BBC Kyrgyz Radio

Би-Би-Си дүрбүсүндө

News EN ↓ 171 episodes

Шабдандын ашындагы ат чабышта байге алган чаар ат баяны

Author

BBC Kyrgyz Radio

Category

News

Podcast website

www.bbc.co.uk

Latest episode

Nov 6, 2024

Where to listen?

Podcasts in the app Replaio Radio Coming soon

Podcasts are coming to the app soon. Install now and be the first to see a whole new take on podcasts

Get it on Google Play Install for free Android almost 10M downloads · 4.8 rating iOS soon

Episodes

Турак жайды камсыздандыруу: ким жана кантип утат? 24.11.2022

Кыргызстандын Экономика министрлиги кыймылсыз мүлктү сатып алуу жана сатууда камсыздандырууну милдеттүү кылууну мыйзамга киргизүүнү сунуш кылууда. Турак-жайды камсыздандырууга лицензия бир гана "Мамлекеттик камсыздоо уюму" мамлекеттик компаниясына берилген. Аталган компаниянын басма сөз катчысы Нурсултан Чекиров Би-Би-Синин суроолоруна жооп берди.

“Дүйнө чабыт”: Саясий кызматтын башкалардын айырмасы кандай? 24.11.2022

“Дүйнө чабыт”: Саясий кызматтын башкалардын айырмасы кандай?

Элдик курултайга кимдер келатат, алар эмне маселе көтөрөт? 18.11.2022

Элдик курултайга кимдер келатат, алар эмне маселе көтөрөт?

Чек арага чектеш сууларды пайдалануунун эл аралык тажрыйбасы 17.11.2022

Чек арага чектеш сууларды пайдалануунун эл аралык тажрыйбасы. "Дүйнө чабыттагы" талкууда коомдук ишмер Алмаз Кулматов жана журналист Азимжан Ибраимов.

"Чоң жыйырмалыктын" саммити деген кимдер жана лидерлер эмнени сүйлөшөт? 15.11.2022

"Чоң жыйырмалыктын" саммити деген кимдер жана лидерлер эмнени сүйлөшөт?

Мал-жандыкка салык салуунун кезеги келдиби? 08.11.2022

Мал-жандыкка салык салуунун кезеги келдиби? Нарын областынын мурдагы губернатору Кемел Ашыралиев менен маек.

Лондондо өкмөт отставкасы, Бишкекте чек ара санаасы 21.10.2022

«Би-Би-Си дүрбүсүндө»: Лондондо өкмөт отставкасы, Бишкекте чек ара санаасы

Мажүрөө мамлекетке төрт кабаттуу бюрократиялык-коррупциялык түзүлүштүн кереги барбы? 21.10.2022

Би-Би-Си жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана региондорду өнүктүрүү боюнча экс-министри, юридикалык илимдердин кандидаты, республиканын эмгек сиңирген ардагери Өмүралиев Төлөбектен Кыргызстанда эгемендик жылдарында административдик-аймактык түзүлүшкө реформа жүргүзүүгө кандай аракеттер болгонун жана анын эмне себептен создугуп келатканын сурады.

Киевге дрон-камикадзелер чабуул койду 17.10.2022

Украин бийликтери иран өндүрүшүндөгү россиялык дрон-камикадзелердин чабуулу болгонун билдирүүдө.

Украинага ракеталык чабуул, Астанадагы саммит 14.10.2022

Россия апта башында Украинанын инфраструктурасына асмандан массивдүү ракеталык соккуларды урду.

Коомдук транспорт кайсы өлкөдө кандай иштейт? 13.10.2022

“Дүйнө чабыт” берүүбүздө коомдук транспорт башка өлкөлөрдө кандай принциптер менен уюшулганына, айрым өзгөчөлүктөрүнө токтолобуз. Талкууда коомдук ишмер Алмаз Кулматов менен журналист Азимжан Ибраимов.

"Россиянын армиясы жүрбөй калды, Путин жаңылганын россиялыктар көрүп турат". Британдык атайын кызматтын доклады 13.10.2022

Британдык атайын кызматтардын пикиринде, россиялык командачылык алардын аскердик машинасы өчөйүп калганын түшүндү, ал эми россиялыктар Путиндин Украинага басып кирүү чечими каталык болгонун көрүп турат.

Чабылган эл, чабал коммуникация, чыңалган саясат 11.10.2022

Өлкөдөгү азыркы коомдук-саясий акыбалга кандай баа берет элеңиз деп Би-Би-Си эл аралык мамилелер боюнча адис, саясат талдоочу Бурул Усманалыга кайрылды.

БУУ: Россиянын ракеталык чабуулдары аскер кылмыштарына барабар бааланышы мүмкүн 11.10.2022

БУУнун адам укуктары боюнча башкармалыгы Россиянын Уукраинага ракеталык чабуулдары аскердик кылмыштарга теңделиши мүмкүн деп билдирди. Женевадагы кеңсенин басма сөз катчысы балдар мектепке бараткан учурда ошол жерге сокку урулганын үрөй учурарлык деп атады. Иможен Волкс Женевадан баяндайт.

“Кемпир-Абаддын” бүтпөгөн чыры: президент Өзгөндүн элине өзү барды 04.10.2022

Президент Садыр Жапаров “Кемпир-Абад” суу сактагычы боюнча Өзгөн шаарында жергиликтүү эл менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу жабык өтүп, ага кирген активисттердин телефондору өчүртүлүп жатканы айтылды.

Украин аскери түштүк фронтто дагы жиреп баштады 04.10.2022

Украинанын армиясы түштүк тараптагы Херсон багытында дагы ыкчам контр чабуулга өтүп жатканы жөнүндө кабарлар келүүдө.

Путиндин аннекcиясы, Рахмондун агрессиясы 02.10.2022

Путин Украинанын төрт регионун Россияга аннекcиялап алды/ Кыргыз-тажик чек арасындагы согуштан кийин сегиз чек ара посттору алына турган болду.

Баткендеги кол салуу: “үйлөрүбүз өрттөлүп, мүлктөрүбүз тонолду” 28.09.2022

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы кол салуунун материалдык чыгымы болжол менен 1,5 миллиард сомду түздү. Бирок бул сумма дагы эселеп көбөйүшү мүмкүн.

Оккупациялык бийликтин референдуму 28.09.2022

Украинанын Россия басып алган төрт регионунда бир апта мурда башталган референдумдар аяктады — андагы добуштарды Москва жаңы аймактарды аннекциялап алуу үчүн колдонгон жатат

"Конфликтке алып келген негизги посттор" 26.09.2022

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк чек ара комиссиялары чек арада сегиз постту, тагыраак айтканда үчтөн пост, бирден чек ара бекетин алууну чечишти.

Россияда мобилизация, Кыргызстанда агрессия 26.09.2022

Россиянын президенти Владимир Путин армияда күч жетишпей, аскердик жарым мобилизация жарыялады. Кыргызстан Тажикстанды кыянат агрессияга айыптады

Рахмондун атагы менен чатагы 21.09.2022

Кыргызстанга эки жыл катары менен кол салуудан кийин ал эми БУУнун трибунасына чейин сындалып, дагы бир жаман атка конууда.

Украинанын контр чабуулу Путинди канчалык кыжаалат кылды? 20.09.2022

Жарым жылдан бери Украинадагы согушта орус армиясы позицияларын колдон чыгарууда. Эми кабыргасынан коюлган чоң суроо: Владимир Путинге мунун саясий кесепети тиеби?

"Алдын ала пландалган куралдуу агрессия" 19.09.2022

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасап, Тажикстандын чек арадагы аракеттерин "Кыргызстанга алдын ала даярдалган куралдуу агрессия" деп атады.

Баткен: "тажик тараптын көздөгөнү Ворухка жол ачуу" 16.09.2022

Лейлек районун мурунку акими Баймурат Бекмуратов Би-Би-Сиге кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал боюнча комментарий берип, Тажикстан тараптын бейпил тургундарга ок атуусун Кыргызстанга карата агрессия деп мүнөздөдү.

Listen to the Би-Би-Си дүрбүсүндө podcast in Replaio

Radio and podcasts in one app - free, with no sign-up. Install today and do not miss the launch

Get it on Google Play

Replaio is not a podcast publisher; show names, artwork and audio belong to their authors and are distributed through public RSS feeds.