ЭЕ/АҮ

Соңку жаңылыктар

News KY ↓ 300 episodi

Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.

Visita il sito del podcast e sostieni chi lo crea: www.azattyk.org

Autore

ЭЕ/АҮ

Categoria

News

Sito del podcast

www.azattyk.org

Ultimo episodio

22 ott 2026

Dove ascoltare?

I podcast nell'app Replaio Radio In arrivo

I podcast stanno per arrivare nell'app. Installala ora e scopri per primo un modo tutto nuovo di vivere i podcast

Scaricala su Google Play Installala gratis Android quasi 10 mln di download · valutazione 4,8 iOS in arrivo

Episodi

Абактагы Ташов, Султанбеков президентке кайрылды | ЖАҢЫЛЫКТАР | 22.10.2026 22.10.2026

Абактагы саясатчы Темирлан Султанбеков менен ишкер Имамидин Ташов акыйкаттыкты талап кылып президент Садыр Жапаровго кайрылды. Орусиячыл пропагандалык мүнөздөгү “Евразия” фонду Кыргызстандын аймактарына кулачын жаюуда. Бул фонд каржылаган борбор эми Нарынга ачылды. Индияда жаштардын “Таракандар” партиясы кайрадан козголду. Жайында кыймылдын демонстрациялары билим берүү министринин кызматтан кетиши...

Орусия миңдеген борборазиялыкты кантип согушка айдады? | ЖАҢЫЛЫКТАР | 21.10.2026 21.10.2026

Камактагы активист Тилекмат Кудайберген уулун сот үй камагына чыгарган жок. Адвокат мыйзам боюнча, шектүүнү тергөө абагында бир гана жыл кармоого болорун айтып жатат. Пландуу жыйынбы же шайлоо алдындагы программабы? Садыр Жапаров өкмөт менен чоң кеңешме өткөрүп, алдыдагы беш жылга карата пландарын айтып берди. Владимир Путин менен Стив Уиткофф жолукту. Америкалык чабарман ага чейин Ослодо Украинан...

Мадумаров президенттик шайлоого катыша албайт | Жаңылыктар | 20.10.2026 20.10.2026

- Мадумаров президенттик шайлоого катыша албайт. Жогорку сот саясатчыга буга чейин чыккан өкүмдү күчүндө калтырды. - Кыштан кантип чыгабыз? Энергетика министрлиги керектөө көп болгон учурда жарык өчүрүлүшү мүмкүн экенин кабарлады. - Наристенин канга боелгон коляскасы, нес болгон бейкүнөө тургундар. Украинанын Харьков облусундагы борбордук паркка тийген дрон сокуусунан алты адам мерт кетти.

Жапыкеевди милиция кармады, Жапаров Аблязовду "калпычы" деди | Жаңылыктар | 19.10.2026 19.10.2026

АКШнын Мамлекеттик катчысы Марко Рубио Самаркандда Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн тышкы иштер министрлери менен жолукту. Анда Вашингтондун аймак менен кызматташтыгын кеңейтүү маселелери талкууланды. Кыргызстандын соту өздөрүн “Шумкар” оппозициялык кыймылы деп атаган төрт жарандын ишмердигин экстремисттик деп тапты. Алар социалдык тармактар аркылуу бийликке карата кескин билдирүүлөрдү жасап келатат....

ИИМ Мадумаровдун 150 миң долларын кайтарып бердиби? | Жаңылыктар | 16.10.2026 16.10.2026

Президенттик шайлоого камынган эки генералдын – Өмүрбек Суваналиев менен Сыймык Жапыкеевдин тил сынагынан өтпөй калышы талкуу жаратты. Бул сынак талапкерлерди электен өткөргөн тоскоолдук эмеспи? АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Өзбекстанга келет. Бул сапар Трамптын администрациясы Борбор Азия менен экономикалык байланыштарын кеңейтүүгө жана аймактагы стратегиялык ролун күчөтүүгө аракет кылып...

Орусияда мигранттардын балдары акча төлөп окуйбу? | Жаңылыктар | 15.10.2026 15.10.2026

Президенттикке талапкер болуш үчүн ишкер Аймен Касенов Боршайкомго арыз берди. Украинадагы согушка орус армиясынын катарында катышып келген тажикстандык жаран мекенинде эки кишини өлтүрүп, короосуна көмп койгон деп шектелүүдө. Орусияда мигранттардын балдары мектепке акча төлөп окуйбу?

Согушка тартылган мигранттар кантип кайтарылат? | Жаңылыктар | 14.10.2026 14.10.2026

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Орусиядан Украинадагы согушка тартылган мигранттар эртерээк кайрылса, аларды кайтарып алып келүү мүмкүн экенин билдирди. Маселе парламентте көтөрүлдү. Саудиялык мунай иштетүүчү мамлекеттик Арамко компаниясынын кеңсесине сокку урулду. Сауд Арабия менен йемендик хусилердин ортосундагы чыңалуунун күчөшү жаңжалдын бүтүндөй аймакка жайылуу коркунучуна жем таштады....

Бийликти сындаган Сыргак Кенжебаев кайдан кармалды? | Жаңылыктар | 13.10.2026 13.10.2026

Сыргак Кенжебаев Кыргызстанга алып келинип, камалды. Активист соңку эки айдан бери бийликтин дарегине сын билдирүүлөрдү жарыялап келаткан. Бул арада абактагы ишкер, Имамидин Ташовдун маселеси кайрадан көтөрүлдү. Апасы “уулу жалган жалаа менен соттолгонун” айтса, президент ал "революция кылууну" максат кылганын билдирди. Азербайжанда хижаб талашы кайра күчөдү. Социалдык тармактарда хижабчан окуучу...

"Аэропорттогу соккуда аман калдым". Эр-Рияддагы кооптуу кырдаал | ЖАҢЫЛЫКТАР | 12.10.2026 12.10.2026

Эр-Рияддагы Падыша Халид атындагы эл аралык аэропортко урулан сокку 13 адамдын өмүрүн алды, 320дан ашыгы жараат алды. Чабуул үчүн Йемендеги Иран колдогон хусилер жоопкерчиликти алды. Башкы прокуратура Курманбек Авазов менен Каныбек Досмамбетовдун кармалганын ырастады. Экс-чекисттер ишкерлерден акча талап кылганбы? Клара Сооронкулованы үйүнө кимдер аңдып келди? Милцияга кайрылган юрист муну алдыдаг...

Министрдин "таш заманына" Ташиевдин жообу | Жаңылыктар | 08.10.2026 08.10.2026

Жапырт кармалган саясатчыларга сот өкүмү чыкты. Темирлан Султанбеков жети жылга кесилсе, мурдагы президенттин уулу Кадырбек Атамбаев төрт жылга камалды. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму кара тумоо тууралуу Орусиядан кошумча маалымат сурады. Орус бийлиги лабораторияда кырсык болгон деген маалыматты четке кагууда. Айыл чарба министри Эрлист Акунбековдун айтканына Камчыбек Ташиев жооп берди. Министр э...

Спикер Маматалиев кимди коркутту? | Жаңылыктар | 07.10.2026 07.10.2026

Марлен Маматалиев "парламент алсыз, нотариус болуп калды” деген сөздөргө терикти. Спикер “мындан ары негизсиз дооматтарга" карата чара көрүлөрүн эскертти. Израил менен ХАМАСтын ортосундагы согуштун тутанышына алып келген 7-октябрдагы чабуулга үч жыл толду. Израилде ал чабуулдун курмандыктарын эскеришсе, Газада согуштун изи дале өчө элек. Мурдагы транспорт министри Нурлан Сулаймановго "коррупция" б...

Султанбеков 9 жылга, Атамбаев 7 жылга кесилеби? | Жаңылыктар | 06.10.2026 06.10.2026

Прокуратура Темирлан Султанбековго 9 жыл, мурдагы президенттин уулу Кадырбек Атамбаевге жана башка айыпталуучуларга 7 жарым жыл абак жазасын сурап жатат. Жапырт камалган саясатчыларга өкүм чыгарына аз калды. Бул арада бийлик Октябрь окуяларынын алты жылдыгын "Бишкек аренада" салтанат менен белгиленди. Өлкөдө соңку алты жылда эмне өзгөрдү? Францияда билим берүү шарттарына нааразы болгон окуучулар м...

Султанбеков 9 жылга, Атамбаев 7 жылга кесилеби? | Жаңылыктар | 06.10.2026 06.10.2026

Прокуратура Темирлан Султанбековго 9 жыл, мурдагы президенттин уулу Кадырбек Атамбаевге жана башка айыпталуучуларга 7 жарым жыл абак жазасын сурап жатат. Жапырт камалган саясатчыларга өкүм чыгарына аз калды. Бул арада бийлик Октябрь окуяларынын алты жылдыгын "Бишкек аренада" салтанат менен белгиленди. Өлкөдө соңку алты жылда эмне өзгөрдү? Францияда билим берүү шарттарына нааразы болгон окуучулар м...

Мурдагы министр Нурлан Сулайманов кармалды | Жаңылыктар | 05.10.2026 05.10.2026

Орусия кара тумоону жашырабы? Иркутскидеги Кара тумоого каршы илимий-изилдөө институтунун кызматкеринин өлүмүнөн кийин талкуу күчөдү. Бул арада Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан коопсуздук чараларын күчөттү. Айсаракан Абдибаеваны мандаттан ажыратууну талап кылгандардын саны 30 миңге чукулдады. Депутат сексуалдык мүнөздөгү айрым кылмыштар үчүн пробациялык жаза түрүн колдонууну сунуштаган. Кыргыз...

FlyDubai учагында пилот капитанды бычактады | ЖАҢЫЛЫКТАР | 01.10.2026 01.10.2026

Дубайдан Тель-Авивге бараткан «ФлайДубай» компаниясынын учагында пилот капитанды бычактады. Анын мындай кадамга эмне себептен барганы азырынча белгисиз. Учакта 174 жүргүнчү болгон. Милиция “Орунбековдун тизмеси” боюнча ишти териштирүүнү улантат. Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбековду “жеке маалыматтарыбызды колдонду” деп бир топ адам милицияга арыз берген. Жапонияда...

Орусиялык байлар кымбат машинелерди Кыргызстан аркылуу алдырабы? | ЖАҢЫЛЫКТАР | 30.09.2026 30.09.2026

"Санкцияны айланып өтүү схемасы". New York Timesтын жаңы иликтөөсүндө Кыргызстан да аталды. Берлинге барган Касым-Жомарт Владимир Путинди мактады. Ошол эле учурда Украинада болуп жаткан окуяларга тынчсызданып жатканын билдирди. Жапонияда өтүп жаткан XX жайкы Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбандар эки медал алды. Кыргызстанда азырынча алтын байге жок.

Президенттик шайлоо: Жапаровго Суваналиев атаандаш болобу? | Жаңылыктар | 24.09.2026 24.09.2026

Казакстанда Каспий деңизиндеги атайын машыгууда ондон ашык аскер каза болгону кабарланды. Катуу шамалдан улам 19 аскер кырсыкка кабылды, деңизге чөгүп кеткендерди издөө иштери уланууда. Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылы 27-январда өтөт. Бул ири саясий жарышта тең атаандаштык болобу - деген суроо коомчулуктун көңүл чордонунда турат. Кытайдын лидери 11 жылдан бери биринчи жолу АКШга мамлеке...

БУУда Садыр Жапаров санкция саясатын сындады | Жаңылыктар | 23.09.2026 23.09.2026

Улуттар Уюмунун башкы трибунасында дүйнө лидерлери согуш, санкция, климатка байланыштуу көйгөйлөрдү көтөрдү. Кыргызстандын президенти Жапаров эл аралык коомчулуктун көнүлүн Ысык-Көлдү сактоого бурду. Үч айдан ашуун тергөө абагында отурган саясатчы Мавлян Аскарбеков лингвистикалык экспертизанын бүтүмүнө макул эместигин айтты. Мындан 37 жыл мурун кыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болгон. Андан бери...

Эки күндө эки окуучунун өмүрү кыйылды | ЖАҢЫЛЫКТАР | 22.09.2026 22.09.2026

Жаңы окуу жылынын башында Чаткалда 9-класстын, Сузакта 10-класстын окуучусу каза болду. Мектептеги балдардын коопсуздугун ким коргойт? Берлиндин мэри түркиялык мигранттардын кызы Элиф Эралп болуп калышы ыктымал. 45 жаштагы саясатчы Нью-Йорктун мэри Мамданиден үлгү алганын айтты Көмүскө схемаларда аты аталган, чуулгандуу ишкер Алексей Ширшов коомчулукка чыкты.

Москвага чабуул мигранттардын үрөйүн учурду | Жаңылыктар | 21.09.2026 21.09.2026

Кооптуу коңгурообу? Москвага жасалган Украинанын дрон чабуулу кыргызстандык мигранттардын үрөйүн учурду. Монголияда моңголдор менен казактардын ортосунда тил, тарых, дин жана салт-санаага байланышкан талаш күчөдү. Өлкө президенти Хүрэлсүх казактар жыш жашаган аймакка барды. Соодагерге арзан, элге кымбат. Ошто эттин баасына нааразы болгон ондогон соодагер Ош мэриясынын алдына чогулду.

Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө эмне курулууда? | Жаңылыктар | 17.09.2026 17.09.2026

Кыргызстанда мектептерге жетпей, базарда сатылып жаткан китептер боюнча чуу дале уланууда. Агартуу министрлиги менен “Учкун” ишканасы эмне дейт? АКШнын арачылыгы менен беларустук дагы 25 саясий туткун абактан бошоду. Бул үчүн Вашингтон эки ишкананы санкциялык тизмеден чыгарды. Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге таандык болгон үйдүн короосунда курулуш иштери жүрүүдө. башталганы...

«Балдарым, аялым Иракта абакта». Кыргыз бийлигинен жардам сураган карыя | Жаңылыктар | 16.09.2026 16.09.2026

Түштүк Корея Борбор Азиянын табигый минералдарын иштетүүгө кызыкса, чөлкөмдүн өлкөлөрү жогорку технологиялык өндүрүштү, виза, миграция маселесин жолго салууну сунуш кылды. Мамлекет баскан окуу китептер эмнеге базарда сатылууда? Окуу башталганы мектептердеги китеп көйгөйү кайрадан күн тартибине чыкты. Иракта камалган аялдардын жакындары бийликке кайрылып, президенттин кабыл алуусун суранууда. Иракт...

Жапаров президенттик кызматта туруп шайлоого катышабы? | Жаңылыктар | 15.09.2026 15.09.2026

Президент Садыр Жапаров алдыдагы шайлоого кызматта туруп талапкер катары катыша алабы? Боршайкомдун жообу. Түштүк Корея Борбор Азия менен кызматташууга эмне үчүн кызыкдар? Чөлкөмдөгү беш өлкөнүн лидерлери Сеулга барды. Кыргызстанда мектеп босогосун аттаган балдардын 60% кыргыз 40% орус тилдүү класстарга барды. Соңку жылдары кыргыз тилдүү менчик мектептерге суроо талап өсүп баратканы айтылууда.

Президент Жапаров эмнеден кооптонот? | Жаңылыктар | 09.09.2026 09.09.2026

Президент эмнеден кооптонууда? Садыр Жапаров жалган маалымат таратып, элди адаштыргандарга катуу чара көрүлөрүн дагы бир жолу эскертти. АКШ менен Ирандын ортосунда кырдаал кайра курчуду. Кошмо Штаттар Ирандын беш танкерин деңизге чөктүрдү, Тегеран Иорданиядагы америкалык базаны бутага алды. Билим берүүнүн абалы кандай? Кыргызстан PISA-2025 эл аралык сынагында 91 өлкөнүн ичинен 80-сапка чыкты.

Президент министрлерди эмнеге алмаштырууда? | Жаңылыктар | 08.09.2026 08.09.2026

Кыргызстанда юстиция министри менен эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри алмашты. Кадрдык өзгөртүүлөрдүн төркүнү эмнеде? Берлинде миңдеген адам ашкере оңчулдардын саясатта активдүү күчкө айлануусуна каршы акцияга чыкты. Мунун алдында Саксония-Анхальт аймагындагы парламенттик шайлоодо “Германия үчүн альтернатива” партиясы жеңүүчү болгон. Жаңы гана ачылып баасы талаш жараткан “Бишкек ар...

Ascolta il podcast Соңку жаңылыктар su Replaio

Radio e podcast in un'unica app - gratis e senza registrazione. Installala oggi e non perderti il lancio

Scaricala su Google Play

Replaio non è un editore di podcast; i nomi dei programmi, le copertine e l'audio appartengono ai rispettivi autori e vengono distribuiti tramite feed RSS pubblici