ЭЕ/АҮ
Соңку жаңылыктар
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.
Where to listen?
Podcasts in the app Replaio Radio Coming soonPodcasts are coming to the app soon. Install now and be the first to see a whole new take on podcasts
Episodes
Жаңылыктар | 09.09.2025 | Кыргызстанда атомдук электр станциясы курулабы? 09.09.2025 30:00
Энергетика министринин биринчи орун басары Эмилбек Ысманов Кыргызстанда атомдук электр станциясын (АЭС) куруу боюнча министрлик жакын арада сунуш берерин билдирди. Ысманов айрым кошуна өлкөлөр АЭС куруу боюнча чечим кабыл алганын кошумчалады. Энергетика министри Таалайбек Ибраев 2024-жылы октябрь айында Орусиянын “Росатом” ишканасы Кыргызстанга курууну пландап жаткан АЭС боюнча коомчулукка түшүндү...
Жаңылыктар | 08.09.2025 |10 жаштагы кыргызстандык кызга Орусияга кирүүгө тыюу салынды 08.09.2025 29:59
Москвадагы аэропортто кыргызстандык үй-бүлөнүн 10 жаштагы кызына өлкөгө кирүүгө беш жылдык тыюу салынганы белгилүү болду. Бул окуя Орусиядагы миграциялык кырдаалдын курчуп, “кара тизмеге” түшкөн кыргызстандыктардын саны арбып жаткан учурга туш келди. Буга чейин жашы жете элек балдардын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынган учурлар коомчулукка ачык белгилүү болгон эмес.
Жаңылыктар | 07.09.2025 | Израил Газа шаарындагы соккуларын күчөттү 07.09.2025 29:40
Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) Газа секторунун Газа шаарынын борбордук бөлүгүндөгү көп кабаттуу имараттардын бирине сокку урганын билдирди. Имарат толук талкаланганы маалымдалды.
Жаңылыктар | 06.09.2025 | Зеленский Путин аны менен Киевге барып жолукса болорун айтты 06.09.2025 30:02
Украин президенти Владимир Зеленский согушту токтотуу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүү үчүн орус президенти Владимир Путин Киевге барса болорун айтты.
Жаңылыктар| | 05.09.2025 | 1-октябрдан тартып эң аз пенсия 7100 сом болот 05.09.2025 29:59
1-октябрдан тартып Кыргызстанда пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү көбөйөт. Министрлер кабинетинин № 534 токтомунда “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамына ылайык 1-октябрдан тартып пенсия 7100 сомдон кем болбойт деп белгиленген. Ушул жана башка жаңылыктарды "Азаттыктын" кечки радио берүүсүнөн угуңуз.
Жаңылыктар | 04.09.2025 | Кыргызстан альпинисттердин тоого чыгышын чектейби? 04.09.2025 30:00
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев альпинисттердин коопсуздугун камсыз кылуу, бийик тоодогу жолдорго чыгуунун ачык тутумун түзүүнү сунуштоодо. Депутат айлана-чөйрөнү коргоо, бул багыттагы Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга багытталган мыйзамдын долбоорун иштеп чыгып, коомдун талкуусуна чыгарды.
Жаңылыктар | 03.09.2025 | Орусия:“Согушта өлгөн уулумдун сөөгүн алып келе албай жатам” 03.09.2025 30:00
Украинадагы согушка азгырылып барып, ал жактан сөөгү келген кыргызстандыктардын саны улам өсүүдө. Орусиянын тарабында согушуп каза болгон кезектеги кыргызстандык жигиттин жакындары маркумдун сөөгүн алып келүү айласын издеп жатат. Буга чейин Украинанын "Жашагым келет" деп аталган долбоору ушу тапта 360дан ашык кыргызстандык Украинадагы согушта катышып жүргөнүн жазган эле. Кыргызстандыктарды баш өлк...
Жаңылыктар | 02.09.2025 | Кыргызстанда бензин кымбаттайт 02.09.2025 30:04
Мунай ташуучулар ассоциациясы Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы кымбатташы мүмкүн экенин билдирди. Уюмдун жетекчиси Канат Эшатов “Азаттыкка” билдиргендей, учурда Орусиядагы мунай заводдорунан Кыргызстанга май сатуу боюнча сунуштар азайып, баасы да өсүп жатат. “Ушул бизди кооптондуруп жатат. Бул азыркы баадан дагы 3-4 сомго кымбатташы мүмкүн. Бир жагынан сунуштардын азайып жатышы биздеги майдын тар...
Жаңылыктар | 01.09.2025 | Нарын: убагында бүтпөгөн жол боюнча бир нече киши кармалды 01.09.2025 30:00
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев менен “Бета Групп” компаниясынын ээси Мирлан Амантуров Нарын шаарында салынып жаткан жолго байланыштуу кармалганын билдирди. Маалыматка ылайык, алар Нарын шаарындагы Шералиев жана Ленин көчөлөрүндө оңдоодогу мыйзам бузуулар үчүн Кылмыш жаза кодексининин 337-берен...
Жаңылыктар | 31.08.2025 | Герасимов согуш уланарын билдирди 31.08.2025 30:00
Орусия Украинадагы согушту токтотпой турганын 30-августта орус Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов билдирди. Анын айтымында, орус армиясы чабуул коюуну улантат. Герасимовдун мындай билдирүүсүн Коргоо министрлиги жарыялады.
Жаңылыктар | 30.08.2025 | Жалал-Абадда эгемендик күнү белгиленүүдө 30.08.2025 29:59
Быйыл эгемендүүлүктүн 34 жылдыгы Жалал-Абад шаарында белгиленип жатат. Майрамды утурлай бир катар социалдык объектилер пайдаланууга берилип, жарандарга ипотекалык турак жайлардын ачкычы тапшырылды. Президент Садыр Жапаров “Асман Резиденс - 2” көп кабаттуу турак жай комплексинин ачылышында сүйлөп жатып, жарандарды турак жай менен камсыздоодо алгылыктуу жумуштар жасалып жатканын айтты.
Жаңылыктар | 29.08.2025 | Израиль Газаны толук басып алуу үчүн даярдыкты күчөттү 29.08.2025 30:00
Израил армиясы Газа шаарын толук басып алуу үчүн даярдыкты күчөтүп, бир миллиондой тургунду жер которууга мажбур кылууда. Палестин анклавындагы кыйын кырдаал, жарым миллиондой киши ачарчылыкка дуушар болуп жатканы Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде талкууланды. Дүйнөлүк уюмдун баш катчысы Антонио Гутерреш Изарилдин аскердик операциясын кеңейтип жатканын айыптап, "карапайым калкты ачарчылыкка кеп...
Жаңылыктар | 28.08.2025 | Орусия Украинага 600дөй дрон менен чабуул койду 28.08.2025 30:00
28-августка караган түнү Украинанын борбор шаары Киев орус армиясынын жапырт чабуулуна кабылды. Киевдин бийлиги түнкү аба соккулары шаардын жети районундагы турак жайларга, имараттарга залака келтирип, кеминде 15 киши, арасында үч жаш бала мерт болуп, 50гө чукул тургун жарадар экенин билдирди. Жалпы Украинага бейшембиге караган түнү 600дөй дрон чабуул койгону кабарланды.
Жаңылыктар | 27.08.2025 | Учкучсуз учак альпинист Наговицинанын абалына байкоо салды 27.08.2025 29:51
Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына Жеңиш чокусунда буту сынып калып калган орусиялык альпинист Наталья Наговицинанын абалын байкоого учкучсуз аскердик учак да тартылганын жазды.
Жаңылыктар | 26.08.2025 | Кыргызстандан 922 чет элдик жаран депортация болду 26.08.2025 29:58
10-июндан ушул күнгө чейин Кыргызстандан 922 чет элдик депортацияланды. 240 чет элдик жаран депортациясын күтүп, мурдагы "Ганси" борборунун аймагында кармалып турат. Алардын 157и Бангладештин, 80и Пакистандын, экөө Индиянын жана дагы бирөө Египеттин жараны.
Жаңылыктар | 25.08.2025 |Тоңдогу сел: жол жабылып, үйлөрдү суу каптады 25.08.2025 30:00
Ысык-Көлдүн Тоң районунда катуу жаандан соң сел жүрүп, бир нече үйдүн короосун каптады. Балыкчы-Каракол жолу убактылуу жабылып, кыймыл калыбына келтирилди. Турак-жайы жабыркагандар селдин алдын алуу иштери начар болгонун айтып нааразы болууда.
Жаңылыктар | 24.08.2025 | Жеңиш чокусунда калган альпинистти куткаруу токтотулду 24.08.2025 30:00
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жеңиш чокусунда калган орусиялык альпинист Наталья Наговицинаны куткаруу иши токтотулганын ырастады. Ага ылайык, куткаруучулар 6 100 метр бийиктикке чейин жеткен жана аба ырайынын туруксуздугуна байланыштуу операция белгисиз мөөнөткө токтотулган. Наговицина кошулган төрт кишиден турган альпинисттер тобу Жеңиш чокусуна чыгып кайтып келаткан. 12-августта Наговицинанын б...
Жаңылыктар | 23.08.2025 | Газада ачарчылык кооптуу чекке жетти 23.08.2025 30:00
Газада жарым миллиондон ашуун палестиналык ачарчылыктын кооптуу чегинде жашап атта. Бул тууралуу 21 мамлекеттин эл аралык гуманитардык уюмдарынан турган топтун отчетунда айтылат. Анда 517 миңдей палестиналык толук масштабдуу ачарчылыктын бешинчи баскычында, дагы 1,07 миллиондойу төртүнчү, 396 миңи үчүнчү баскычында экени жазылган.
Жаңылыктар | 22.08.2025 | Бишкекте этти кымбат саткан ишкерге айып салынды 22.08.2025 30:01
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Бишкекте жеке ишкер этти өкмөт бекиткен баадан кымбат сатканы үчүн 13 миң сом административдик айыпка жыгылганын билдирди. Ушул тапта айыл-аймактарда эттин баасына мониторинг жүргүзүлүп, текшерүүлөр болуп жатат. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы 13-августта Бишкек, Ош шаарларында жана облус, райондордо эттин баасын бекиткен.
Жаңылыктар | 21.08.2025 | Жогорку Кеңеш таркайбы? 21.08.2025 30:01
Саясий айдыңда Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышы тарап, күзүндө мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтөрү жөнүндө сөздөр күчөдү. Парламенттин таркатылышына негиз барбы, бийлик мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө кызыкдарбы?
Жаңылыктар | 20.08.2025 | Энесин мыкаачылык менен өлтүргөн деп баласы кармалды 20.08.2025 29:58
Бишкекте төбө чачты тик тургузган оор кылмыш катталды. Бишкектин көп кабаттуу үйлөрүнүн биринен милиция аялдын сөөгүн табышкан. Кылмышка шектүү катары анын уулу кармалган. Бул окуя коомчулукта жаштардын, дегеле коомдогу агрессия, психикалык саламаттык тууралуу талкууну жандантты.
Жаңылыктар | 19.08.2025 | Украина: Трамп, Зеленский жана Европа лидерлери жолукту 19.08.2025 30:01
18-августта Ак үйдө АКШнын президенти Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленский жолукту. Ага удаа эле Трамп менен Зеленскийдин европалык лидерлер менен жолугушуусу өттү. Украин президентине колдоо көрсөтүп, Ак үйгө барган лидерлер: Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен, Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Финляндиянын президенти Александр Стубб, Германиянын канцлери Ф...
Жаңылыктар | 18.08.2025 | Орусияда WhatsApp жана Telegram аркылуу чалуу бөгөттөлдү 18.08.2025 30:02
Орусияда WhatsApp жана Telegram мессенжерлери аркылуу чалуу бөгөттөлдү. Бул соңку жылдарда мигранттарга ыңгайсыздык жараткан Кремлдин биринчи чечими эмес. Мессенжерлер иштебесе, мекендештер бул жактагы жакындары менен баарлашып туруу кыйын жана чыгымы артат деп камтама болууда.
Жаңылыктар | 17.08.2025 | Ноокенде өз жанын кыйды деген келиндин өлүмү иликтенүүдө 17.08.2025 30:00
13-августта Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 2001-жылы туулган келин өзү жашап жаткан үйдүн жайкы ашканасында асынып каза болгонун облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди. Ноокен райондук милициясына "Тез жардам" кызматынан маалымат түшүп, факт Ноокен РИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, териштирүү иштери башталган.
Жаңылыктар | 16.08.2025 | Трамп Зеленскийге, Европа лидерлерине телефон чалды 16.08.2025 30:00
АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен Алясканын борбору Анкориж шаарында өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин Украинанын президенти Владимир Зеленскийге жана Европа лидерлерине телефон чалды.
Similar podcasts
Replaio is not a podcast publisher; show names, artwork and audio belong to their authors and are distributed through public RSS feeds.