ЭЕ/АҮ

Куугунтук курмандыктары

History KY ↓ 44 episodes

Жазыксыз жерден жайран болгон тагдырлар. Саясий репрессиянын айтылбаган өңүттөрү. Улут трагедиясын унуттурбаган коомдук эс тутум. "Азаттыктын" "Куугунтук курмандыктары" подкастында тарыхтын актай калган барактарын толуктайбыз.

Author

ЭЕ/АҮ

Category

History

Podcast website

www.azattyk.org

Latest episode

May 13, 2026

Where to listen?

Podcasts in the app Replaio Radio Coming soon

Podcasts are coming to the app soon. Install now and be the first to see a whole new take on podcasts

Get it on Google Play Install for free Android 5M+ downloads · 4.8 rating iOS soon

Episodes

Коммунисттен демократка айлангандар: Эгемендикке 35 жыл 13.05.2026

Кыргызстан быйыл эгемендигинин 35 жылдыгын белгилейт. "Куугунтук курмандыктары" подкастында тарых илимдеринин доктору, профессор Аалыбек Акунов менен коммунисттен демократка айланган муун, андан кийинки жылдардагы советтик менталитеттин таасири, эгемендик жылдардан кийинки тарых тууралуу кеп кылабыз.

“Сыдыкбеков менен Усубалиев тил маселесинен тирешкен” 24.02.2026

Доордун каармандары, элдин эс тутумунда бекем сакталып калган тарыхый окуялар болот. Ошол окуяларга кандай баа беребиз, тарыхый инсандардын саясий бейнесин кантип түзөбүз? Кыргызда мемуар жазгандар болдубу? “Куугунтук курмандыктары” подкастында академик Осмонакун Ибраимов менен маек курабыз.

КГБ архиви: сурак кагаздарындагы кандын тагы 24.12.2025

“Куугунтук курмандыктары” подкастында репрессия мыйзамы кантип ишке ашууда? Изилдөөчүлөр КГБ архивдерине кире алдыбы? Ушул тууралуу репрессия курмандыктарын актоо боюнча комиссиянын жана жумушчу топтун мүчөлөрү, тарыхчылар Аида Кубатова жана Рыскул Жолдошов менен талкуулайбыз.

"90-жылдар эл толкуп көтөрүлгөн доор болду" 10.12.2025

“Куугунтук курмандыктары” подкастында 1970-90-жылдар, эркиндик эңсеген, тил, тарых, улут маселесине күйүп-бышкан, эгемендикке талпынган муундун күрөшү тууралуу академик, белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмер Абдыганы Эркебаев менен талкуулайбыз.

Ташкент архивиндеги маалыматтар: басмачылык кыймыл 26.07.2025

ХХ кылымдын 20-жылдарында Борбор Азияда кулач жайган басмачылык кыймыл тууралуу бүгүнкү күнгө чейин талаштуу пикирлер бар. Бул кыймыл тууралуу чындыкты канчалык айта алдык? Архив маалыматтар ачыкка чыктыбы? Өзбекстандын архивдерин изилдеп жүргөн тарыхчы Таалайбек Жаркынбаев менен талкуулайбыз.

Тарыхый имаратка көз арткандар кимдер? 23.02.2025

Жакында эле Бишкектеги бир катар тарыхый архитектуралык имараттардын макамын алуу тууралуу сөз болуп жатканы социалдык тармактарда талкууга түштү. Бул боюнча атайын комиссия түзүлүп, жыйын курган. Тарыхчы, архитекторлор, маданият ишмерлери буга каршылык билдирип, өлкө жетекчилигине кайрылууда. Ал имараттардын шаар үчүн тарыхый – архитектуралык мааниси кандай? Урбанизация күчөп жаткан мезгилде шаар...

Фолк-хистори кимге керек? "Тарыхты бурмалап, ашмалтайын чыгарышты” 31.01.2025

“Куугунтук курмандыктары” подкастында фолк-хистори тууралуу сөз кылабыз. Соңку мезгилде интернет булактарында тарых боюнча ар кандай талаш жараткан макалалар чыгып калетат. Тарыхты бурмалоонун артында кимдер турат? Фолк-хистори кимге керек? Эмнеге тарых бурмаланат? Бул суроолорду кыргызстандык белгилүү тарыхчы, профессор Рыскул Жолдошев жана казакстандык тарыхчы окумуштуу Шамек Тилеубаев менен тал...

Абдыкадыр Орозбековдун сөөгү “Ала-Арчага” жашырылганбы? 25.12.2024

Айрым тарыхчылар эл оозундагы маалыматтарга таянып, 1938-жылдын кыш, жаз айларындагы репрессия курмандыктары Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнү жайгашкан жерде массалык түрдө жашырылган деп эсептейт. Ал жерде мамлекеттик ишмер Абдыкерим Сыдыковдун, Кара Кыргыз автоном облусунун Аткаруу комитетинин төрагасы болуп турган Абдыкадыр Орозбековдун сөөгү табылышы мүмкүн. Тарыхчылар ал жайларды изилдөөгө бийли...

Колыма лагерине айдалган кыргыз: 80 жылдан кийин табылган документтер 17.12.2024

1938-жылы Орусиянын Колыма аймагына лагерге айдалган Осмон Элебесовдун катаал тагдыры, ал тууралуу жарым кылымдан кийин урпактары тапкан архив документтер тууралуу кеп кылабыз. Элебесов юридикалык билими бар, өз доорунун алдыңкы ишмерлеринин бири болгон. Талкууга чоң атасы тууралуу архив маалыматтарды чогулутуп, китеп жазган небереси Айгүл Осмонова, даректүү тасма тарткан режиссер Асанкожо Айтикее...

“Жерди казганда эле сөөктөр чыкты”. Репрессияда атылгандар жапырт көмүлгөн жай 21.11.2024

11-ноябрда Өзгөндүн Куршаб айылында 1920-30-жылдардагы репрессия курмандыктары жапырт көмүлгөн жайга эстелик орнотулуп, "Кекилик-Учар бейити" деп аталган мемориалдык жай ачылды. “Куугунтук курмандыктарында” бул жайдын таржымалы жана Кыргызстандын аймагында репрессия маалында атылган кишилердин сөөгү жапырт көмүлгөн жайлар тууралуу сөз кылабыз.

Кыргызстандагы сыры ачылбаган аялдар лагери 07.11.2024

Кыргызстанда ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдө. Бул күндү утурлай эле 1920-1930-жылдары сталиндик репрессияда “эл душмандарынын жакыны” катары куугунтукталып, лагерлерге камалган аялдардын тагдырлары тууралуу эки китеп жарык көрдү. “Куугунтук курмандыктары” подкастында “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинин илимий кызматкери Салтанат Асекова жана “Эсимде” изилдөө аянтчасынын тарыхчысы Гүлзат А...

Борбор Азия: Бурмаланган тарых, ойгоно элек эс тутум 28.10.2024

Эгемендик жылдардан кийин өзүнүн тарыхына, тилине, маданиятына жаңыча мамиле кылып, өтүмүшүн кайра карап чыгууга далаалат кылып жаткан Борбор Азия өлкөлөрү тууралуу өзбекстандык тарыхчы Бахром Ирзаев, кыргызстандык тарыхчы Сабыр Арстанов менен талкуулайбыз.

“Төртөө камалып, экөө атылган”. Бир үй-бүлөнү кайгыга салган репрессия 26.10.2024

Жусуп Кангелди уулу көп жылдар кыргыз тарыхында ысымы аталбай, ың-жыңсыз кеткен сталиндик репрессиянын курмандыктарынын бири. Эмне үчүн Жусуп Кангелди уулу тууралуу көп маалыматтар белгисиз болуп келген? Анын Кара- Кыргыз автоном облусун түзүүдөгү ролу жана чек араларды аныктоого кандай тиешеси болгон? Бул суроолорду Жусуп Кангелди уулунун неберелери, географ илимпоз Саламат Аламанов жана Нурлан К...

“Эркин-Тоодогу” элдин үнү, атылган агартуучулар 25.09.2024

Кыргыздын төл гезити “Эркин Тоонун” (азыркы “Кыргыз Туусу”) жарыкка чыкканына 100 жыл болду. Бир кылым ичинде катаал тоталитардык доорду, репрессияларды жашаган басылманын тарыхы, ошол доордо кандай макалалар жазылганы тууралуу “Кыргыз-Туусу” гезитинин башкы редактору Мырзакат Тыналиев, белгилүү публицист, жазуучу Мундузбек Тентимишев менен талкуулайбыз.

Репрессияланган аялдар: Кыргызстандагы лагерь 04.07.2024

1920-30-жылдардагы репрессия маалында “эл душмандарынын” жакындары катары миндеген аялдар куугунтукталып, легерлерге камалган. Совет өлкөсүнүн аймагында аялдар кармалган төрт лагер болсо, анын бири Кыргызстандын аймагында уюштурулган. “Куугунтук курмандыктары” подкастында сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон кыргызстандык аялдар тууралуу тарых илимдеринин кандидаты Салтанат Асекова менен талку...

1930-жылдары Кыргызстанга сүргүнгө айдалган азерлер 14.06.2024

“Куугунтук курмандыктары” подкастында ХХ кылымдын 30-жылдары кулакка тартылып, кыргыз жеринде орун-очок алган азерилер тууралуу айтып беребиз.

“Камчыбектин иши”. Курманжан датканын уулдары кабылган куугунтук 27.05.2024

Белгилүү тарыхый инсандар Алымбек датка менен Курманжан датка тууралуу ондогон эмгек жазылып, кыргыз акын-жазуучулары роман, поэмаларды арнашкан. Документалдуу жана көркөм тасмалар да тартылды. Орусиянын оторчулук доорунда, совет мезгилинде алардын балдары, неберелерине кандай мамиле болду? Дарга асылган Камчыбек Алымбек уулунун иши боюнча архивде эмне материалдар бар? "Куугунтук курмандыктары" по...

Жоокер тагдыры: Сатар Алманбетов ким? 10.05.2024

Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганына 79 жыл толду. Бирок көпчүлүк советтик аскерлер үчүн согуш 1945-жылдын 9-майы менен эле бүткөн эмес. Туткундан бошотулгандар үчүн согуш азабы узак жылдарга созулган. Немис лагеринен өз мекениндеги советтик лагерлерге айдалып, оор шартта, Сибирдин суугуна өпкөсүн алдырып, көпчүлүгү ата мекенине кайтып келалбады. Ошондой азап-тозокту башынан кечирип, Ала-Тоого ама...

Оторчулук доор өчүргөн кыргызча жер-суу аталыштары 26.04.2024

Кыргызстанда төрт айыл аймагы менен 13 айылдын аталышын өзгөртүү чечими кабыл алынды. Соңку жылдары Борбор Азиядагы постсоветтик өлкөлөрдө жер-суулардын тарыхый аталыштарын кайтаруу аракеттери кайра жанданууда. Пропагандалык, идеологиялык мааниси бар шаар, айыл аталыштарын өзгөртүү Советтер Союзу тарагандан кийин туташ жүрдү. Бирок бул иштин толук аягына чыкпай келатышына эмне себеп? Эгемен өлкөлө...

“Ата-Бейит”: тарыхка кайдыгер мамиле, айтыла элек фактылар 01.04.2024

"Ата-Бейит" улуттук тарыхый мемориалдык комплексинде кандай сырлар катылган? “Куугунтук курмандыктары" подкастында "Ата-Бейит" улуттук тарыхый мемориалдык комплексинин директору, тарых илимдеринин доктору, коопсуздук кызматынын отставкадагы полковниги Болот Абдырахманов менен репрессия курмандыктарына арналган музейдин мааниси, мемориалдык музей кандай болушу керек деген суроолордун тегерегинде та...

1916: Кытайга чейинки жол, чек арадагы кул базар 13.03.2024

Изилдөөчүлөр буга чейинки карталарды толуктап, жаңы маалыматтардын негизинде ондон ашык карта түзүшкөн. XX кылымдагы кыргыз тарыхындагы эң трагедиялуу окуяны визуалдаштыруу аракети кандай жүрүүдө? Үркүндүн толук иликтене элек жагы кайсыл? Чек арадагы кул базар, кулчулукка сатылган кыздардын тагдыры эмне болгон? “Куугунтук курмандыктары” подкастында тарыхчы, окумуштуу Гүлзада Абдалиева жана картогр...

“Кызыл кыргын”, басмачылык кыймыл: Төрөкул Жанузаков ким? 20.02.2024

Коопсуздук кызматынын отставкадагы полковниги, бир нече даректүү изилдөөлөрдүн автору Талант Разаков жана белгилүү жазуучу, тарыхчы Арслан Капай уулу Койчиев менен ХХ кылымдын башындагы кандуу окуялар, кыргыз элинин өз алдынчалыкка жетүү мүдөөсү, ошол доордун каармандарынын бири Төрөкул Жанузаков тууралуу кеп кылабыз.

Ырайымсыз жазалоо жана бозгун: совет бийлигине каршы көтөрүлүштөр 23.01.2024

1930-жылдары совет бийлигинин кулакка тартуу, коллективдештирүү саясатына нааразылыктан улам ондогон көтөрүлүш жана козголоңдор болгон. Көтөрүлүштөр ырайымсыз жазалоо менен коштолуп, көп адамдар ата журтун таштап качкан. Бул окуялар канчалык иликтенген? Алардын кесепети кандай болгон? "Куугунтук курмандыктары" подкастында конокто тарыхчы Гүлзада Абдалиева.

Кара-Кыргыз автоном облусунун тарыхы 09.01.2024

Быйыл Кара-Кыргыз автоном облусунун негизделгендигине 100 жыл. XX кылымдын башындагы кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыбына келтирүү үчүн кыл чайнашкан күрөш кандай жүргөн? Республика түзүү идеясынын артында кимдер турган? “Куугунтук курмандыктары” подкастында ушул теманы тарых илимдеринин кандидаты Аида Кубатова, коомдук ишмер, тарыхчы Алмаз Кулматов жана тарых илимдеринин кандидаты Жумагул Байдилдеев...

Көркөм мурастарга чабуул: КГБ сандыгына түшкөн кол жазмалар 05.12.2023

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин СССРде репрессиянын жаңы толкуну жүргөн. КГБ архивине бир нече элдик мурастар, жазгыч акындардын чыгармалары кулпуланган. “Молдо” деген эпитет кошулуп айтылганы үчүн эле бийликтин каарына калган агартуучулардын жана акындардын мурасы, алардын изилдеп абакка түшкөн окумуштуулардын татаал тагдыры тууралуу кеп кылабыз.

Listen to the Куугунтук курмандыктары podcast in Replaio

Radio and podcasts in one app - free, with no sign-up. Install today and do not miss the launch

Get it on Google Play

Replaio is not a podcast publisher; show names, artwork and audio belong to their authors and are distributed through public RSS feeds.