматтын мурдагы кызматкерлеринин үстүнөн жазылган 386 арыз каралып жатканын билдирди. Парламент башкы прокурордун жылдык отчетун жактырды. Укук коргоо органдарын жана күч түзүмдөрүн реформалоо иштери кандай жүрүшү керек? Саясатчы, экс-депутат Адахан Мадумаров ой бөлүштү. АКШнын президенти Дональд Трамп жана Иран ок атышууну эки аптага токтотууну макулдашты. Бул аралыкта тар...

Трамптын Иранга эскертүүсү эмне болот? | Жаңылыктар | 07.04.2026 07.04.2026

Быйыл Апрель окуясына 16 жыл болду. Кыргызстандын тарыхында кара так катары калган 7-апрелден окуясынан кандай сабак алдык, андан бери жашоо кандай өзгөрдү? Трамп Тегеран Ормуз кысыгын ачпаса, өлкөнүн бардык көпүрөлөрү менен элекстранциялары күм-жам болорун эскертти. Ислам жумурияты согушту токтотууну талап кылууда. Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам жалпы дүйнөдө мунай кымбаттап жаткандыктан күйүү...

Балбан Мурат Рамонов маңзатка байланыштуу кармалды | Жаңылыктар | 06.04.2026 06.04.2026

Алтынчы кабаттан эки баласы менен кулаган келиндин сөөгү бүгүн жерге берилди. Анын ымыркай кызы чарчап калды, беш жашар кызы балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Орусиянын армиясынын Одессага жасаган түнкү чабуулу 3 адамдын өмүрүн алды. Ошол эле маалда Орусиянын бир катар шаарлары да дрон чабуулуна дуушар болду. Балбан Мурат Рамонов бейбаштык жана маңзатка байланыштуу кармалганы маалы...

АКШ соккусунан Ирандагы негизги көпүрө жарактан чыкты | Жаңылыктар | 03.04.2026 03.04.2026

Борбордук шайлоо комиссиясы үч аптадан бери Чыңгыз Айдарбековго мандат бербей жатат. Бул арада талапкер милицияга эки ирет сурак берди. Иранда аба чабуулунан эң бийик делген көпүрө талкаланды. Мунун алдында Трамп расмий Тегеран эртерээк келишим түзбөсө, дагы көп нерсе жок кылынарын эскерткен. Эки жыл мурда кармалып, кийин пробациялык жаза менен эркиндикке чыккан журналисттердин абалы кандай? Алар...

Шаирбек Ташиев 16-майга чейин камалды | Жаңылыктар | 02.04.2026 02.04.2026

Спикер саясатта соңку окуяларга себеп болгон “Жетимиш бешчилердин катын” парламентке ким, кантип киргизгенин айтып чыкты. Эми окуялар кандай өнүгөт? Ысык-Көлдө Орусиянын СУ-25 учагынын эки дүрмөтү жерге түштү. Окуя Орусиянын авиабазасынын тегерегиндеги талкууга жем таштады. Дональд Трамп Кошмо Штаттар Ирандагы ишин аяктап калганын, дагы эки-үч жумада америкалык аскерлер күчтүү сокку урарын эскертт...

Ташиев Абдыкеримовго жооп берди, бийлик үн катты | Жаңылыктар | 30.03.2026 30.03.2026

Чыңгыз Айдарбеков 19 күндөн бери депутаттык мандат берилбей жатканын сындап, өзү тууралуу интернетте тараган видеого жооп берди. Шаршенбек Абдыкеримовдун айыптоосуна Ташиевдер жооп берди. Бийлик ишкердин билдирүүсү боюнча териштирүү жүрүп жатканын айтты. Пентагон Иранда жердеги операциясына даярданып жатабы? Ислам жумуриятынын расмий өкүлдөрү жердеги операция башталса, чечкиндүү чара көрүлөрүн эск...

Тургунбаев кармалып, Ташиев дагы сурак берди | Жаңылыктар | 26.03.2026 26.03.2026

Жакында кызматтан алынган Улуттук банктын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаев кармалды. Ал тапта экс-депутат Шаирбек Ташиев күбө катары дагы бир жолу сурак берди. Фейсбуктагы пикири үчүн алты жылга абакка кесилген Эрнис Жээнтаев эркиндикке чыкты. Сот ага төрт жыл пробациялык жаза чегерди. Дональд Трамп Тегеран тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышып жатканын айтса, Ирандын бийлик өкүлдөрү сүйлөшүү тууралуу м...

Айдарбековго мандат берүү эмнеге кечикти? | Жаңылыктар | 25.03.2026 25.03.2026

Борбордук шайлоо комиссиясы Чыңгыз Айдарбековго дагы деле мандат бере элек. Ал тапта Айдарбеков тышкы иштер министри, элчи болуп турганда мыйзамсыз иштерге аралашканы тууралуу видео тарап, экс-депутат аны четке какты. Абакта жаткан оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков бийликке кайрылып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет козгогон иштерди текшерүүгө чакырды. Орусиянын армиясы Украинага...

Ормуз жабылып, газ, мунайдын баасы асман чапчыды | Жаңылыктар | 24.03.2026 24.03.2026

Кара майдын маанилүү коридору Ормуз кысыгы бөгөттөлгөнүнө дээрлик үч жума болду. Мунун айынан дүйнөдө газ, мунайдын баасы кымбаттап жатат. Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов бизнесинин урашына атайын кызматты айыптоону улантууда. Ишкерлердин арыз-дооматтары кандай каралышы керек? Депутат Элвира Сурабалдиева менен маектештик. Күз-кыш мезгили аяктагандыктан апрель айнынан баштап калк үчүн электр энергиясын...

Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов УКМКны айыптады | Жаңылыктар | 23.03.2026 23.03.2026

Эки жылдан бери абакта жаткан журналист Махабат Тажибек кызы эч жакка кетпөө тил каты менен эркиндикке чыкты. Жогорку сот буга чейин журналисттин ишин райондук сотко кайтарган. АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтон менен Тегеран соңку эки күндө Жакынкы Чыгыштагы аскердик аракеттерди жөнгө салуу боюнча жемиштүү сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн билдирди. Лондондо жашап жаткан ишкер, “Аю Холдинг” ишканас...

Ташиев беш сааттай сурак берди | Жаңылыктар | 19.03.2026 19.03.2026

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкекке кайтып келди. Ал милицияда беш сааттай сурак берди. Ташиев кандай шарт менен келди жана мындан аркы окуялар кандай өнүгүшү мүмкүн? Саясат талдоочулар ой бөлүшөт. Иран Катардын энергетика объектилерине чабуул койду. Муну утурлай Израил Ирандагы мунай-газ объектилерине сокку урган. Ал арада Трамп Израилдин макулдашылбаган чабуулун айыптады.

Тай-Мурас Ташиев Салык кызматына жооп берди | Жаңылыктар | 18.03.2026 18.03.2026

Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев кызматтан кетти. Муну айрымдар Тургунбаев мурда жетектеп кеткен “Кыргызнефтегаз” ишканасы жөнүндө иликтөөгө байланыштырып жатат. Бул арада Салык кызматынын иликтөөсүндө аты аталган Тай-Мурас Ташиев үн катты. Ал өзү ээлик кылган компания “Кыргызнефтегазды” "монополия кылып алган" деген дооматты четке какты. Орусияда интернет байланыш катуу чектелүүдө. Эл Wh...

Салык кызматы Ташиевдерди коррупцияга айыптады | Жаңылыктар | 17.03.2026 17.03.2026

Мамлекеттик салык кызматы “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы коррупциялык схемалар тууралуу иликтөө жарыялады. Ташиевге байланыштуу айтылган бул "жемкорлук схемасы" буга чейин эмнеге текшерилген эмес? Пакистандын аба соккусунан Кабулдагы ооруканада кеминде 400 киши каза тапканын Ооганстанды башкарган "Талибан" кыймылы билдирди. Курулуш министри Нурдан Орунтаев кайра Ошко барды. Бул жолу ал курулуштарг...

Сегиз депутат мандатын тапшырды. Кийинкиси ким? | Жаңылыктар | 16.03.2026 16.03.2026

Бүгүн Жогорку Кенештин депутаты Гүлсүнкан Жунушалиева мандатын тапшырды. Ушуну менен парламенттен өз арызы менен сегиз эл өкүлү кетти. Кара майдын маанилүү артериясы болгон маршрут Перс булуңунда согуш башталганы бөгөттөлүп калды. Мунайдын дүйнөлүк рыноктогу баасы көтөрүлүп, энергетикалык кризис жаралды. Ошто курулушка катышкан ишкерлер иш акысын ала албай жатат. Алар менен курулуш министри Нурдан...

Президент парламентке барды, Конгантиев кармалды | Жаңылыктар | 11.03.2026 11.03.2026

Президент Садыр Жапаров парламентке келип, депутаттарды “элди бөлүп-жарбоого” чакырды. Ал УКМК кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери, аларга карата арыз-даттануулар каралып чыгарын айтты. Бул арада депутаттык мандатынан ажыраган Куванычбек Конгантиев кармалды. Ал жер тилкелерине байланышкан мыйзамсыз схемаларды уюштурган деп шектелүүдө. Иран АКШ менен Израилдин чабуулдарына жооп катары Перс булуңу...

Ташиев тартылган талаштуу тасма | Жаңылыктар | 10.03.2026 10.03.2026

Депутат Шаирбек Ташиев менен экс-депутат Жусупбек Коргонбай уулу сүйлөштү делген тасма талкуу жаратты. Камактагы журналист Махабат Тажибек кызына карата чыккан өкүмдөрдү Жогорку сот жокко чыгарды. Ишти райондук сотко кайра кароого жөнөтүлдү. Дональд Трамп Ирандагы аскердик операция “жакын арада аяктарын” билдирди. Бул арада Режеп Тайып Эрдоган Ирандын баллистикалык ракетасынын Түркиянын аба мейкин...

Иранда аятолла тандалды, Токторбаев карыз жөнүндө жооп берди | Жаңылыктар | 09.03.2026 09.03.2026

АКШ менен Израилдин соккуларынан каза тапкан аятолла Али Хаменеинин уулу Можтаба Хаменеи Иранда жаңы жогорку лидери болуп шайланды. Жогорку сот Temirov Live, Kloop.kg жана "Айт айт десе" редакцияларын экстремисттик деп тапкан буга чейинки инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Ош шаарынын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаев "Азаттыкка" маек куруп, мэриянын карызы тууралуу кептерге жооп берди.

Ирандан атылган дрондор Азербайжанга тийди | Жаңылыктар | 05.03.2026 05.03.2026

Ѳзгөндө түндө чыккан өрттөн бир туугандардын төрт баласы каза болду. Кырсыктан балдардын чоӊ энеси улуу небереси менен аман калган. Ирандын дрону Азербайжандын Нахчыван шаарына кулады. Расмий Баку бул үчүн жоопкерчиликти Тегеранга жүктөп, Ирандын элчисине нааразылык нотасын тапшырды. Вебкам иши боюнча соттолуп, жакында эле президенттин ырайымын алган Даниэл Ажиев түрмөдөн тик учак менен чыкканы ко...

Иранда чабуулдан каза болгон окуучулар жерге берилди | Жаңылыктар | 04.03.2026 04.03.2026

Иранда кыздар мектебине жасалган чабуулдан набыт болгондор жерге берилди. Тегеран бул үчүн АКШ менен Израилди күнөөлөсө, Вашингтон америкалык аскерлер атайылап окуу жайга сокку урбай турганын билдирди. Жаза аткаруу кызматынын жетекчилигинин тапшырмасы менен абактагы акын Аскат Жетиген айып изоляторунан чыкты. Ал мунун алдында түрмөдө кыйноого кабылганын билдирген. Жол эрежесин одоно бузган айдоочу...

АКШ Иранга каршы күчтүү соккулар алдыда экенин эскертти | Жаңылыктар | 03.03.2026 03.03.2026

Дональд Трамп Иранга каршы кубаттуу чабуулдардын толкуну алдыда экенин эскертти. Тегеран узак согушка даяр экенин билдирди. Кыргызстан Оман аркылуу Бириккен Араб Эмирликтеринен 300 жаранын алып келет. Коӊшу Казакстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп Дубайдан өз жарандарын эвакуация кылды. Абакта жаткан жарандык активист, акын Аскат Жетиген абак кызматкеринин кыйноосуна кабылганын...

Иран АКШ менен сүйлөшпөй турганын билдирди | Жаңылыктар | 02.03.2026 02.03.2026

АКШ менен Израил Ислам жумуриятындагы операциясын улантып, Иран ага жооп кайтарууда. Трамп согуш бир айга чейин созулушу мүмкүн десе, Тегеран Вашингтон менен сүйлөшүүлөргө барбай турганын билдирди. Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам Перс булуңундагы өлкөлөрдө жүргөн кыргызстандыктар кайтып келе албай жатат. Айрымдары мейманканаларда түнөп, кошумча чыгым болууда. Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укукта...

Жапаров аткаминерлерге эмне деп эскертти? | Жаңылыктар | 27.02.2026 27.02.2026

Пакистан Ооганстандын Кабул баштаган шаарларына сокку уруп, "ачык согушка" өткөнүн жарыялады. Эки тарап онждогон киши набыт болгонун билдирди. Казакстанда кафедеги жарылууда жети адамдын өмүрү кыйылды, 20дан ашууну жарадар болду. Президент Садыр Жапаров 5 жылдык иши тууралуу отчет берди. Бул жолу ал үзөңгүлөшү Ташиевдин атын атаган жок.

Жапаров "бир досу кетсе, 7 млн досу бардыгын" айтты | Жаңылыктар | 26.02.2026 26.02.2026

Тогуз жылга эркинен ажыратылган ишкер Имамидин Ташовдун иши кайра каралабы? Садыр Жапаров Ташиевдин кызматтан алынышы жана ортодогу пайда болгон ажырым тууралуу пикирин айтты. Евробиримдиктин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О'Салливан Бишкекке келди. Брюсселдин өкүлүнүн көздөгөнү эмне?

Listen to the Соңку жаңылыктар podcast in Replaio

Radio and podcasts in one app - free, with no sign-up. Install today and do not miss the launch

Get it on Google Play

Replaio is not a podcast publisher; show names, artwork and audio belong to their authors and are distributed through public RSS feeds.