ЭЕ/АҮ
Соңку жаңылыктар
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.
Husk å besøke podkastens nettsted og støtte skaperen: www.azattyk.org
Hvor kan du lytte?
Podkaster i appen Replaio Radio Kommer snartPodkaster kommer snart til appen. Installer nå, og bli den første som ser en helt ny tilnærming til podkaster
Episoder
Амирдин өлүмү: министр сөгүш алып, иш козголду | Жаңылыктар | 11.11.2026 11.11.2026 20:26
Ала-Арча капчыгайында каза болгон Амир Кунакуновдун өлүмү боюнча коомчулуктун сын-пикиринен кийин кылмыш иши козголуп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жооптуу үч кызматкери жумуштан алынды. - Ал тапта Амирдин апасы Кенже Акиева Жогорку Кеңештин экс-депутаты, жолдошу Максат Кунакунов жалган жалаа менен камакта отурганын айтып чыкты. Милиция иш боюнча маалымат таратты. - Орус армиясынын катарына ко...
"Жардамды аягына чейин жылбай күтүптүр". Амирдин өлүмү, ӨКМдин дарегине сын | Жаңылыктар | 10.11.2026 10.11.2026 20:22
Ала-Арча капчыгайында каза болгон 14 жаштагы Амир Кунакуновдун сөөгү жерге берилди. Тоодон адашып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өзү кабар бергенине карабай ал аман-эсен куткарылган жок. Кыргыз өкмөтү кырсыктын чоо-жайын териштирет. Израилдин президенти Ицхак Герцог жаңы өкмөттүн курамын түзүүнү “Яшад” партиясынын лидери Гади Айзенкотко берип, өкмөттү куроо аракети уланууда. Садыр Жапаров презид...
“Жүрөккө сайыптыр”: Айжибек Түркияда каза болду | Жаңылыктар | 09.11.2026 09.11.2026 20:51
Кыргызстанда ушул апта президенттикке талапкер көрсөтүү жараяны аяктайт. Азыр беш киши Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берип, кол топтоо менен алек. Түркиянын Стамбул шаарында 35 жаштагы кыргызстандык Айжибек Нургазиева бычак жеп каза тапты. Кылмышка шектелип кыргызстандык кыз кармалды. Польшада алты кишини атып өлтүргөн жергиликтүү тургун ооруканада каза болду. Кол салуудан чет өлкөлүк туристт...
Президенттикке талапкерлердин карааны | Жаңылыктар | 06.11.2026 06.11.2026 16:14
Президенттикке талапкер болуш үчүн топтолчу 30 миңден кем эмес шайлоочунун кол тамгасы боюнча суроо жаралды. Аны “Түндүк” тиркемеси аркылуу гана топтоо керекпи же кол менен жазып да чогултса болобу? Бул арада мурдагы депутат Исхак Масалиев президенттике талапкерлигин көрсөтүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берди. Саясатчы Бектур Асанов да талапкерлигин коерун билдирди. Мелания Трамп Ак...
Жемкорлукка жаза: УКМКга доомат, сот эмнеге таянат? | ЖАҢЫЛЫКТАР | 05.11.2026 05.11.2026 22:19
Президент Садыр Жапаров “Газпром Кыргызстан” компаниясы өзүнө алган милдеттерин аткарбаса, өкмөт аны Кумтөр кениндей кылып мамлекетке алып коёрун эскерткенин айтты. Кыргызстан газ тармагын өзү башкара алабы? 2 миң сом пара үчүн эки жылга кесилген жарандын жагдайынан кийин Жогорку сот мыйзамга өзгөртүү киргизмей болууда. Коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү үчүн кабыл алган мыйзамдын тегерегинде талку...
Жапыкеев бийликтин саясий долбоорубу? | Жаңылыктар | 04.11.2026 04.11.2026 23:59
Жапыкеев бийликтин саясий долбоорубу? Президенттик шайлоого катышам деген саясатчынын сынына бийликтин көтөрүмдүү мамилеси талкууларга жем таштады. Кымбатчылык элди кыйнады. Бааларды туруктуу кармоо үчүн эмне кылуу керек? Эксперттер ой болүшөт. АКШ тарыхындагы алгачкы мусулман-сенатор. Кошмо штаттарда өткөн шайлоонун алдын ала жыйынтыктарына ылайык, Демократиялык партия Конгресстин эки палатасында...
Ташиев кеткени Атайын кызматта эмне өзгөрүү болду? | ЖАҢЫЛЫКТАР | 03.11.2026 03.11.2026 19:57
Аймактарда Атайын кызматтын дарегине даттануулар ачык айтылып жатат. Камчыбек Ташиев кызматтан кеткенден бери эмне өзгөрдү? Акыйкаттык издеген элдин үнүн бийлик канчалык угуп жатат? Бул арада абактагы ишкер Имамидин Ташов президентке кайра кат жазды. Ал мамлекет башчысын абактагы кыйноолор тууралуу маалыматтарга көңүл бурууга чакырууда. Украинанын Камышеваха кыштагына жасалган аба соккуларынан 30...
Бийликти сындаган Жапыкеевге "Ынтымак Ордо" жооп берди | Жаңылыктар | 02.11.2026 02.11.2026 14:45
Кызыл-Кыяда Дилфуза аттуу келиндин өлүмүнө күйөөсү шектелүүдө. Маркумдун артында үч баласы калды. Европада жаштар кымбатчылыкка нааразы болуп, акцияга чыгууда. Айрым жерлерде полиция менен кагылышуулар катталды. Кымбатчылык көйгөйүн Кыргызстанда саясатчы Сыймык Жапыкеев да көтөрүп, бийликти сындады. Ага "Ынтымак ордо" жооп берди.
Анкара саммити: Эрдоган менен Алиевдин ортосунда эмне болду? | ЖАҢЫЛЫКТАР | 30.10.2026 | 30.10.2026 22:22
Кыргыз өкмөтү эл аралык санкцияларды кыйгап өтүүгө жол бербөө үчүн 52 ишкананын ишин токтотуп, дагы 57 компанияны мажбурлап жабууга бел байлады. Батыш өлкөлөрү Орусияга салынган санкцияларды буйтоого жардам берет деген дооматын Кыргызстанга бир нече ирет койгон. Дүйнөдөгү эң ири криптовалюта биржаларынын бири болгон Binance хакердик чабуулга кабылды. Зыяндын көлөмү 6,3 млрд долларга жетиши мүмкүн....
Мадумаровго "кол салуу болду" дегенди ким таратты? | Жаңылыктар | 29.10.2026 29.10.2026 28:45
Испанияда темир жол кырсыгында 69 киши каза таап, жүздөн ашык киши жарат алды. Мадридден чыккан эки поезддин кагылышуусуна эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Кыргыз өкмөтү балыктын жеми, картөшкө, алма, кумшекер өңдүү товарлардын импортуна алты айлык чектөө киргизгени турат. Импортко чектөө коюу механизми канчалык натыйжалуу? Милиция Адахан Мадумаровго кол салуу тууралуу маалыматты четке какты....
Шайлоо: Садыр Жапаровго кимдер атаандаш болот? | Жаңылыктар | 28.10.2026 28.10.2026 20:29
Алдыдагы шайлоодо Садыр Жапаровго кимдер атаандаш боло алат? Азырынча үч эле киши талапкер болуу ниети менен Боршайкомко арыз берди. Израилдеги парламенттик шайлоодо өкмөт башчы Биньямин Нетаньяхунун блогу бир аз айырма менен алдыга озуп чыкты. Анын негизги атаандашы Гади Айзенкоттун партиясы кийинки орунда келди. Ата-энени, бир тууганды сыйлоонун үлгүсүн көрсөтуп кетти. Чыгаан илимпоз, коомдук иш...
"Атамды эки миң сом пара бердиң деп эки жылга кести". Сот адилеттүүлүгү талкууда | Жаңылыктар | 27.10.2026 27.10.2026 28:16
Президент Жапаровдун Жалал-Абад облусундагы жолугушууларында эл эң көп көтөргөн маселе укук коргоо жана сот органдарына байланыштуу болду. Буга чейинки беш жылдыкта эмнеге реформа болгон жок? Орус аскерлери согуштун башында ээлеп алган Херсон облусунун батышындагы Олешки шаарында ок атышпоо режими күчүнө кирди. Шаарда эки миңдей киши, арасында 50 жашы жетелек бала жашап жатат. “Дөөлөт курулуш” ком...
"Атамды эки миң сом пара бердиң деп эки жылга кести". Сот адилеттүүлүгү талкууда | ЖАҢЫЛЫКТАР | 27.10.2026 27.10.2026 16:53
Президент Жапаровдун Жалал-Абад облусундагы жолугушууларында эл эң көп көтөргөн маселе укук коргоо жана сот органдарына байланыштуу болду. Буга чейинки беш жылдыкта эмнеге реформа болгон жок? Орус аскерлери согуштун башында ээлеп алган Херсон облусунун батышындагы Олешки шаарында ок атышпоо режими күчүнө кирди. Шаарда эки миңдей киши, арасында 50 жашы жетелек бала жашап жатат. “Дөөлөт курулуш” ком...
Ширшов президентке Максимдин кандай сырын ачкан? | Жаңылыктар | 26.10.2026 26.10.2026 21:48
Президент эл менен жолукканда майнинг фирмалар тууралуу маселе көтөрүлүп, Алексей Ширшовдун ысымы аталды. Жапаров энергетикадагы коррупциянын көмүскө схемасын түзгөнү айтылып келген Ширшовдун Кыргызстандагы долбоорлору, кайсыл тармакка канча акча салганы тууралуу алгач ирет кенен маалымат берди. Сербияда мөөнөтсүз парламенттик шайлоодо Батышка ыктаган жаштардын кыймылы башкаруудагы партияны жеңди....
Согушка алданып кеткендерди кайтаруу көйгөйү | Жаңылыктар | 23.10.2026 23.10.2026 21:15
Жалал-Абаддын тургуну президентке Атайын кызмат, прокуратура жетекчилеринин үстүнөн арызданды. Акыйкаттык издеп Баткенден Бишкекти көздөй жөө келаткан активист Батма Жолболдуеваны Садыр Жапаров кабыл алмай болду. Ташиевдин жердештери УКМКнын үстүнөн арызданды
Абактагы Ташов, Султанбеков президентке кайрылды | ЖАҢЫЛЫКТАР | 22.10.2026 22.10.2026 20:10
Абактагы саясатчы Темирлан Султанбеков менен ишкер Имамидин Ташов акыйкаттыкты талап кылып президент Садыр Жапаровго кайрылды. Орусиячыл пропагандалык мүнөздөгү “Евразия” фонду Кыргызстандын аймактарына кулачын жаюуда. Бул фонд каржылаган борбор эми Нарынга ачылды. Индияда жаштардын “Таракандар” партиясы кайрадан козголду. Жайында кыймылдын демонстрациялары билим берүү министринин кызматтан кетиши...
Орусия миңдеген борборазиялыкты кантип согушка айдады? | ЖАҢЫЛЫКТАР | 21.10.2026 21.10.2026 16:53
Камактагы активист Тилекмат Кудайберген уулун сот үй камагына чыгарган жок. Адвокат мыйзам боюнча, шектүүнү тергөө абагында бир гана жыл кармоого болорун айтып жатат. Пландуу жыйынбы же шайлоо алдындагы программабы? Садыр Жапаров өкмөт менен чоң кеңешме өткөрүп, алдыдагы беш жылга карата пландарын айтып берди. Владимир Путин менен Стив Уиткофф жолукту. Америкалык чабарман ага чейин Ослодо Украинан...
Мадумаров президенттик шайлоого катыша албайт | Жаңылыктар | 20.10.2026 20.10.2026 20:54
- Мадумаров президенттик шайлоого катыша албайт. Жогорку сот саясатчыга буга чейин чыккан өкүмдү күчүндө калтырды. - Кыштан кантип чыгабыз? Энергетика министрлиги керектөө көп болгон учурда жарык өчүрүлүшү мүмкүн экенин кабарлады. - Наристенин канга боелгон коляскасы, нес болгон бейкүнөө тургундар. Украинанын Харьков облусундагы борбордук паркка тийген дрон сокуусунан алты адам мерт кетти.
Жапыкеевди милиция кармады, Жапаров Аблязовду "калпычы" деди | Жаңылыктар | 19.10.2026 19.10.2026 23:07
АКШнын Мамлекеттик катчысы Марко Рубио Самаркандда Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн тышкы иштер министрлери менен жолукту. Анда Вашингтондун аймак менен кызматташтыгын кеңейтүү маселелери талкууланды. Кыргызстандын соту өздөрүн “Шумкар” оппозициялык кыймылы деп атаган төрт жарандын ишмердигин экстремисттик деп тапты. Алар социалдык тармактар аркылуу бийликке карата кескин билдирүүлөрдү жасап келатат....
ИИМ Мадумаровдун 150 миң долларын кайтарып бердиби? | Жаңылыктар | 16.10.2026 16.10.2026 24:50
Президенттик шайлоого камынган эки генералдын – Өмүрбек Суваналиев менен Сыймык Жапыкеевдин тил сынагынан өтпөй калышы талкуу жаратты. Бул сынак талапкерлерди электен өткөргөн тоскоолдук эмеспи? АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Өзбекстанга келет. Бул сапар Трамптын администрациясы Борбор Азия менен экономикалык байланыштарын кеңейтүүгө жана аймактагы стратегиялык ролун күчөтүүгө аракет кылып...
Орусияда мигранттардын балдары акча төлөп окуйбу? | Жаңылыктар | 15.10.2026 15.10.2026 18:05
Президенттикке талапкер болуш үчүн ишкер Аймен Касенов Боршайкомго арыз берди. Украинадагы согушка орус армиясынын катарында катышып келген тажикстандык жаран мекенинде эки кишини өлтүрүп, короосуна көмп койгон деп шектелүүдө. Орусияда мигранттардын балдары мектепке акча төлөп окуйбу?
Согушка тартылган мигранттар кантип кайтарылат? | Жаңылыктар | 14.10.2026 14.10.2026 19:32
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Орусиядан Украинадагы согушка тартылган мигранттар эртерээк кайрылса, аларды кайтарып алып келүү мүмкүн экенин билдирди. Маселе парламентте көтөрүлдү. Саудиялык мунай иштетүүчү мамлекеттик Арамко компаниясынын кеңсесине сокку урулду. Сауд Арабия менен йемендик хусилердин ортосундагы чыңалуунун күчөшү жаңжалдын бүтүндөй аймакка жайылуу коркунучуна жем таштады....
Бийликти сындаган Сыргак Кенжебаев кайдан кармалды? | Жаңылыктар | 13.10.2026 13.10.2026 19:29
Сыргак Кенжебаев Кыргызстанга алып келинип, камалды. Активист соңку эки айдан бери бийликтин дарегине сын билдирүүлөрдү жарыялап келаткан. Бул арада абактагы ишкер, Имамидин Ташовдун маселеси кайрадан көтөрүлдү. Апасы “уулу жалган жалаа менен соттолгонун” айтса, президент ал "революция кылууну" максат кылганын билдирди. Азербайжанда хижаб талашы кайра күчөдү. Социалдык тармактарда хижабчан окуучу...
"Аэропорттогу соккуда аман калдым". Эр-Рияддагы кооптуу кырдаал | ЖАҢЫЛЫКТАР | 12.10.2026 12.10.2026 22:07
Эр-Рияддагы Падыша Халид атындагы эл аралык аэропортко урулан сокку 13 адамдын өмүрүн алды, 320дан ашыгы жараат алды. Чабуул үчүн Йемендеги Иран колдогон хусилер жоопкерчиликти алды. Башкы прокуратура Курманбек Авазов менен Каныбек Досмамбетовдун кармалганын ырастады. Экс-чекисттер ишкерлерден акча талап кылганбы? Клара Сооронкулованы үйүнө кимдер аңдып келди? Милцияга кайрылган юрист муну алдыдаг...
Министрдин "таш заманына" Ташиевдин жообу | Жаңылыктар | 08.10.2026 08.10.2026 25:33
Жапырт кармалган саясатчыларга сот өкүмү чыкты. Темирлан Султанбеков жети жылга кесилсе, мурдагы президенттин уулу Кадырбек Атамбаев төрт жылга камалды. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму кара тумоо тууралуу Орусиядан кошумча маалымат сурады. Орус бийлиги лабораторияда кырсык болгон деген маалыматты четке кагууда. Айыл чарба министри Эрлист Акунбековдун айтканына Камчыбек Ташиев жооп берди. Министр э...
Lignende podkaster
Replaio er ikke podkastutgiver; programnavn, omslag og lyd tilhører opphavspersonene og distribueres via offentlige RSS-feeder.