ЭЕ/АҮ
ЖЕР ЭНЕ
Интернет менен роботтун заманында аба булганып, климат өзгөрүп жаткан маалда ЖЕР ЭНЕНИ кантип сактап калабыз. Табият менен аяр мамиледе болуп, өзүбүз жашаган аймактын экосистемасына кам көрүп, туруктуу өнүгүүгө кантип салым кошобуз?
Where to listen?
Podcasts in the app Replaio Radio Coming soonPodcasts are coming to the app soon. Install now and be the first to see a whole new take on podcasts
Episodes
"Жер арыктаганда аба булганат" 05.12.2025 31:51
Бириккен Улуттар Уюму 5-декабрды эл аралык топурак күнү катары бекиткен. Аталган уюмдун маалыматында учурда Жер планетасынын 40% аянты топурагын жоготуп, деградацияга учураган. Бул процесс Кыргызстанда да жүрүүдө. Эксперттер соңку кезде жайыттар жана айдоо аянттары асылдуулугун жоготуп, такырайып баратканын белгилешет. Окумуштуулар топурак абага зыяндуу газдарды чыгарбай кармап турган кабык экенин...
"Тоо коюнун таштандыдан арылткан Улук акын" 19.08.2025 18:54
Президент Садыр Жапаров элди туш келди таштанды ыргытуу адатын токтотуп, табиятты таза сактоого чакырды. Адистер өлкөдө бул көйгөй курч экенин айтып келет. Ал арада мамлекеттен колдоо күтпөй, таштандыны өз алдынча терген жарандар дагы жок эмес. Талас районунун тургуну, акын Улук Рысалиев Өтмөк ашуусуна жакын жерде, ары-бери каттаган жүргүнчүлөр токточу жерди күн алыс тазалап турат. Ал элди таштанд...
"Үйүрлүү чегиртке үйгө чейин киреби?" 03.07.2025 27:47
Кыргызстанда быйыл чегиртке жылдагыдан да көбөйүп, айыл чарбасына олуттуу коркунуч жаратты. Айыл чарба министрлиги 92 миңден ашуун гектар аянтты дарылоого аргасыз болду. Соцтармактарда борбор калаанын, Чүйдөгү чакан шаарлардын тургундары чегиртке көп кабаттуу үйгө чейин кирип жатканын жазышууда. “Жер эне” подкастында бүгүн чегирткелер жөнүндө айтып беребиз.
"Көлгө келген ак куулар арпа-буудай жебейт " 07.04.2025 25:52
2007-жылы чаккан Кызыл китепке жоголуп бараткан канаттуулардын 50дөн ашык түрү кирген. Кийинки редакцияга андан да көп түрү кириши мүмкүн. Жаратылыштын индикатору саналган куштардын жоголушуна аңчылык, жайыт жерлердин какырап, айдоо аянттарынын көбөйүшү, көлмөлөрдүн соолуп, саздардын кургашы себеп экени айтылып келет. "Жер эне" подкастында орнитолог Сейитказы Сагынбаев Кыргызстанды байырлаган кана...
"Жолбун итти аткандан көрө актап кой" 05.03.2025 25:23
Кыргызстанда соңку жылдары жолбун иттер көбөйүүдө. Адистер жолбундар жергиликтүү фаунага коркунуч туудурганы аз келгенсип, жугуштуу ылаңдын да таратуучусу болуп жатканын айтып келишет. Расмий органдар жолбундар маселесин атуу жолу менен чечкенге аракет кылышууда. Зооактивисттер мындай күрөшкө каршы чыгып, жаныбарларды өлтүрүү ордуна тукумсуздандыруу көбүрөөк пайда берерин белгилешет. “Жер Эне” под...
"Кундуз туран жолборсундай жок болду" 17.02.2025 28:57
Кыргызстанда кундуз калбай калганы белгилүү болду. Зоологдордун айтымында, бул сейрек жаныбардын жок болушуна адамдын ишмердиги түздөн түз таасир эткен. Кундуздун үзүлгөн тукумун кайра уласа болобу, ал үчүн кандай иш-аракеттерди кылуу керек? Дегеле Кыргызстанда дагы кайсы жапайы жандыктарды жок болуп кетүү коркунучу тооруп турат? “Жер эне ” подкастында зоолог, биология илимдеринин кандидаты Аскар...
Кызартка кам көргөн экоактивисттер 06.02.2025 13:12
“Азаттыктын” “Жер Эне” подкастында Нарындын Чолпон айылындагы тургундардын мээнети менен калыбына келген жайыттар тууралуу айтып беребиз. Айыл активисттери 20 жылдай алектенип жүрүп, такырайып калган 9 миң гектар жайытты калыбына келтирген. Кыргызстандагы жайыттардын аянты 9 млн гектарды түзөт.
"Өзүбүз жаккан отунга ууланып жатабыз" 27.01.2025 29:16
Бишкек соңку жылдары ыштын кучагында калды. Экологдор абада күкүрттүн кош кычкылы, көмүр кычкыл газы, азот кычкылы баштаган зыяндуу газдар көбөйүп кеткенин эскертип, коңгуроо кагышкан. “Жер эне” подкастында биз дем алган аба, анын курамы, зыяндуу заттар тууралуу эколог Бактыяр Асанов айтып берет.
"Кыргызстанда өскөн жер-жемиштин сапатын Дрезденде изилдейбиз" 29.07.2024 27:09
Техника илимдеринин кандидаты, доцент, Германиядагы Дрезден техникалык университетинин илимий кызматкери Жамила Сманалиева менен маекти сунуштайбыз. Ал Кыргызстанда өскөн жер-жемиш жана балдын сапатын изилдейт.
"Тоо өзгөрсө анын кесепети жалпы дүйнөгө тийет" 24.06.2024 21:36
Сел Борбор Азияны, анын ичинде Кыргызстанды катуу түйшүккө салууда. Бишкек эл аралык деңгээлде тоонун экосистемасын коргоого глобалдык алкакта чара көрүүгө чакырып келет. Климаттык дипломатия боюнча эксперт Дастан Абдылдаев “Жер Эне” подкастында ушул жана башка суроолорго жооп берди.
Желим баштыктан арылуу аракети үмүттү актайбы? 12.06.2024 18:41
Кыргыз бийлиги 2027-жылдын 1-январынан желим баштык жана идиштерди өндүрүүгө, колдонууга тыюу салууну көздөп жатат. Эл аралык ишкерлик кеңеши ал мүмкүн эместигин айтып, мыйзам долбоорун өзгөртүүнү сунуштады. Желим баштыкка тыюу салуу тажрыйбасын Ысык-Көлдө ишке ашыруу аракети өзүн актап жатабы?
Борбор Азиядагы чаң. Көйгөй кантип чечилет? 27.05.2024 31:39
Эмне үчүн акыркы акыркы 30 жылда Борбор Азияны чаң басты? Чөлкөмдөгү өлкөлөр көйгөйгө каршы кандай күрөш жүргүзүшү керек? Математиканын чаңды азайтуу жана абадагы кирди тазалоодо кандай ролу бар? Нидерландда иштеп жүргөн кыргызстандык окумуштуу Нурмира Жамангулова “Жер Эне” подкастында ой бөлүшөт.
Мураптын бир күнү 20.05.2024 12:24
Дыйканчылык жана багбанчылык менен жан баккандар үчүн сууну чыр жаратпай адилет бөлүштүрүп турган киши - мурап. Элеттеги бул кесип абройлуу, бирок түйшүгү көп. Баткендин Самаркандек айылындагы мурап, 58 жаштагы мурап Амирбек Каразаковдун бир күндүк жумушун “Жер Эне” подкастында уктурабыз.
Сеc көрсөткөн сел. Тооруган коркунучка даярдык кандай? 22.04.2024 19:10
2024-жылдын жаз мезгили дүйнөнүн ар кайсы жеринде болуп көрбөгөндөй суу ташкын жана сел менен коштолууда. Расмий эсепте Кыргызстанда сел жана суу ташкындоо кооптуулугу жогору 3600дөй аймак бар. Анын 1200гө жакынында эл жашайт. "Жер Эне" подкастында ушул маселе тууралуу сөз кылабыз.
Таштандыны таштаганды ким үйрөтөт? 13.04.2024 27:14
Кыргызстанда таштандыны иргөө маданияты эмнеге калыптанбай жатат? Таштандыны кайра иштеткендер эмне үчүн көмүскө жумуш кылууну туура көрүшөт? "Жер Эне" подкастында ушул маселеге кайрылабыз.
"Жүн менен кошо миң сомдуктар өрттөлөт" 17.03.2024 27:34
"Жер Эне" подкастында койдун жүнү жана анын жер семирткич катары пайдасы жөнүндө сүйлөшөбүз. Мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев жүндүн жер семирткич катары пайдасы, андан киреше алуунун заманбап жолдору тууралуу айтып берди. Кызыктуу баарлашууну угууга чакырабыз.
ЖЕР ЭНЕ: Желимден кантип кутулабыз? Ишкердин сунушу 03.03.2024 29:17
Кыргызстанда желим таштанды көйгөйүнө каршы күрөшүү чакырыктары эмнеге соцтармакта, жыйындарда гана айтылып, реалдуулукту маселеге көңүл бургандар өтө аз болуп жатат?
“Колубуз байлануу”. Геологду эмне түйшөлтөт? 18.02.2024 29:28
Кыргызстандык геологдор мамлекеттик колдоого муктаж болуп турушат. Жабдууларды дээрлик жарым кылымдан бери жаңырбагандыктан, окумуштуулар чет элдик кесиптештери менен атаандаша албай калышты. Геолог Рустам Орозбаев "Жер Эне" подкастында ушул маселелер тууралу кеп курду.
“Жер Эне”: Кокту-колот очок менен таштандыга толду 03.02.2024 25:07
Кыргызстанда экологияга кам көрүү эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын милдети деген түшүнүк калыптанып жаткан жокпу? Таштанды таштоо маданияты эмне үчүн негизги көйгөйгө айланды? “Жер Эне” подкастында экологдор Гамал Сооронкулов жана Бактияр Асанов менен баарлашуунун экинчи бөлүгүн угууга чакырабыз.
"Жер Эне": Төрт түлүк мал табиятты талкалайбы? 19.01.2024 24:23
Тоо-кен тармагы жапайы жаныбарларга кандай кедергисин тийгизип жатат? Ал эми төрт түлүк малдан экология кандай зыян көрүүдө? Бул суроолор “Жер Эне” подкастынын кезектеги чыгарылышынын өзөгүн түзөт. Бул суроолор “Жер Эне” подкастынын кезектеги чыгарылышынын өзөгүн түзөт.
"Жер эне": Изилдөөчү мугалимди лаборатория түйшүгү кыйнап жатат 08.01.2024 24:38
Бишкектеги №64 мектептин биология мугалими Нуржамал Аметжанова окуучулар менен мамык чөп жана арчадан май алып, илимий тажрыйба өткөрүп келатат. Эмгегине лицензия алайын десе, Кыргызстанда мындай тажрыйбаларга илимий аныктама бере турган лаборатория жок. “Жер эне” подкастын угууга чакырабыз.
"Борбор Азияда 5 млн киши жер которот". Климаттык өзгөрүүнүн кесепети 25.12.2023 28:46
Кыргызстандын экологиясы үчүн эл аралык уюмдар бөлүп жаткан миллиондогон долларды ким көзөмөлдөп, ким бөлүштүрөт? Глобалдык климаттык саясат жана Кыргызстандын стратегиясы кандай? “Жер Эне” подкастынын коногу - Климаттык каржылоо борборунун экс-директору Дастан Абдылдаев.
"Жер Эне": Кыргызстанда табылган белгисиз өсүмдүктөр 11.12.2023 20:21
Кыргызстанда өсүмдүктүн 4000дей түрү өсөт. Бул дээрлик 20 жыл мурдагы маалымат. Ботаниктер эл аралаганда эмнеге өздөрүнүн кесибин айткандан чочулашат? Павловния дарагын көп тиккенге адистер эмне үчүн каршы болгон? “Жер Эне” подкастында өлкөнүн флорасындагы өзгөрүүлөр жөнүндө сүйлөшөбүз.
Өсүмдүктөрдү сактаган Генбанк тууралуу эмне билесиз? 27.11.2023 8:39
“Жер Эне” подкастында Генетикалык банк тууралуу сүйлөшөбүз. Генбанк - Кыргызстандагы 2600дөн ашуун айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн, мөмө-жемиштердин генофондун сактайт. Генбанк 2010-жылы Швеция өкмөтүнүн жана Скандинавиялык генетикалык ресурстар борборунун Nordgen долбоорунун колдоосу менен ачылган. Азыр кыргыз өкмөтү каржылайт.
“Tazar” Кыргызстанды тазарткысы келет 03.10.2023 34:21
Кыргызстандагы таштанды талаалары 516 гектар жерди ээлейт. Бул Бишкектеги Спартак стадионунан 176 эсе чоң. Калдыктардын 70% кайра иштетсек болот. Бул көйгөйдү чечүү менен алектенип жаткан “Tazar” уюмунун негиздөөчүсү, эко-активист Аймээрим Турсалиеваны кепке тарттык.
Similar podcasts
Replaio is not a podcast publisher; show names, artwork and audio belong to their authors and are distributed through public RSS feeds.