BBC Kyrgyz Radio

Би-Би-Си дүрбүсүндө

News EN ↓ 171 episodes

Шабдандын ашындагы ат чабышта байге алган чаар ат баяны

Author

BBC Kyrgyz Radio

Category

News

Podcast website

www.bbc.co.uk

Latest episode

Nov 6, 2024

Where to listen?

Podcasts in the app Replaio Radio Coming soon

Podcasts are coming to the app soon. Install now and be the first to see a whole new take on podcasts

Get it on Google Play Install for free Android almost 10M downloads · 4.8 rating iOS soon

Episodes

АКШ-Кытай: Согуш идеясы мынчалык жакын болгон эмес 09.08.2022

“Би-Би-Си дүрбүсүндө” 5-август 2022-жыл. 00:00 Афганистан: Аль-Каиданын лидери аль-Завахири АКШнын атайын операциясында ракеталык сокку менен өлтүрүлдү. 04:05 АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайванга сапары Кытай-АКШ мамилесин кайрадан курчутту. Чыгыш таануучу Сейтек Качкынбай менен маек. 07:49 Кытай менен АКШнын мамилесинде согуш идеясы мынчалык жакын болгон эмес. Би-Би-Синин П...

"Аль-Каиданын" башына Сейф аль-Адель келиши мүмкүн. Ал ким? 09.08.2022

"Аль-Каиданын" лидери Айман аль-Завахири Кабулда жашынып жаткан үйүндө америкалык дрондун соккусунан каза тапкандан кийин эми тыюу салынган тероордук уюмдун башына ким келет деп бүт дүйнө кулак туруп турган убак. Теги египеттик Сейф аль-Адель эң биринчи талапкер катары аталууда. Ал убагында Завахири өзүнүн орун басары кылып дайындаган "Аль-Каиданын" беш таасирлүү адамдын ичинен жалгыз тирүү турган...

Боомдогу сел: Тилсиз жоону тосконго күчүбүз жетеби? 09.08.2022

Боом капчыгайынын ичинде кайра-кайра сел жүрүп, жолду каптап, туристтик сезондун кайнаган убагында көлгө каттап жаткандар үчүн чоң машакат жаратууда.

Пелосинин сапары: Кытайга кыр көрсөткөн Тайван 04.08.2022

АКШнын Өкүлдөр палатасынын лидери Нэнси Пелосинин Тайванга расмий сапар менен барганы Кытай менен Тайванды, Кытай менен АКШны согуштун кырына жакындаткандай курч кырдаал түзүп жиберди.

Жетим-Тоо: өкмөттүн дымагы, активисттердин каршылыгы 20.07.2022

Кыргыз өкмөтү Нарындагы эң ири Жетим-Тоо темир кенин иштетүүгө шымаланып жаткан чагы. Бирок бул демилгеге жергиликтүү айрым активисттер катуу каршылыгын көргөзүп жатышат.

Мектеп директорун конкурстук тандоого эмне зарылчылык болду? 13.07.2022

Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук негизде тандоо жөнүндө президенттин жарлыгы жарыяланды. Ага ылайык беш жылдан ашык иштеген мектеп директорлору автоматтык түрдө кызматынан бошоп, алардын ордуна жетекчилерди тандоо жана дайындоо конкурстук негизде болот. Бул чечимди мектеп директорлору кандай кабыл алып, кандай ойдо болуп жатканын сурап, Нары...

Кыргызстандын калкы жети миллионго жеткени калды 12.07.2022

Кыргызстанда калктын саны кылым башынан бери жакшы темп менен өсүүдө. Жыл сайын 150 миңдин айланасында балдар төрөлүүдө. Өлгөндөрдү эсептен чыгарганда жылына болжол менен 120-130 миң адамга көбөйүүдө. Мындай темп менен бир жарым-эки жылда жети миллионго чаап барат.

Донецк областында көп кабаттуу үйгө тийген ракета он беш адамды өлтүрдү 11.07.2022

Ишембиде орус аскерлери Донецк областындагы Часов Яр шаарын аткылап, андагы турак үйгө ракета тийип, он беш адам каза тапты. Урандылар алдында дагы 24 адам калган болушу мүмкүн.

Жүзгө жакындап барса да жүдөбөй тың жашаган Батыйма апа 11.07.2022

Кыргызстанда да жүзгө чыккан же ушуга жакын жашты чапчыган күүлүү-күчтүү карылар бар. Алардын бири Чүй районундагы Кара-Дөбө айылында жашаган, 97 жашка келген Батыйма апа. Апанын кулагы катуулап калган менен баскан турганы тың, керек болсо үй чарбасына жардам берет.

Каракалпакстандын бөлүнүп чыгышы эмнеге кыйын? 07.07.2022

Нукуста 1-июлда башталган массалык нааразылык акциялары тополоңго айланып, бүт республика боюнча коменданттык саат киргизилди. Нааразылыкты күч менен басуу убагында 18 адам каза таап, 243 адам жаракат алганы расмий жарыяланды. Каршылык акциялары Өзбекстандын жаңы Конституциясынын долбоорунда Каракалпакстандын суверенитетин жана референдум аркылуу Өзбекстандын курамынан чыгуу укугу алынып салынганд...

Муфтий Замир Ракыев: Каада-салтыбыз шариатка шайкеш 30.06.2022

Би-Би-Си Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир Карыкени маекке тартып, ажылык сапар кандай уюшулганын, пандемия убагында болбой калган ажылык сапарга чогулуп ысырап болгон акчанын дайнын сурадык.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу: макулдашчу маселе али көп 30.06.2022

Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушу Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин жыйынында каралды. Аталган долбоордун Кыргызстандын ичиндеги маршруту Торугарт-Макмал-Жалал-Абад деп жарыяланды. Бирок бул маршрут, темир жолдун жазылыгы калган өлкөлөр менен биротоло макулдашылып бүтө элек. Ал эми анын каржылоосу кандай болору жөнүндө маселенин али чети оюла элек сыяктуу.

Дүйшөн Керимов: Кыргыздын төрөлгөнү да, өлгөнү да кымбат 17.06.2022

Азыркы кыргыз коомундагы улуттук нарк-дөөлөттү кетирип жаткан себептер жөнүндө жазуучу Дүйшөн Керимов менен маек.

Сергей Лавров Би-Би-Сиге: “Биз Украинага басып кирген жокпуз” 17.06.2022

Петербургдагы экономикалык форум убагында Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Би-Би-Синин Москвадагы кабарчысы Стив Розенбергге маек курду. Ал бир топ суроо арасында өлүм жазасына өкүм кылынган туткундагы британдыктар маселесине токтолуп, БУУ Украинадагы орус аскерлеринин болжолдуу кылмыштары жөнүндө "фейк" маалыматтарга таянып жатат деп айтты.

Жабык жайлардагы ээнбаштыктарды комиссия иликтеп баштады 17.06.2022

Кыргызстанда саясат иликтөөчүнүн өлүмүнө алып келген себептерди мекеме аралык комиссия териштире баштады. Би-Би-Си акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кепке тартып, саясат иликтөөчүнүн өлүмүнө алып келген ээнбаштыктар жөнүндө кандай фактылар, арыз-дооматтар акыйкатчыга белгилүү экенин сурадык.

Жабык жайлардагы ээнбаштыктар эмнеге токтобой жатат? 16.06.2022

Би-Би-Си акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кепке тартып, саясат иликтөөчүнүн өлүмүнө алып келген ээнбаштыктар жөнүндө кандай фактылар, арыз-дооматтар акыйкатчыга белгилүү экенин сурадык.

Кыргызстандын түштүгүндөгү этникалык коогалаңдын бүтө элек доосу көп 10.06.2022

11-июнда Кыргызстандагы эң чоң этникалык кагылышууга 12 жыл болот. Бул окуяларды эл аралык жана өкмөттүк, улуттук комиссия иликтеп чыкканына карабастан, анын бүтпөгөн доосу дагы эле көп көп. Би-Би-Си июнь окуяларын иликтеген улуттук комиссиянын мүчөсү, тарых илимдеринин доктору Аблабек Асанкановду кепке тартып, этникалык кагылыштын келип чыккан себептери комиссиялар тарабынан канчалык объективдүү...

Украинадагы согуш кандай бүтөт? Потенциалдуу беш сценарий 08.06.2022

Украинада кандуу кармаш башталгандан бери 100 күн өттү. Эми анын кандай бүтөрүн айтууга болобу? Бул жакта беш потенциалдуу сценарий бар

Каада-салтка жамынган ысырапкорчулук жана коррупция 06.06.2022

Кыргызстанда президент Садыр Жапаровдун жарлыгынан кийин той-аш, мааракелердеги ысырапкорчулукту токтотуу жөнүндө жер-жерлерде ар кандай аракеттер башталды.

Британия: сезондук жумушка орношкон алгачкы кыргызстандыктар 01.06.2022

"Би-Би-Си дүрбүсүндө" Британиядагы сезондук жумушка орношкон алгачкы кыргызстандыктардын бири Мырзагүл Таирова болду.

Шабдандын ашындагы ат чабышта байге алган чаар ат баяны 20.05.2022

Шабдандын ашындагы ат чабышта байге алган чаар ат баяны

Listen to the Би-Би-Си дүрбүсүндө podcast in Replaio

Radio and podcasts in one app - free, with no sign-up. Install today and do not miss the launch

Get it on Google Play

Replaio is not a podcast publisher; show names, artwork and audio belong to their authors and are distributed through public RSS feeds.