ЭЕ/АҮ
Соңку жаңылыктар
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.
Where to listen?
Podcasts in the app Replaio Radio Coming soonPodcasts are coming to the app soon. Install now and be the first to see a whole new take on podcasts
Episodes
Орусия мигранттарга дагы бир эреже киргизет | Жаңылыктар | 29.05.2026 29.05.2026 21:42
Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин лидерлери Астанага саммитке чогулду. Арменияда парламенттик шайлоо өтүп жаткандыктан, өкмөт башчысы Николь Пашинян орун басарын жөнөттү. НАТОнун мүчөсү Румыниянын Галац шаарындагы көп кабаттуу турак үйгө орусиялык дрон тийип, эки адам жараат алды. Орусияга кирүүнү каалаган ар бир чет өлкөлүк эми атайын тиркеме аркылуу арыз калтырышы керек. Кремл...
Ташиев сотко келип, Тургунбек уулу айыпты четке какты | Жаңылыктар | 28.05.2026 28.05.2026 14:00
“75чилердин каты” боюнча сотко бүгүн атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев келди. Мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулу менен экс-депутат Курманкул Зулушев айыпты четке какты. АКШ Ирандын түштүгүндөгү Бендес-Аббас аэропортуна жакын жерге сокку урду. Ислам революциясынын сакчылар корпусу болсо Кувейттеги америкалык авиабазага чабуул жасады. Ысык-Көлдө өтө турган “Формула-1” суу үстүнд...
Жапаров Ирандын президенти менен эмнени сүйлөштү? | Жаңылыктар | 26.05.2026 26.05.2026 22:03
АКШ Ирандын түштүгүнө сокку урду. Аба чабуулу Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы сүйлөшүүлөрдө жылыш бар экени айтылгандан бир нече саат өткөндөн кийин болду. Кыргызстанда азык-түлүк жана кызмат көрсөтүүнүн баасы өстү. Буга кошул-ташыл бензин, солярка кымбаттап, өкмөт күйүүчү май ташыган компанияларга субсидия бермей болду. Москва Киевге катуу соккулар болорун эскертүүдө. Сергей Лавров Марко Р...
Президенттин мурдагы кеңешчисинин чуулуу иши | Жаңылыктар | 25.05.2026 25.05.2026 16:41
Орусиянын жапырт соккусунан Украинанын борбору Киевде төрт киши каза таап, 87 адам жаракат алды. Анын ичинен үчөө жашы жетелек балдар. Президенттин мурдагы кеңешчиси Жаныбек Кубандыковдун ишин адвокаты чагым деп жатат. “Ынтымак ордо” болсо мамлекет башчынын “бир да кыргызстандык коомдук кеңешчиси жок экенин” билдирди. Кыргызстандын түштүгүндө нөшөрлөп жааган жаандан улам ондогон турак жайды сел ка...
Шаирбек Ташиев абакта калды | Жаңылыктар | 20.05.2026 20.05.2026 18:28
Караколдо Мамлекеттик ипотекалык компания курган көп кабат үйлөргө нөшөрлөп жааган жаандан улам суу өтүп, батирлерге чейин кирди. Аймактарда жаан менен келген сел түйшүк жаратууда. Бээжинде Кытай жана Орусия президенттери бир катар келишимдерге кол койду. Москва Кытай менен энергетика тармагында кирешелүү келишимдерди түзүүгө аракеттенүүдө. Шаирбек Ташиев 16-июлга чейин тергөө абагында калды. Экс-...
Облус башчысы УКМКнын аймактагы башчысын сынга алды | Жаңылыктар | 19.05.2026 19.05.2026 17:15
Аймактардагы көйгөйлөр канткенде чечилет? Аткаминерлерге элден суроо көп. Америкалык укук коргоочу Стив Свердлоу Кыргызстанга киргизилбей, Түркияга депортация болду. Кыргызстандык укук коргоочулар бул чечимди айыпташты. Күйүүчү майдын баасы ар эки аптада бир сомго кымбаттап турат. Өкмөт мунун себебин дүйнөлүк биржаларда дизел жана бензин кымбаттаганы менен түшүндүрүүдө.
Ташиев баштаган сегиз кишинин соту башталды | Жаңылыктар | 18.05.2026 18.05.2026 17:50
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев баш болгон сегиз кишинин иши боюнча баштапкы соттук угуу башталды. Украинанын Днепр шаарында орус армиясынын аба соккусунан 20 чакты адам жабыркады. Мурдагы түнү Орусиянын баш калаасы жана Москва облусу ири дрон чабуулуна кабылган. Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешине кир...
Апрелчилер Бакиев боюнча президентке кайрылды | Жаңылыктар | 15.05.2026 15.05.2026 26:26
Чүйдө унаа сүзүп кеткен беш адам каза болду. Алардын төртөө жаш балдар. Киев бүгүн аза күтүүдө. Орусиянын өткөн түнкү соккусунан 24 киши мерт болду. Арасында жашы жетелек үч бала бар. Апрель элдик революциясынын уюмдарынын ассоциациясынын мүчөлөрү Бакиев куруп берген тигүү фабрикасына байланыштуу президентке кайрылууда. Алар бийликтен Бакиевди жазага тартуу маселесин көзөмөлгө алууну талап кылууда...
Бензин дагы кымбаттайбы? | Жаңылыктар | 14.05.2026 14.05.2026 21:25
УКМКнын 22 кызматкерине кылмыш иши козголду. Алардын айрымдары камакка алынса, башкалары үй камагында. Дональд Трамп Си Цзинпинди «дос» деп атады. Бээжинде лидерлер эмнени сүйлөштү? Бензин дагы кымбаттайбы? Өкмөт бааны кармап туруу үчүн салыктык жеңилдиктерди киргизгени жатат.
Ташиев менен кошо сегиз кишинин иши сотко өттү | Жаңылыктар | 13.05.2026 13.05.2026 21:26
Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу баш болгон сегиз кишинин иши тергелип бүтүп сотко өттү. Милиция ишке “жашыруун” деген гриф койгондуктан эми сот отурумдары жабык өтөт. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Астанада өтө турган Евразия экономикалык саммитине барбайт. Серепчилер Пашиняндын баш тартуусун орус президенти Путиндин соңку коркуткан сөздөрүнө байланыштырууда. Министрлер кабине...
Депутаттардын кетиши - ташиевчилерден тазалануубу? | Жаңылыктар | 12.05.2026 12.05.2026 20:41
Жогорку Кеңештин депутаты Темирлан Айтиев мандатынан ажыратылды. Депутататтардын парламенттен кетиши - ташиевчилерден тазалануубу? Орусия менен Украинанын ортосунда үч күндүк «элдешүү» мөөнөтү аяктагандан кийин Киев бүгүн кайрадан аткыланды. Бул арада Зеленскийдин экс маалымат катчысы Юлия Мендель аны баңгиликке айыптады. Тынымсыз нөшөрлөп жааган жаандан улам Борбор Азия өлкөлөрүндө суу ташкыны бо...
Бакиевдер курган фабрика "апрелчилердин" кунубу? | Жаңылыктар | 11.05.2026 11.05.2026 28:14
Бийликтен кулатылган Курманбек Бакиев апрелчилерге кун үчүн куруп берди делген ишкана бир-эки айда кишке кирери айтылууда. Фабрикага президент Жапаров барды. АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын Вашингтондун тынчтык планына кайтарган жообун четке какты. Трамптын реакциясы мунайдын кымбаштташына алып келди. 9-майга карата Караколдо өткөн концертте Орусиянын Украинага каршы согушунда колдонулган...
Ташиев "бийликти күч менен басып алууга" айыпталууда | Жаңылыктар | 30.04.2026 30.04.2026 21:36
Атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге "бийликти күч менен басып алуу" жана "кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен кылмыш иши козголгону ачыкка чыкты. Дүйнөлүк мунай базарларында баалар кескин өстү. Мунун алдында АКШ Иранга каршы деңиз блокадасын кеңейтери тууралуу маалыматтар тараган. Кыргызстанда паспорт жана башка документтер эмнеге кымбаттап жатат? Баа маселес...
Ташиев, Зулушев жана Тургунбек уулу кайсы иш боюнча суралууда? | Жаңылыктар | 29.04.2026 29.04.2026 20:28
Атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев өзүнө кылмыш иши козголгонун ырастады. Күн мурун Ташиев, экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулу жана мурдагы депутат Курманкул Зулушев Ички иштер министрлигинде сурак берген. Орусия Украинага кеңири масштабдагы согуш ачкандан бери быйыл 9-майда Жеңиш күнүнө арналган парадга биринчи ирет аскердик техникасын чыгарбай турган болду. Селден улам Ош облусун...
Бишкекке Ирандын генералы келди | Жаңылыктар | 28.04.2026 28.04.2026 16:12
Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо министрлери чогулду. Саммитке согуштук абалда турган Ирандын генералы келиши талкууга түшүп, Жакынкы Чыгыштагы соңку кырдаалга уюм таасир эте алабы деген суроо коюлду. Орусиянын Туапсе шаарындагы мунай заводго кайрадан дрондор сокку урулуп, өрт тутанды. Буга чейин чабуулдардан кийин күйүүчү заттар абаны булгаган. Көп аялдуулукту кылмыш...
Жапаров Ташиевдин аракетин тергөө аныктарын айтты | Жаңылыктар | 27.04.2026 27.04.2026 19:44
Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиеванын Камчыбек Ташиев тууралуу маеги коомчулуктун кызуу талкуусунда турат. Бүгүн президент да үн катты. Улуу Британиянын Лорддор палатасы Кыргызстандын баш прокурору баштаган үч адамга санкция киргизүүнү британ Тышкы иштер министрлигине сунуштады. Дональд Трамп мындан ары Иран менен сүйлөшүүгө делегация жөнөтпөй турганын билдирди. Ал арада Ирандын тышкы и...
Жапаров Москвага эмнеге барды? | Жаңылыктар | 24.04.2026 24.04.2026 22:59
Президент Садыр Жапаров Москвага күтүүсүз сапар менен барып, Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукту. Бул Европа Биримдиги Москвага каршы санкцияларына Кыргызстанды да кошкон учурга туш келди. Орус армиясынын чабуулунан Одесса шаарында жетимиш жаштан ашкан жубайлардын өмүрү кыйылды. Ал эми Орусиядагы Туапсе шаарында кара май иштетүүчү заводго жасалган соккулардан улам калаада "мунай жамг...
Орус депутаттары кыргыз бийлигин сындады | Жаңылыктар | 23.04.2026 23.04.2026 17:07
Европа Биримдигинин Орусияга каршы санкциялардын 20-пакетинде Кыргызстанга да чектөө чаралары кошулду. Кыргыз бийлиги Батыш өлкөлөрүнүн дооматын четке кагып, мунун кесепети деле жок экенин билдирүүдө. Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутаттары Кыргызстанда айыл, көчөнүн аталыштары кыргызчаланып жатканын сындап чыгышты. Көк бөрү федерациясынын мурдагы президенти Талас Бегалиев 14 жылга абакка кеси...
Ак-Ордодо жер талаштан чыр чыкты | Жаңылыктар | 22.04.2026 22.04.2026 24:14
Бишкектеги Ак-Ордо конушунда жер талаш маселеси дагы деле аягына чыга элек. Сот аткаруучулар мыйзамсыз делген турак жайды бузууга барганда, үйдүн ээси өзүнө кол салды. Астанада Борбор Азиядагы климат жана экология маселелери боюнча саммит башталды. Садыр Жапаров лидерлерди суу маселесинде чогуу аракеттенүүгө чакырды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет менен Ички иштер министрлиги тирешп...
Кара-Сууда бир айыл өкмөттөн төрт киши каза болду | Жаңылыктар | 21.04.2026 21.04.2026 22:19
Кара-Сууда жол кырсыгынан төрт адам мүрт кетти. Куран окутууга баратып кырсыктан каза тапкандардын үчөө айыл башчылары болгон. Кыргызстанда акыркы саясий окуялардан соң Улуттук коопсуздук комитети менен Ички иштер министрлиги бири-биринин кызматкерлерин кармап жатат. Эки укук коргоо органы тирешип жатабы? АКШ менен Ирандын тынчтык сүйлөшүүлөрү уланар-уланбасы бүдөмүк. Bloomberg Дональд Трамп ок ат...
Текебаевдин талашка түшкөн билдирүүсү | Жаңылыктар | 20.04.2026 20.04.2026 18:44
Жакынкы Чыгышта кырдаал курч. АКШ менен Иран бири-бирин ок атышууну токтотуу макулдашуусун бузду деп айыптап, тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн тагдыры арсар турат. Элчи Өмүрбек Текебаевдин Кыргызстандагы соңку айлардагы окуяларды “ийгиликсиз мамлекеттик төңкөрүш” деп жазганы ар кандай талкууларга жол ачты. Президенттин Ош облусундагы мурдагы өкүлү, “Кумтөр голд компани” ишканасынын директорлор кеңешинин мү...
Ошко бараткан учакта дем жетпей, эсин жоготкондор болду | Жаңылыктар | 17.04.2026 17.04.2026 20:00
Бишкек-Ош каттамындагы учакта бараткан айрым жүргүнчүлөр дем ала албай, эс учун жоготкону айтылууда. Окуя боюнча ички иликтөө жүрүп жатат. Украинада ракета, дрон чабуулунан 20 киши набыт болуп, жүздөй киши жарат алды. Орус армиясы эки күндөн бери өлкөнүн бардык аймактарына абадан сокку уруп жатат. Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Жаныбек Асанбеков президентке кайрылды. Депутат басым алдын...
Түркия: мектепте ок атылып, 8 окуучу набыт болду | Жаңылыктар | 16.04.2026 16.04.2026 19:16
Түркияда лицейде жана мектепте ок атылды. Кол салуудан тогуз киши мерт болуп, 13ү жарат алды. 20 дай киши жабыркады. Вашингтондо АКШ-Борбор Азия сүйлөшүүсү өттү. Анын алкагында Адылбек Касымалиев менен Марко Рубио Америка - Кыргызстан алакасын өнүктүрүүнү талкуулашты. Бишкектеги №21 шайлоо округунан бошогон мандат Мирлан Жээнчороевге тийди. Чыңгыз Айдарбеков талапкерликтен баш тартты.
Камчыбек Ташиев футбол биримдигинен кетти, эми ким тескейт? | Жаңылыктар | 15.04.2026 15.04.2026 21:38
Камчыбек Ташиев кызматтан алынгандан бери бүгүн расмий иш-чарада биринчи жолу сүйлөдү. Ал футбол биримдигинин президенти кызматынан кетти. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Чыңгыз Айдарбековго “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген айып тагылып, өлкөдөн чыгууга тыюу салынды. Айдарбековдун ишинде саясий мотив канчалык? Орусия украин аймагын жүздөгөн дрон жана ракета менен аткылад...
Маматовдор менен Ташиевдерди эмне байланыштырат? | Жаңылыктар | 14.04.2026 14.04.2026 16:52
“Ред Петролеумдун” жетекчиси Акылбек Маматов кармалганы кабарланды. Маматовдор менен Ташиевдерди эмне байланыштырат? Бул арада Атайын кызматтын төрагасынын мурдагы орун басары Тимур Шабданбеков жана бир катар кызматкерлер кармалганы айтылды. Казакстанда Бээжиндин саясатына каршы чыккан 19 киши жапырт соттолду. Айыпталгандардын көбү беш жылга кесилип, айрымдарына эркиндигин чектөө жазасы берилди.
Similar podcasts
Replaio is not a podcast publisher; show names, artwork and audio belong to their authors and are distributed through public RSS feeds.