ЭЕ/АҮ

Куугунтук курмандыктары

History KY ↓ 44 episodes

Жазыксыз жерден жайран болгон тагдырлар. Саясий репрессиянын айтылбаган өңүттөрү. Улут трагедиясын унуттурбаган коомдук эс тутум. "Азаттыктын" "Куугунтук курмандыктары" подкастында тарыхтын актай калган барактарын толуктайбыз.

Author

ЭЕ/АҮ

Category

History

Podcast website

www.azattyk.org

Latest episode

May 13, 2026

Where to listen?

Podcasts in the app Replaio Radio Coming soon

Podcasts are coming to the app soon. Install now and be the first to see a whole new take on podcasts

Get it on Google Play Install for free Android 5M+ downloads · 4.8 rating iOS soon

Episodes

НКВДнын кандуу жолу: Абдыкадыр Орозбековдун тагдыры 06.11.2023

Мамлекеттик ишмер Абдыкадыр Орозбековдун урпактары жазыксыз репрессияланган атасынын сөөгү кайда көмүлгөнүн табууга жардам сурап өлкө жетекчилигине кайрылууну көздөп турат. Сталиндик кандуу репрессиянын курмандыгы болуп, кайда көмүлгөнү белгисиз калган миңдеген кишилердин арасында Орозбековдун да ысымы бар. Анын кантип жазага тартылганы, сөөгү кайда көмүлгөнү тууралуу имиштерден башка далилдүү фак...

Репрессия курмандыктарын актоо мыйзамы 31.10.2023

1918-1953-жылдардагы саясий репрессия курмандыктарын актоо жөнүндөгү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынды. Анын максаты совет доорундагы жашыруун архивдерди ачыкка чыгаруу. Биздин талкууга президенттин кеңешчиси, тарых илимдеринин кандидаты, жазуучу Арслан Капай уулу, ЖК депутаты, мыйзамдын авторлорунун бири Жанарбек Акаев жана милициянын отставкадагы полковниги Төлөгөн Чорм...

“Кулактын баласы". Сүргүндө балалыгы калган Асанкан Жумакматов 17.10.2023

1920-1930-жылдары кулакка тартылып, сталиндик репрессиянын курмандыгы болуп, куугунтукталгандардын урпактарынын тагдыры кандай болду? Атасы сүргүнгө, өзү апасы жана агасы менен Украинанын Херсон аймагына айдалган атактуу дирижер, Кыргыз эл баатыры Асанкан Жумакматовдун өмүр жолу.

"Элге чындыкты айтуу абзел". Казакстан КГБ архивдерин ачууда 30.09.2023

Казакcтандын бийлиги 1929-1956-жылдардагы репрессиянын курмандыктарына тиешелүү жана купуя сакталган архивдик маалыматтарды ачыкка чыгарууда. Казакстандык окумуштуу, тарых илимдеринин доктору, академик Мамбет Койгелдиев жана кыргызстандык тарыхчы Жумагул Байдилдеев менен ушул тууралуу кеп кылабыз

"Мекен дебей Родина дейбиз". Эне тил үчүн күрөш 18.09.2023

Өткөн кылымдын 80-жылдарындагы кыргыз тилинин макамы үчүн күрөш. Кыргыз тили мамлекеттик тил катары жарыяланган 23-сентябрдагы парламент жыйыны. Мыйзамдын алгачкы вариантын даярдаган авторлордун бири, белгилүү фольклорчу, тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов менен чогуу эскеребиз.

“Ата-Бейит” тарыхы: 53 жылдан кийин табылган сөөктөр 30.08.2023

Кыргызстан эгемендүүлүгүн жарыялардын алдында сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон 137 кишинин сөөгү арууланып, кайра жерге берилген. Бул окуяны коомдук ишмер Роза Айтматова жана тарых илимдеринин доктору, коопсуздук кызматынын запастагы полковниги, “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинин директору Болот Абдырахманов менен эскеребиз.

Боштондук күрөшү, колониалдык режимдин кыргыны 10.08.2023

“Куугунтук курмандыктары” подкастында кыргызстандык окумуштуу, тарых илимдеринин кандидаты Аскар Беделбаев жана казакстандык тарыхчы Шамек Туалебаев менен 1916-жылдагы колониализмге каршы күрөш, катаал режимдин кыргыны – Үркүн тууралуу кеп кылабыз.

Десоветизация: кулчулук мүнөз, эки жүздүү саясат 16.06.2023

Орусиянын Украинага бастырып киргенден бери пост-советтик чөлкөмдө деколонизация, десоветизация түшүнүктөрү кайра актуалдашты. Тарых илимдеринин доктору, профессорлор Аалыбек Акунов, Тынчтыкбек Чоротегин менен 90-жылдардагы демократиялык кыймылдар, тарыхка эки жүздүү саясат тууралуу талкуулайбыз.

“Туткундагы жоокерлердин көбү кайтпай калган” 26.05.2023

Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагына 78 жыл болгону менен, учурда согуш туткундарынын таржымалы жана тагдыры тууралуу толук изилдөө жүргүзүлө элек. Иликтөөчү Бактыгүл Акунбаеванын айтымында, согуштун алгачкы жылдары туткунга түшкөн жоокерлердин көбү лагерлерде каза болгон.

Таластагы көтөрүлүш: совет бийлиги жашырган жазалоо 16.05.2023

1930-жылдары Кыргызстандын Талас аймагында көтөрүлүш болуп, эл кулакка тартуу саясатына жана башка басым-кысымга каршы чыккан. Бул окуянын арты эмне менен бүткөн жана анын кесепети кандай болгон? Коопсуздук кызматынын отставкадагы полковниги, бир нече даректүү изилдөөнүн автору Талант Разаков жана “Азаттыктын” редактору Заирбек Бактыбаев менен талкуулайбыз. 

Тарыхый эс тутум: эл унутпаган трагедиялар 27.04.2023

Тарыхый эс тутум деген эмне? Анын мааниси кандай? Кыргызстанда буга канчалык көңүл бурулат? "Куугунтук курмандыктары" подкастында белгилүү жазуучу жана тарыхчы Арслан Капай уулу Койчиев, тарыхчы окумуштуу Гүлзат Алагөз менен ушул тууралуу талкуулайбыз.

Репрессия курмандыгы болгон кыргыз аскерлери 10.04.2023

Тарыхчылардын болжолунда 1937-38-жылдардагы сталиндик репрессиянын маалында кыргыздын ондогон алгачкы чыгаан аскер жетекчилери атылып, кыйноодон өлгөн болгон. Алардын катарында Аден Истамбеков да бар. Репрессияланган аскер интеллигенциясынын тагдыры, куугунтуктун кесепеттери тууралуу сөз кылабыз.

“Чоң атамды басмачы дешкен”. Памирден Ванга көчкөн Рахманкул хан 27.03.2023

Түркиянын Дижле университетинин окутуучусу, акын Абдулмукадес Кутлу Вандагы кыргыздар, Памирден жер оодарган себебин, чоң атасы Рахманкул хандын керээзи тууралуу "Азаттыкка" кеп салып берди.

Басмачылык кыймыл: далилдүү маалыматтан уламыш көп 10.03.2023

1918-1930-жылдары Борбор Азияда совет бийлигине каршы чыккан кыймылдар тууралуу талаштуу пикирлерге азырга чейин чекит коюла элек. Басмачылар баатырларбы, талоончуларбы? Укуктук баа берүүдө эмнеге көңүл буруш керек? “Куугунтук курмандыктары” подкастында ушул теманы талкуулайбыз.

Советтик режим жашырган чындык: Херсондогу кыргыздар 15.02.2023

“Куугунтук курмандыктары” подкастында ХХ кылымдын 30-жылдарында Украинанын Херсон аймагына айдалып, репрессияланган кыргыздар тууралуу белгилүү журналист жана публицист Амирбек Азам уулу, тарыхчы Гүлзат Алагөз кызынын изилдөөлөрү менен тааныштырабыз.

Репрессия: КГБ архиви ачпаган сырлар 02.02.2023

1920-50-жылдардагы репрессия курмандыктарын актоо тууралуу мыйзам долбоору бир айдан бери талкууланууда. 1994-жылы кабыл алынган мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоордо Улуттук архив фонду тууралуу дагы өзгөртүү сунушталды. “Куугунтук курмандыктары” подкастында ушул маселени талкуулайбыз.

Концлагерден Кыргызстанга чейинки жол 24.01.2023

Театр таануучу, куугунтук курмандыгы Людмила Жапар кызы Молдалиева - 2-Экинчи дүйнөлүк согуш башталганда депортацияланган советтик немис үй-бүлөлөрдүн биринин мүчөсү. Ал энеси Мариянын “эмгек лагеринде” кечирген күндөрү, репрессияга кабылган атасын Кыргызстандан кантип табышканын айтып берет.

СССРдин аң-сезимде калган мөөрү 23.12.2022

Дүйнөлүк тарыхтын нугун өзгөрткөн окуя – СССР деген ири державанын ураганына 25-декабрда 31 жыл болот. 15 союздук республиканы бириктирип, калкы 290 миллионго жетип, Кытай, Индиядан кийинки эле орунда турган чоң өлкө туура 100 жыл мурун - 1922-жылы, 30-декабрда түзүлгөн.

Өткөндүн сабагы: диктатура менен репрессия киндиктеш 13.12.2022

Кыргызстанда Ишенаалы Арабаевдин 140 жылдык мааракеси белгиленип, эскерилүүдө. Биз ХХ кылымдын 30-жылдарындагы ыраймысыз репрессия, анын азыркы сабагы тууралуу сөз кылабыз. Талкууга тарых илимдеринин кандидаты Аида Кубатова, коомдук ишмер, тарыхчы Алмаз Кулматов катышты.

Listen to the Куугунтук курмандыктары podcast in Replaio

Radio and podcasts in one app - free, with no sign-up. Install today and do not miss the launch

Get it on Google Play

Replaio is not a podcast publisher; show names, artwork and audio belong to their authors and are distributed through public RSS feeds.