ЭЕ/АҮ

ЖЕР ЭНЕ

Education KY ↓ 38 episodes

Интернет менен роботтун заманында аба булганып, климат өзгөрүп жаткан маалда ЖЕР ЭНЕНИ кантип сактап калабыз. Табият менен аяр мамиледе болуп, өзүбүз жашаган аймактын экосистемасына кам көрүп, туруктуу өнүгүүгө кантип салым кошобуз?

Author

ЭЕ/АҮ

Category

Education

Podcast website

www.azattyk.org

Latest episode

Dec 5, 2025

Where to listen?

Podcasts in the app Replaio Radio Coming soon

Podcasts are coming to the app soon. Install now and be the first to see a whole new take on podcasts

Get it on Google Play Install for free Android 5M+ downloads · 4.8 rating iOS soon

Episodes

Экология жаштарга эле керекпи? 13.09.2023

Экологияга кам көрүүдө эмнеге улуу муунга караганда жаштар жигердүү? Мамлекеттин экологиялык саясаты канчалык ачык-айкын жана жаштар ага канчалык кызыгат? ЖЕР ЭНЕ подкастында климаттын өзгөрүүсүнүн Кыргызстанга таасири, климаттык активизм жана аны жайылтуу тууралуу баарлашабыз. Коноктор: "Жердин балдары” жаштар коомунун лидери Омар Даиров жана "Экоадам" баракчасынын автору, экомарафондун уюштурууч...

Багбанчылыкка баш-оту менен баткан чарбакер 17.03.2023

20 жыл мал менен алектенип келген Ала-Бука районунун тургуну Абылкасым Рахманов акыркы беш жылдан бери баш оту менен багбанчылыкка киришкен. Тажрыйба издеп чет өлкөлөргө чейин барып дыйканчылыктын жаңы ыкмаларын ачып жаткан Абылкасым Рахманов тууралуу «Жашыл планета» түрмөгүндө кеп кылабыз

Tulipa toktogulica - Токтогулда табылган жаңы жоогазын 01.03.2023

Сиз мандалак же жоогазындын Кыргызстанда канча түрү бар экенин жана анын канчасы "Кызыл китепке" киргизилип, мамлекеттин коргоосуна алынганын билесизби? "Жашыл планета" берүүсүндө ушул тема тууралуу сүйлөшөбүз.

Баткен: Тамчы суудан тал көгөрөт 24.02.2023

Климаты кургак, суу тартыш Баткенде кантип сууну сарамжалдуу пайдаланып, дыйканчылыктын жаңы маданиятын калыптандырса болот?

Кытай ыш маселесин кантип чечүүдө? 14.02.2023

Канткенде үйдүн, кеңсенин ичине кирип келген түтүндөн кантип арылабыз? "Жашыл планета" подкастынан өндүрүшү, калкы, экономикасы жагынан кыйла үлкөн Кытай мамлекети ыш маселесин кантип чечип жатканы тууралуу кеп кылабыз.

Жайлоонун камын ким көрөт? Жасалма мөңгү, төрт түлүк, климат 30.01.2023

Нарындын Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын тургуну Урмат Өмүрбеков жайыттарды коргоого жан үрөп жүргөн экоактивист. Ал соңку жылдары жайыттардын такырайып кеткенин иликтеп, экологиялык бул көйгөйдүн алдын алуунун камын көрүп жүрөт.

Geos: Отун жакпаган, абаны булгабаган конуш 27.01.2023

Кадимки отун жана газ жакпаган, зыяндуу заттарды айлана- чөйрөгө такыр бөлүп чыгарбаган конуш бар. АКШнын Колорадо штатындагы Geos конушун экоактивисттер, жашыл энергиянын жактыргандар, окумуштуулар жана курулуш жаатында иштеген адистер негиздеген. “Азаттыктын” кабарчысы жашыл конушта болду.

"Түтүн": Ыш уулаган жүрөктө кайсы сүйүү? 19.01.2023

Бишкектеги ички миграция, башаламан курулуш, жаңы конуштар жана таштанды полигону... Сүрөтчү, режиссер, архитектор Шайлоо Жекшенбаевдин "Түтүн" аттуу көргөзмөсүндө мына ушул көйгөйлөр ар кыл өңүттөн чагылдырылган.

Базарда сатылган кызыл колтук бака тукум курут болуп баратат 13.01.2023

Бишкектеги базарларда табышмактуу жагдайда кармалып, кургатылып, тутамдап сатылып жаткан уникалдуу кызыл колтук баканын "Кызыл китепке" киргенин баарыбыз билбейбиз. Тукум курут болуп бараткан кызыл колтук баканы сактоо эмне үчүн маанилүү? “Жашыл планета” түрмөгүнөн угуңуз.

Кунарсыз талааны кулпунткан сөксөөл 26.12.2022

Кыргызстанда кунарсыз жерлердин жалпы аянты 500 миң гектар. Анын көбү Баткен облусунда. Бир нече жылдан бери токойчулар мындай боз талааларга жан киргизүү үчүн сөксөөл бадалдарын тандап алышкан. “Жашыл Планета” түрмөгүндө сөксөөл талаалары, токойчулардын эмгеги, тажрыйбасы тууралуу айтып беребиз.

Таштандыны суперкомпьютер иргеп, жарык чыгарат 05.12.2022

Канткенде таштандыны полигонго жеткирбей толугу менен жок кылса болот? “Жашыл планета” түрмөгүндө Нидерланддын баш кааласы Амстердам шаарынын таштандыны иштетүү тажрыйбасы тууралуу айтып беребиз. Кабарчыбыз Сабыр Абдумомунов бул калаадагы таштандыларды кайра иштетүүчү AEB ишканасына барып келди.

Чычырканакты коргогон экоактивист 30.11.2022

Чычырканактын кыйылып, талкаланышы микроклиматка канчалык терс таасирин тийгизиши мүмкүн? Атбашылык экоактивист, чычырканактарды коргоп жүргөн Бегайым Мырзалиева менен ушул темада сүйлөшөбүз.

Байгер өлкөлөр планетаны сактоону моюнуна алат 22.11.2022

20-ноябрда Египеттин Шарм-эль-Шейх шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун глобалдык климаттык саммити аяктады. Анын жыйынтыгында климаттын өзгөрүүсүнөн жабыркаган жакыр өлкөлөргө жардам берүү үчүн атайын фонд түзүү макулдашылды. СОР27 саммитинин жыйынтыгы жөнөкөй кыргыз жараны үчүн эмне берет?

Listen to the ЖЕР ЭНЕ podcast in Replaio

Radio and podcasts in one app - free, with no sign-up. Install today and do not miss the launch

Get it on Google Play

Replaio is not a podcast publisher; show names, artwork and audio belong to their authors and are distributed through public RSS feeds.