BBC Kyrgyz Radio

Би-Би-Си дүрбүсүндө

News EN ↓ 171 episódios

Шабдандын ашындагы ат чабышта байге алган чаар ат баяны

Não deixe de visitar o site do podcast e apoiar quem o produz: www.bbc.co.uk

Autor

BBC Kyrgyz Radio

Categoria

News

Site do podcast

www.bbc.co.uk

Último episódio

6 de nov de 2024

Onde ouvir?

Podcasts no app Replaio Radio Em breve

Os podcasts estão chegando ao app. Instale agora e seja o primeiro a descobrir um jeito totalmente novo de curtir podcasts

Baixe no Google Play Instale grátis Android 5 mi+ downloads · nota 4,8 iOS em breve

Episódios

Кыргыз-тажик чек арасындагы жалбырттаган жаңжал 16.09.2022

Кыргызстан Тажикстанды чек арадан согуштук тик учак жана жапырт ок атуучу реактивдүү системалар менен кол салды деп айыптады.

"Дүйнө чабыт": Дрон өндүрүшүндөгү лидер өлкөлөр 14.09.2022

"Дүйнө чабыт" берүүбүздө дрон өндүрүшүндөгү алдыңкы өлкөлөрдүн мисалына, дрон технологиянын түрлөрүнө токтолобуз. Талкууда коомдук ишмер Алмаз Кулматов жана журналист Азимжан Ибраимов.

Элдик курултай: күрөштүн күзгү сезону 13.09.2022

Кыргыздардын атак-даңк, мансапты аябай жакшы көрөрүн эске алганда, элдик курултайга делегат шайлоо өзүнчө эле кезектеги шайлоо өнөктүгүнө айланып, талапкерлер колдо бар ресурсун аябай чачып, күз айлары күпүлдөгөн саясий күрөш менен өтө тургандай болуп турат.

"Россияны жеңсе болот". Украиндердин Харьковдогу контр чабуулу 12.09.2022

Украинанын аскер күчтөрү алты күнгө созулган контр чабуулда Россия басып алган чоң аймакты, анын ичинде отуздан ашык шаар-кыштактарды бошотту.

Бактыгүл Каламбекова: Королева кут даарыган инсан эле 10.09.2022

Кыргызстандын Улуу Британиядагы мурдагы элчиси, дипломат Бактыгүл Каламбекованын Улуу Британиянын дүйнөдөн кайткан королевасы Елизавета экинчи жөнүндө эскерүүсү.

Королева кабыл алган биринчи кыргыздын эскерүүсү 09.09.2022

Кыргызстанда маркум королева Елизавета II менен чыныгы жашоодо жолугушкан саналуу гана адамдар бар. Алардын бири Кыргыз эл жазуучусу, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев. Ал элчилик аудиенциядан тышкары королева кабыл алган биринчи кыргыз.

Королева Елизавета II дүйнөдөн кайтты 08.09.2022

Улуу Британияны башкарган монархтардан эң узак мезгил тактыда олтурган Королева Елизавета II, 96 жаш курагында Балморалда көз жумду. Үй-бүлөсү бейшемби күнү эртең менен анын саламаттыгына тынчсызданып, Шотландиядагы сарайына чогулушкан эле. Королева 1952-жылы тактыга олтуруп, коомдук чоң өзгөрүүлөрдүн күбөсү болду.

Генерал Артур Медетбеков: HIMARS украин армиясына чоң артыкчылык берген жок 08.09.2022

Украинанын президенти Владимир Зеленский HIMARS ракетасы Россияга каршы согуштун жүрүшүн өзгөртүп жатканын билдирди. Америкалык өндүрүштөн чыккан ракета ондогон орус буталарын, анын ичинде командалык пункттарды, ок-дары сакталган кампаларды талкалады. Би-Би-Си украин президентинин оптимисттик билдирүүсүнө канчалык негиз бар экенин сурап, генерал Артур Медетбековго кайрылды.

"Дүйнө чабыт": Энергетикалык күрөш жана кризис 07.09.2022

Дүйнө өлкөлөрү энергетикалык рынокто атаандаштык шартында энергия каатчылыгына каршы үнөмдүү технологияларды киргизишүүдө

"Сөгүп туруп, эки миң сом төлөп кое береби?" Мугалимди агрессиядан коргоо мыйзамы 07.09.2022

Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү ж/а коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети мугалимди мазактагандарга акчалай айып пул салуу жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды.

Ийилчээк темир айым. Лиз Трасс - Британиянын жаңы премьер-министри 06.09.2022

Улуу Британияда Консервативдик партиянын лидери болуп, демек өкмөт башчысы болуп Элизабет Трасс шайланды. Британдык жаңы "темир айым" болгусу келип жаткан Тори партиясынын 47 жаштагы саясатчысы салыктарды азайтып, Путиндин тизгинин тартарын убада кылууда.

Кытайдагы кыйноолор, Европадагы кризис, Горбачевдун ролу 05.09.2022

00:00 БУУ Кытайдын Шинжаңдагы адам укуктарын олуттуу бузушу адамзатка каршы кылмыш катары каралышы мүмкүн деп билдирди 03:41 СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачев Москвадагы Борбордук клиникалык ооруканада 92 жашында дүйнөдөн кайтты. Аскар Акаев менен маек 10:25 Кыргызстан 31-августта эгемендик күнүн белгиледи. Азыркы саясий контекстте Кыргызстан үчүн эгемендиктин мааниси эмнеде?...

Шалкар Нурсейит: Токаев кайра шайланып алып, авторитардык башкарууну уланткан жатат 05.09.2022

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев ушул күздө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүлөрүн жарыя кылды. Би-Би-Си казакстандык аналитик Шалкар Нурсейитке кайрылып, бул чечимдин кандай себептери бар экенин сурады.

"Дүйнө чабыт": Дүйнөдө көз каранды эмес 197 мамлекет бар 02.09.2022

"Дүйнө чабыт" берүүбүздө дүйнөдөгү көз каранды эмес мамлекеттер жөнүндө талкуу болду. Талкууда коомдук ишмер Алмаз Кулматов жана Азимжан Ибраимов.

Евробиримдикти газы жок азаптуу кыш күтүп турат 30.08.2022

Бельгиянын энергетика министри эгер газдын баасы түшпөсө, Евробиримдик беш-он жыл кыш азабын тартат деп эскертти.

"Айдоочуну балам экөөбүз чыгардык". Курсанттардын жол кырсыгына күбөлөрдүн айтканы 30.08.2022

Ишемби күнү Ата-Бейиттеги ант берүү аземинен кайтып келе жатып жол кырсыгына кабылган курсанттар бүгүн ооруканадагы палатага которулду. Кырсыктаган унаанын айдоочусуна операция жасалды. Кырсык боюнча кылмыш иши козголду. Би-Би-Си окуянын кандай болгонун сурап, күбөлөрдүн сөзүн угуп келди.

Крымда – жардыруулар, Кыргызстанда болсо курултай талкуусу 19.08.2022

Крым жарым аралындагы соңку жардырууларды орус бийлиги диверсия деп атады. Президент Садыр Жапаров 25-ноябрга элдик курултай чакырды

Тоолуу Нарынга туристтер Франциядан эң көп келүүдө 18.08.2022

Кыргызстандын тоолуу Нарын областына туристтер алыскы чет өлкөлөрдүн ичинен Франциядан эң көп келүүдө.

Космостогу күрөш жана жарыш 18.08.2022

"Дүйнө чабыт" берүүбүздө азыркы убактагы космостук держава өлкөлөр жана алардын ортосундагы атаандаштык жөнүндө сөз болот. Талкууда коомдук ишмер Алмаз Кулматов жана журналист Азимжан Ибраимов.

Ислам оюндарында байге талашкан кыргыз спортчулары 17.08.2022

Ислам тилектештик оюндарында Кыргызстандын курама командасы 9 алтын, 8 күмүш жана 15 коло медаль утуп, 8-орунга көтөрүлдү.

Россия Жанкойдогу жардырууну диверсия деп атады. 17.08.2022

Россиянын Коргоо министрлиги Крым жарым аралындагы Жанкойдо аскердик кампада болгон жардырууну диверсия деп атады. Ал эми Жанкойдогу жардыруулардын артында украиндердин элиталык аскер топтору турат деп The New York Times жазды.

Күзгө Элдик курултай чакырылды 16.08.2022

Президент Садыр Жапаров 25-ноябрга элдик курултай чакырды. Мамлекеттик катчы башында турган элдик курултайды уюштуруу комитети түзүлдү.

Талибан өзгөрткөн Афганистан, АКШга өчөшкөн Аль-Каида 12.08.2022

"Би-Би-Си дүрбүсүндө", 12-август 2022-жыл. Афганистанда Талибан бийликке келгенине бир жыл толууда. "Аль-Каиданын” кийинки лидери боло турган потенциалдуу талапкер ким? Бишкекте атактуу лицейдин директорунун коррупцияга айыпталып кармалышы дүңгүрөгөн окуя болуп калды. Боом капчыгайынын ичинде күтүлбөгөн жерлерден кайра-кайра сел жүргөнүн адистер климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепети катары карашууда. Д...

Бишкектеги мектептерди чырмаган коррупция: чыры жана чындыгы 10.08.2022

Бишкекте №61 лицейдин директору Юрий Низовскийдин кармалышы дүңгүрөгөн окуя болуп калды. УКМК аны мектепте коррупциялык схема түзгөн деп айыптап, жакындарына катталган 150 млн сом байлыгын таап көрсөттү. Бул окуя баш калаадагы статустуу мектептерди чырмаган коррупцияга көп жылдан бери биринчи жолу ыргытылган укуктук укурук болуп калды.

АКШ-Кытай: согуш идеясы мынчалык жакын болгон эмес 09.08.2022

АКШ-Кытай: согуш идеясы мынчалык жакын болгон эмес

Ouça o podcast Би-Би-Си дүрбүсүндө no Replaio

Rádio e podcasts em um só app - grátis e sem cadastro. Instale hoje e não perca o lançamento

Baixe no Google Play

O Replaio não é o publicador dos podcasts; os nomes dos programas, as capas e o áudio pertencem aos seus autores e são distribuídos por feeds RSS públicos